Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 2- сессиясы
2017-жылдын 21-январы № 2
Күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айылдык кеңештин ишин жөнгө салган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттардын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик акттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук акттарынын негизинде айылдык кеңештин Регламентин бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин төрагасы Кожокматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 2- сессиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кеңештин ишин жөнгө салган жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттардын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө» , «Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик акттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын,Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук акттарынын негизинде Жети-Өгүз айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Кожокматов. А |
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ИШ РЕГЛАМЕНТИ
1.БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР.
1. Глава. Жети-Өгүз айылдык кеңеш.
2. Глава. Жети-Өгүз айылдык кеңештин компетенциясы.
2.Бөлүм. Жети-Өгүз айылдык Кеңештин түзүмү.
3. Глава. Жети-Өгүз айылдык кеңештин төрагасы.
4. Глава. Жети-Өгүз айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары.
5. Глава.Жети-Өгүз айылдык Кеңештин жооптуу катчысы.
6. Глава.Жети-Өгүз айылдык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
3.Бөлүм. Жети-Өгүз айылдык Кеңештин ишинин жалпы тартиби.
7. Глава. Жети-Өгүз айылдык Кеңештин сессияларын өткөрүүнүн тартиби.
8. Глава. Жети-Өгүз айылдык Кеңештин токтом,долбоорлорун кароо тартиби.
9. Глава.Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктарын токтотуу.
4.Бөлүм. Жети-Өгүз айылдык Кеңешинин типтүү жобосу.
10. Глава.Жети-Өгүз айылдык Кеңешинин иш регламентин бекитүү,өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР :
1-глава. Жети-Өгүз айылдык кеңеш.
1.1.Жети-Өгүз айылдык Кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»,«Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө»Мыйзамдарында белгиленген тартипте 4-жылдык мөөнөткө калыптануусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймактарындагы өкүлчүлүктүү органы. Айылдык Кеңеш жалпы бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайланган депутаттардан турат.Айылдык Кеңеш депутаттарын шайлоо өткөрүү тартиби «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
1.2. Айылдык Кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,жергиликтүү жамааттардын уставы жана ушул жобо менен киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген айылдык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Айылдык кеңеш өзүнүн функцияларын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мөөнөттөрдө өткөргөн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана айылдык кеңештин кийинки чакырылышынын биринчи сессиясынын күнүнөн тартып өз ишин токтотот.
2-глава.Жети-Өгүз айылдык кеңештин компетенциясы.
2.1. Айылдык кеңеш сессиясында төмөнкү маселелер чечилет.
-жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
-жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү,ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу;
- аймактык социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
-жергиликтүү салыктарды,жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү ,ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
-жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо,анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо,муниципалдык менчиктин папйдаланышына контролду ишке ашыруу;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
-мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
-жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
-тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
-кеңештин төрагасын,анын орун басарын шайлоо,аларды кызмат орундарынан бошотуу,кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
-кеңештин жобосун кабыл алуу;
-өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
-өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү чечимдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
-муздак сууну,канализацияны,жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык,ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык,ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
-алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун,ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо:
-ирригациялык тармактарды,үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
-жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
2.2.Айылдык кеңештин ессияларында кошумча ирээтинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет: -айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
-«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
-тиешелүү район үчүн базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасында жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
-айыл чарбасында жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
2.3. Айылдык кеңеш башка маселелерди чечүү укугуна ээ жана зарыл болгон материалдык, финансалык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн.
2. Бөлүм. Жети-Өгүз айылдык кеңештин түзүмү.
3-глава.Жети-Өгүз айылдык кеңештин төрагасы.
3.1. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө 4-жылга шайланат.
3.2. Айылдык кеңештин төрагалыгына кеңештин депутаттары тарабынан ,ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жүргүзүлөт.
3.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда,депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча айылдык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн;
3.4. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде,бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
3.5. Айылдык кеңештин төрагасы :
1) айылдык кеңештин сессиясын чакырат;
2) сессияга төрагалык кылат ;
3) айылдык кеңештин чечимдерине кол коет;
4) айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
3.6. Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо,Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
4-глава.Жети-Өгүз айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары.
4.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерди кеңештин төрагасы тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланат.
4.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат. Ал жокто же ал милдетти аткара албаган учурда төраганын ордун алмаштырат.
4.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
4.4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук негизде жүргүзөт.
5-глава. Жети-Өгүз айылдык кеңештин жооптуу катчысы
5.1. Жети-Өгүз айылдык кеңештин жооптуу катчысынын функцияларын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
5.2.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы-айылдык кеңештин сессиясынын протоколун жүргүзөт;-келип түшкөн документтерди эсепке алууну уюштурат-айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары менен уюштуруу иштерин жүргүзөт;
-депутаттарга айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө билдирет жана алардын катышуусун эсепке алат;
-сессиянын токтомдорун жол-жоболоштурат жана аларды айылдык кеңештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
-айылдык кеңештин сессияларынын токтом,долбоорлорун даярдоо боюнча ишти жетектейт.
6-глава.Жети-Өгүз айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары:
6.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары айылдык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын – ала кароо жана даярдоо,ошондой эле айылдык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жана ведомстволук аймакта жайгашкан мекеме жана уюмдардын,алардын аткаруусун контролдоо үчүн жүргүзүлөт.
