Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 3
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX- чакырылышынын кезексиз - IX сессиясы Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан Исак Отунбаев атындагы күрөш залынын ачылышын жана ага байланыштуу Республикалык деңгээлде күрөш боюнча 11 -салмактагы категория боюнча мелдеш өткөрүү үчүн комиссия курамын түзүү жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен 192400 (бир жүз токсон эки мин терт жуз) сом акча каражатын бөлүү тууралуу депутат Э.Бейшебаевдин сунушун карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исак Отунбаев атындагы күрөш залынын ачылышы жана Республикалык деңгээлде 11-салмактагы категория боюнча мелдеш өткөрүү үчүн 7(жети) адамдан турган комиссия курамы түзүлсүн. /тиркеме тиркелет/
2. Түзүлгөн комиссия күрөш залынын ачуу аземин жана өткөрүлүүчү мелдештер боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын.
3. Исак Отунбаев атындагы күрөш залынын ачылышы жана Республикалык деңгээлде 11-салмактагы категория боюнча мелдеш өткөрүү үчүн жана ачылыш аземинин уюштуруу иштерине Боо-Терек айыл өкмөтүнүн бюджетинин "Маданият бөлүмүнүн" 3111 "Имараттар" статьясына каралган маданият үйүнүн капиталдык ремонтуна каралган акча каражаттарынан 192400 (жүз токсон эки миң төрт жүз) сом 3 кварталдын чыгымдарынан алынып , ушул эле бөлүмдүн 2215 "Ар кандай чыгымдар" статьясынын 3 кварталдарынан чыгымдары 192400 (жүз токсон эки миң торт жүз) сом менен толукталсын.
4. Аныктама-билдирүүнү түзүү жана чыгымдардын эсебин чыгаруу Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Мамбетовага жүктөлсүн.
5. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Т. Соорбековго жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Кубанычбеков |
Боо-Терек аиылдык Кеңешинин
2013-жылдын 28-июнундагы №3
токтомуна тиркеме
Боо-Терек айылдык аймагындагы Исак Отунбаев атындагы күрөш залын ачуу аземин жана Республикалык деңгээлде 11-салмактагы категория боюнча мелдеш өткөрүү учүн 7(адамдан) турган комиссия курамы:
1. Кубанычбеков А.С- комиссиянын төрагасы
2. Эсенкулов.Р - мүчөсү
3. Мотуев.А -мүчөсу
4. Токманбетов.К - мүчөсү
5. Мамбетова.А -мүчөсү
6. Алымкулова.А -мүчөсу
7. Бейшебаев.Э -мүчөсу