Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23 -майы № 14/2
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары 20.06.2015-жылдагы 21/1 токтомун карап, талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХIV - сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 20.06.2015-жылдагы 21/1токтому дем берүүчү грант алуу жөнүндө заявка Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан 2015-жылы четке кагылгандыгына байланыштуу күчүн жоготту деп табылсын.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы Октябрь көчөсүндөгү эски котельныйдын жер аянтын заманбап супер-маркет жана кичи нан бышыруучу цех куруу үчүн конкурс аркылуу тике сатууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
4. Токтомдун көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат, арыз маселелер боюнча жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл-чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |