Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-июну № 1
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеўешинин 22-сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу, сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:
-2011-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ири мүйүздүү малга-бир баш үчүн 90 (токсон) сом;
Кой-эчкилерге-бир баш үчүн 18 (он сегиз) сом;
Жылкыларга-бир баш үчүн үчүн 90 (токсон) сом.
-Кирешелер жана чыгашалар системасы (1-тиркемеде).
3. Боо-Терек айылдык округунун жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо, тиркелген кабыл алуу- өткөрүп берүү актысына ылайык жайыт инфраструктурасынын тиешелүү объектилери өткөрүлүп берилсин (2-тиркемеде).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |
«Бекитемин» (1-тиркеме)
Боо-Терек айыл округунун
жергиликтүү өз-алдынча
башкаруу Кеўешинин
торагасы Э. Смайылбеков
2011-ж. 17-июнунда 22-сессиясында бекиген
№ | Чыгымдардын саны | Саны | Баасы | Суммасы |
А) Жайыт комитетинин чыгымдары | ||||
1 | Төраганын эмгек акысы | 12 ай | 6 000 сом | 72 000 сом |
2 | Бухгалтер | 12 ай | 4 000 сом | 48 000 сом |
3 | Катчы | 12 ай | 2 500 сом | 30 000 сом |
4 | Инспектор | 12 ай | 2 500 сом | 30 000 сом |
5 | Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөмдөр -17,25 % |
|
| 31 050 сом |
6 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга |
|
| 50 000 сом |
7 | Башка чыгымдар: Командировка, телефон, Канцелярдык, транспорттук чыгымдар, аренда, ж.б. кызмат акылары. |
|
| 28 088 сом |
Б) Жайыт комитетинин жалпы чыгымы | 289 138сом | |||
8 | Жайыт салыгы | 15 089 га | 7,4 | 111 659сом |
Экертүү: Кыйыр салыктарды эске алынып түзүлгөн бюджет.
Малдын туруу | Саны | Которуу коэфценти | Шарттуу мал башы | Жайыт билет акысы |
Кой-эки | 12 221 | 0,2 | 2 444 | 18-00 сом |
Жылкы | 453 | 1,0 | 453 | 90-00 сом |
Уй | 903 | 1,0 | 903 | 90-00 сом |
Торпок | 933 | 0,7 | 653 | 63-00 сом |
|
|
| 4 453 |
|
Эскертүү:
Боо-Терек айылдык округу боюнча жайыт пайдалануу акысы 1 баш жылкы жана уй-букага - 90 сом.
Анын ичинен:
-1 га жер салыгы үчүн - 7 сом 40 тыйын.
Боо-Терек айылдык округунун жайыт инфраструктурасын
жакшыртууга жана жайыт комитетин каржылоого– 82 сом 60 тыйын.
В том числе с продаж 3 % (НсП) – 2 сом 48 тыйын.
Боо-Терек айылдык округу боюнча жайыт пайдалануу акысы 1 бир баш кой жана эчкиге – 18 сом.
Анын ичинен:
-1 га жер салыгы үчүн - 7 сом 40 тыйын.
Боо-Терек айылдык округунун жайыт инфраструктурасын
жакшыртууга жана жайыт комитетин каржылоого– 10 сом 60 тыйын.
В том числе с продаж 3 % (НсП) – 0,32 тыйын.
Боо-Терек айылдык округу боюнча жайыт пайдалануу акысы 1 бир баш торпок – 63 сом.
Анын ичинен:
-1 га жер салыгы үчүн - 7 сом 40 тыйын.
Боо-Терек айылдык округунун жайыт инфраструктурасын
жакшыртууга жана жайыт комитетин каржылоого– 55 сом 60 тыйын.
В том числе с продаж 3 % (НсП) – 1 сом 67 тыйын.