ТоктомКүчүндө

Баткен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 01-08/4 «Баткен шаардык кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция19.03.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2018-жылдын 19-марты № 01-08/4

Баткен шаардык кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу» жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы № 101 Мыйзамынын 31-беренесине жана Баткен шаардык Кеңештин 6-чакырылышы үчүн бекитилген Регламентине ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаардык Кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планы бекитилсин. (№1 тиркеме)

2. Баткен шаардык Кеңешинин бекитилген иш планынын аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Ж.Алдашовага тапшырылсын.

 

Төрага

А. Ташбеков

 

Баткен шаардык Кеңешинин VI

чакырылышынын кезектеги VIII

сессиясынын №01-08/4 токтомуна

№1тиркеме

Баткен шаардык Кенешинин 2018-жыл үчүн түзүлгөн

ИШ ПЛАНЫ

 

 

№

Сессиянын күн тартибине сунушталуучу маселелердин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруучу туруктуу комиссия

1

 Баткен шаардык Кеңешинин 2018-жылга түзүлгөн иш планынын бекитүү

 

2018-жыл

I-квартал

Баткен шаардык Кеңеши

2

Баткен шаарынын зооналдык жер салыгынын коэфицентин бекитүү

 

2018-жыл

I квартал

Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

3

Баткен шаарынын таза суу менен камсыздоо сметасын ЕБРдин долбоорун ишке ашыруу иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө.

 

2018-жыл

I квартал

 

Курулуш куру, архитектура, коммуникация жана транспорт б-ча туруктуу комиссия

4

Баткен шаарынын 2017-жылга түзүлгөн иш чарасынын аткарылышы жана 2018-жылга түзүлгөн иш чарасынын бекитүү жөнүндө

2018-жыл

I квартал

Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

5

Баткен шаарынын ичинде жол эрежелеринин сакталышы жана шаардык жол кайгуул кызматынын жүргүзгөн иштери жөнүндө.

 

2018-жыл

I квартал

 Укук коргоо

туруктуу комиссия

6

Баткен шаарындагы жайыт комитетинин 2017-жылга жасаган иштеринин отчету жана 2018-жылга жайыт акылары жөнүндө

2018-жыл

I квартал

Муниципалдык менчик, айыл чарба,агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

7

Баткен шаардык Кеңеши тарабынан кабыл алынган « Баткен шаарынын Ардактуу атуулу» наамынын жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

2018-жыл

II квартал

социалдык жактан өнүктүрүү, жаштар спорт туризм маселелери б-ча

туруктуу комиссия

8

Баткен шаарындагы жетим, жарым жетим балдарга көрүлүп жаткан камкордуктар жана жардамдар жөнүндө

2018-жыл

II квартал

 Социалдык жактан өнуктүрүү, жаштар мас. боюнча туруктуу комиссия

9

 Баткен шаарындагы ишкерлердин укуктарынын корголушу жана жасап жаткан иштери жөнүндө.

 

2018-ж

II квартал

Укук коргоо мас. б-ча комиссия

10

 Баткен шаарынын жергиликтүү бюджеттинин 2-кварталга аткарылышын жөнүндө

 

2018-жыл

III квартал

Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

11

 Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин социалдык объектилерге калтырылган жерлерине инвентаризация жүргүзүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө.

 

2018-жыл.

 III квартал

 

Айыл чарба б-ча туруктуу комиссия

12

 Баткен шаарынын таза суу менен камсыздоо сметасын долбооруну боюнча жүрүп жаткан иштер жөнүндө.

2018-жыл

 III квартал

4-турктуу комиссиянын жетекчилери (социалдык өнүгүүдө тышкары)

 

13

Баткен шаарындагы мектептердин жаңы окуу жылына карата ремонт иштеринин жүрүшү боюнча

2018-жыл

 III квартал

Социалдык жактан өнүктүрүү, жаштар спорт туризм б-ча

Туруктуу комиссия

14

Баткен шаарынынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин абалы, жер кыртышынын абалы жана ижарага берилүүсү жөнүндө.

2018-жыл.

 III квартал

Айыл чарба

туруктуу комиссия.

15

Баткен шаарынын жергиликтуу бюджетинин 9 айлыгынын жыйынтыгы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, 2019-жылдын бюджетинин долбоорун кароо.

2018-жыл.

 IV квартал

Бюджет мас б-ча. туруктуу комиссия

16

 Баткен шаарынын көчөлөрүнө курулган асфальт жолдордун жана тротуарлардын сапаты жөнүндө.

2018-жыл

 IV квартал

Курулуш куру, архитектура, коммуникация жана транспорт б-ча туруктуу комиссия

17

Баткен шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө

2018-жыл

 IV квартал

Туруктуу комиссиялар

 

18

Баткен шаарынын мектептеринин окуучуларынын билим деңгээли жана окуучуларга берилип жаткан билим сапаты жөнүндө

2018-жыл

IV квартал

Социалдык жактан өнүктүрүү, жаштар спорт туризм б-ча туруктуу комиссия

19

Баткен шаардык Кеңешинин 2019-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

2018-жыл

IV квартал

 

 

Уюштуруу иштери

1

Шайлоочулар алдында ар бир фракция өзүнүн кабыл алган программасына ылайык жасаган иштерине отчет берүү, алардын суроо талаптарын угуу жана чечүүнүн жолдорун издөө

Жыл ичинде

Депутаттар

аппарат

2.

Шайлоочулар менен жолугушууларды уюштуруу жана шайлоочулар алдында жылдык отчет берүү.

Жыл аягында

Депутаттар

Аппарат.

3

Кезектеги сесиянын күн тартибине маселелерди даярдоо үчүн туруктуу комиссиялардын заседаниелерин өткөрүү

Учурунда

Аппарат тийштүү туруктуу комиссиялар

4

Коомдук иштерге катышуу,

Учурунда

Депутаттар,

Аппарат

5

Депутаттардын билим деңгеелин көтөрүү максатында семинар-тренингдерге катышуу

Жыл ичинде

Депутаттар,

аппарат

6

Баткен шаардык Кеңешинин сессияларына 4 же андан ашык катышпай депутаттар менен иш алып баруу

 Жыл ичинде

Туруктуу комиссия

 

Баткен шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы

Ж. Алдашова