Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2018-жылдын 1-февралы № 01-8/3
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» № 145 Мыйзамына жана шаар мэриясынын 2018-жылдын 31-январдагы № 03-4/107 кызматтык катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 21-сентябырындагы «Баткен шаар аймагындагы жайыт багытындагы кээ бир жер аянттарынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү» № 01-10/50 токтомунун 2-пункутуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы Күнгөй 1 участкасынан 51.0 га, Күнгөй-2 участкасынан 125.5 га жалпы 176.5 га жер аянты «Айыл чарба» багытндагы жерлер категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер категориясына» которууга макулдук берилсин.
(Баткен шаардык кеңешинин 2018-жылдын 11- майындагы N 18 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары М. Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |