Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 10-апрели ПЖ № 133
Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплекси жөнүндө
(КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Тарых жана маданият эстелиги, Кыргыз Республикасындагы, Борбордук Азиядагы илим-изилдөө иштеринин негизги борборлорунун бири катары Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексинин кайталынгыстыгын жана баалуулугун эске алып, ошондой эле анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын андан ары камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексине "улуттук" деген статус берилсин жана мындан ары "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси" деп аталсын.
2. (КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Акаев |