Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 104/21-7
“АРИС” долбоорунун алкагында сатып алынган LOVOL FL 953 маркасындагы атайын унааны (фронталдык погрузчик) иштетүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын жайыт комитетинин төрагасы С.К.Кабылбековдун “АРИС” долбоорунун алкагында сатып алынган LOVOL FL 953 маркасындагы атайын унааны (фронталдык погрузчик) иштетүү жөнүндө жобону бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “АРИС” долбоорунун алкагында сатып алынган LOVOL FL953 маркасындагы атайын унааны (фронталдык погрузчик) иштетүү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын жайыт комитетине (С.К.Кабылбеков), ал эми контролдоо жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 2018-жылдын 10-октябрындагы XXI сессиясынын №104/21-7 токтомуна тиркеме |
Ушул жобо Фронталдык погрузчик LOVOL FL 953 үлгүсүндөгү атайын техниканы пайдалануу тууралуу жобо болуп эсептелет, (мындан ары Жобо) Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз жогоруда аталган унааны максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган.
I. Жалпы жоболор
Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгы алынган техниканы АРИС, шаардык кеңеш, аймактык башкармалык жана жайыт комитетинин ортосунда түзүлгөн алкактык келишимге негиз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен өз балансына кабыл алат.
Фронталдык погрузчик LOVOL FL 953 үлгүсүндөгү атайын унааны иштетүү жана пайдалануу тартиби (мындан ары атайын унаа), Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгы тарабынан кабыл алынган атайын унаа Жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилет жана механизаторду тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.
Атайын унааны иштетүү, пайдалануу боюнча укугун, жайыт комитетине өткөрүп берет жана жайыт комитет жооптуу болуп эсептелет.
Атайын унаа Жазы-Кечүү айыл аймагынын жайыттарынын жолдорун жана башкармалыктагы башка кызматтарды кылууга, ошондой эле жакын турган айылдарда өзгөчө кырдаал пайда болгон учурларда гана төмөндөгү жайытты башкаруу планында жана жылдык планда белгиленген жумуштарды жана коммерциялык кызматтарды көрсөтөт.
Жайытты башкаруу планында белгиленген иш-чаралар:
Коммерциялык кызматтар буюртмачынын кайрылуусуна негиз аткарылуучу жумуш унаа аткаруучу жумушка туура келсе көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн кызматка акы төлөө, жайыт комитети тарабынан иштелип чыгылган жана шаардык кеңеште бекитилген кызмат көрсөтүү тарифине негиз төлөнөт.
Атайын унааны иштетүү үчүн жайыт комитети техникалык коопсуздук, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен ушул жобону жетекчиликке алат.
Механизатор, механизаторду тандап алуу боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына негиз тандалып алынат.
Атайын унааны иштетүү боюнча келип чыккан талаш-тартыш маселелер аксакалдар сотунун отурумунда жайыт комитетинин жана текшерүү комиссия мүчөлөрүнүн, айыл аймактык башкармалыктын башчысынын катышуусунда чечилет.
2. Тараптардын милдеттери:
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен атайын техниканы башкаруу жана тейлөө боюнча персоналдын сандык жана сапаттык курамын аныктайт;
· атайын техниканын иштөө графигин иштеп чыгат жана ЖПБ мүчөлөрүнө жеткирет;
· атайын техниканы пайдалануу менен аткарылган жумуштардын эсебин алат;
· көрсөтүлгөн коммерциялык кызматтар үчүн алынган каражаттарга финансылык документерди берүүгө (чек/киреше ордердин квитанциясы ж.б.) жана алынган, жумшалган каражаттардын финансылык эсебин алууга;
· айыл аймактык башкармалык жана жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган жумуштар боюнча финансылык отчетторду берүүгө;
· техниканы экологиялык жана санитардык нормаларды, техниканы башкаруучу персоналдын техникалык коопсуздугун сактоо менен кармоо;
· эксплуатациялоо боюнча кабыл алынган чечимдердин жана түзүлгөн келишимдин талаптарын аткаруу;
· тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ЖӨАБО корутунду сунуштарын аткарууга алуу;
· Атайын техниканы эксплуатациялоо боюнча мониторинг жана баалоо иш- чараларын жүргүзүү үчүн талап кылынган документерди ЖӨАБО, донорлорго керектүү документерди берүү;
Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси | К.И.Нурматова |