Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2017-жылдын 21-сентябры № 01-10/50

Баткен шаар аймагындагы жайыт багытындагы кээ бир жер аянттарынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

(Баткен шаардык кеңешинин 2018-жылдын 1- февралындагы N 01-8/3 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» №145 Мыйзамына жана шаардык кеңештин айыл чарба муниципалдык менчик жана агрардык жер маселелери боюнча турктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы     

ТОКТОМ КЫЛАТ

 1. Баткен шаарынын аймагындагы жайыт эсебинде турган 553,0 га жер аянты төмөнкү багыттарга өзгөртүүгө макулдук берилсин:

     -Турак жай багытына -74,6 га

     -Кызыл-Жол кварталынын “Кара-Тоо” (взрывпром) участкасынан 63,6 га;

     -Чет-Булак кварталынын Түштүк-Чыгыш жагында-11,0 га

2. - Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы Күнгөй- 1 участкасынан 51.0 га, Күнгөй- 2 участкасынан 130.0 га жалпы 181.0 га жер аянты «Айыл чарба» багытындагы жерлер категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер категориясына» которууга макулдук берилсин.

(Баткен шаардык кеңешинин 2018-жылдын 1- февралындагы N 01-8/3 токтомунун редакциясына ылайык)

3.  Мазар үчүн -45,0 га

-Баткен –Чек автоуна жолунунун батыш тарабы -38,0га

-Булак-Башы кварталынын Ак-Таш участкасындагы -7,0 га

4. Базар үчүн -25,0 га

-Чет-Булак кварталынын Айгүл-Таш подстанциясынын түндүк-чыгыш жагы -25,0 га

5. Айыл –чарба багытына -281,3 га

-Төрт-Гүл” суу сактагычынын түштүк жагынан -250,0 га

-Түндүк батыш жагынан -22,8 га

-Чет-Булак кварталынын күнгөй участкасынан (газпром, спорт комплексинин ордуна-үлүшкө) -8,5 га

6. Шаар аймагындагы которууга макулдук берилген жер аянттарына тиешелүү болгон иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүү жагы Баткен шаар мэриясына /М.Рахимов/ тапшырылсын.

7. Ушул тоткомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин айыл чарба, муниципалдык менчик жана агрардык жер маселелри боюнча туруктуу комиссиясына /А.Пинназаров/ жүктөлсүн.

 

Төрага

 

А. Ташбеков