Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-марты № 01-08/12
Баткен шаардык Кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы № 13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюмунун “кыргыз Республикасында жер реформасы” долбоорунун колдоосу менен бекитилген “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” (“Правила застройки и землепользования города Баткен”) китебинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кенешинин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 2-мартындагы отурумунун протоколунун, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылдын 27-февралдагы №02-6/112; №02-6/116; №02-6/117 каттарынын негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугунун” 2-бөлүмүнүн 25-беренесинин 1-пунукутуна, 26-берененин 2-пунукутуна өзгөртүүлөр киргизилсин: (тиркеме тиркелет)
2. Тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүлгөн жер аянтынын карталары “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебине тиркеме катары киргизүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармасына /К.Эргешов/ жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай , коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
Баткен шаардык Кенешинин VI
чакырылышынын кезектеги VIII
сессиясынын № 01-08/12 токтомуна
№1 тиркеме
Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебинин
2-бөлүмүнүн 25-статьясынын 1-пункутунун, 26-статьясынын 2-пункутунун
өзгөртүүсү; Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик
департаментинин балансасындагы, мамлекеттик жана жеке менчик
төмөнкү жер аянттары;
муниципалдык менчик департаментинин балансасындагы :Кызыл-Дөң АТОсунун аймагындагы “Баткен-Жаңы-Жер” багытындагы жолдун чыгыш жагындагы жарнамалык щит куруу үчүн 3 м2 жер аянты Сх-2 багытынан Ц-1 зоонасына;
жеке менчик жер аянттары:Кызыл-Жол АТОсундагы “БАМ” участкасынан Пинназаров Асандын П-2 багытындагы 1000 м2 жер аянты Ж-1 зоонасына;
-Шаардын Базар-Башы АТОсундагы мурдагы “СТОЖдун” жеке менчик К-1 багытындагы 285,6 м2 жер аянты Ц-1 зоонасына.
Мамлекеттик жер аянты:
-Шаардын С.Сыдыков көчөсүндөгү Баткен областтык прокуратурасынын Ц-2 багытындагы жалпы 0,87 га өлчөмүндөгү жер аянтынын 0,32 га жер аянты Ж-2 зоонасына.
Жооптуу катчы | Ж. Алдашова |