РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелинин № 194 буйругу

Редакцияот 14.04.2005
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-апрели № 194-б                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ      Көз карандысыз   Мамлекеттер   Шериктештигине   катышуучу  өлкөлөркөрсөткөн гуманитардык жардамды өз учурунда алуу жана максаттуу  пайда-лануу максатында:     1. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар  минист-рлиги,  Кыргыз Республикасынын Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги,  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо  министрлигиКөз  карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу өлкөлөрдөн алынгангуманитардык жардамдын жүктөрүн Кыргыз Республикасында жооптуу  алуучу-лар болуп аныкталсын.     2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелербоюнча  комитеттин Бажы кызматы департаменти ушул буйруктун 1-пунктундакөрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын жүктөрүн белгиленген тартипте  бажы-лык тариздөөнү камсыз кылсын.     3. Бул буйруктун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынПремьер-министринин  Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарыныништери боюнча бөлүмүнө,  агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жараты-лышты  пайдалануу  бөлүмүнө  жана  социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн.      Премьер-министр                                 К.Бакиев