6.2. Комиссиялардын тизмесин сандык курамын жана шайлоо тартибин айылдык кеңеш аныктайт.Айылдык кенеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө зарыл учурда жаңы туруктуу комиссияларды түзүү,мурун түзүлгөндөрдү башкаруу жана кайра түзүү,алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү кугуна ээ.
6.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечим кабыл алат.
3. Бөлүм.Жети-Өгүз айылдык кеңештин ишинин жалпы тартиби.
7-глава.Жети-Өгүз айылдык кеңешинин сессияларын өткөрүү тартиби.
7.1. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук укуктук туруу сессия болуп саналат.Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили айылдык кеңештин жобосу менен аныкталат.Айылдык кеңештин сессиялары кварталына бир жолудан кем эмес жана айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эместигинин талаптары боюнча ачык өткөрүлөт.
7.2. Айылдык кеңештин сессиясынын отуруму депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбүрөөк катышса ал укуктуу болот.айылдык кеңеш айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көбүрөөк добушу менен чечим кабыл алат,эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса.
7.3. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумадан кем эмес мурунку чакырылыштагы айылдык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.Айылдык кеңештин биринчи сессиясын айылдык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат.
7.4.Айылдык кеңештин сесиясынын күн тартибине айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо,айылдык кеңештин уюштуруунун дагы башка эң маанилүү маселелери киргизилет.
7.5. Эгер каралуучу маселе мыйзам чыгарууга ылайык мамлекеттик сырга таандык болгон учурда айылдык кеңеш жабык сессия өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмүкүн.
7.6. Айылдык кеңеш ар бир сессияда күн тартибинин тартибин кабыл алат.Кандайдыр бир себептерден бул сессияда каралбай калган маселелер айылдык кеңештин кийинки сессиясында каралышы мүмкүн.
7.7. Айылдык кеңештин сессиясында жооптуу катчы протокол жүргүзөт.Сессиянын отурумунун протоколунда себептерин кошо көрсөтүү менен сессияда катышкан жана катышпаган айылдык депутаттардын сессияга чакырылгандардын аты-жөнү,угуулар жана алар кабыл алган чечимдер камтылышы керек. Протокол сессияда төрагалык кылган жак менен кол коюлат.
7.8. Айылдык кеңештин сессиясында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер зарыл учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
8-глава.Жети-Өгүз айылдык кеңештин токтом долбоорлорун кароо тартиби.
8.1. Сессияда каралган маселелер боюнча айылдык кеңеш токтом кабыл алат.Айылдык кеңештин токтому сессияда ачык же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
8.2. Айылдык кеңешке кароого берилген токтом долбоорлорунда аткаруучулар аткаруу мөөнөттөрү ,финансылоо булактары,ошондой эле токтомдун күчүнө кирген убактысы көрсөтүлүшү керек
-кызыкдар уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тийиштүү бөлүктөрү,ошондой эле зарыл учурда мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдары менен макулдашылган болушу керек;
- бул маселе боюнча мурунку токтом эске алынышы керек жана мурун кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылышы керек;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсү жөнүндө юридикалык негизге ээ болушу керек.
8.3. Айылдык кеңештин токтому сессияда кароодон кийин айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Чечимге кошулбаган айылдык кеңештин депутаты, жазуу же оозеки түрдө өзүнүн өзгөчө оюн берүүгө укуктуу ал айылдык кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
8.5. Сунушталган токтом долбооруна сессияда катышкан депутаттардын жарымынан көбү добуш берсе,негиз катары кабыл алынат.Эгер сунушталган токтом долбоору негиз катары кабыл алынбаса пункт боюнча каралышы мүмкүн.
8.6. Баардык оңдоолор каралгандан кийин токтом долбоору толук кабыл алынат.
8.7. Айылдык кеңештин чечимдерин жөнөтүү кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
8.8. Айылдык кеңештин чечимдери анын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынат.Тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар мекемелер,уюмдар жана кызматтык жактары сөзсүз аткарууга тийиш.
9-глава. Жети-Өгүз айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын токтотуу.
9.1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин жаны курамы түзүлүшүнө кеңеш мөөнөттөрүнөн мурда аткарылышына байланыштуу токтотулат.
9.2. Айылдык кеңеш мөөнөттөрүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
1) Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча.
2) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негизде Президент тарабынан;
3) Административдик-аймактык бирдиктин чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында;
9.3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими айылдык кеңештин төрагасы тарабынан тийиштүү жогорку инстанцияларга жиберилет.
9.4. Чек араларын өзгөртпөстөн кеңештин администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кеңешти таратууга алып келбейт.
9.5. Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылды деп эсептелет.
9.6. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү башчылары тартышат.
4.Бөлүм. Жети-Өгүз айылдык кеңештин иш регламенти.
10-глава.Жети-Өгүз айылдык кеңешинин иш регламентин бекитүү,өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
10.1. Айылдык кеңештин иш регламенти,иш регламенттин маселелери боюнча жумушчу топ тарабынан иш регламенттин негизинде иштелип чыгат жана айылдык кеңештин сесиясына бекитүүгө берилет. 10.2.Иш регламент маселелери боюнча жумушчу топтун курамы айылдык кеңеш шайлоочу беш депутаттан кем болбошу керек.Аны айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жетектейт.
10.3. Ар бир депутат регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш киргизе алат.Сунуштар регламент боюнча жумушчу топко кароого берилет.
10.4. Айылдык кеңештин иш регламенти жана анын ондоолору айылдык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айылдык кеңештин ишин жөнгө салган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттардын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө» , «Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик акттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде Жети-Өгүз айылдык кеңешинин регламенти иш тартибин аныктайт.