Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 105/21-9
“ “АРИС” долбоорунун алкагында сатып алынган LOVOL FL 953 маркасындагы атайын унааны (фронталдык погрузчик) иштетүү үчүн механизаторду тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын жайыт комитетининтөрагасы С.К.Кабылбековдун“АРИС” долбоорунун алкагында сатып алынган LOVOL FL 953 маркасындагы атайын унааны(фронталдык погрузчик)иштетүү үчүн механизаторду тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү жөнүндө жобону бекитип берүү тууралуукайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешининөндүрүш,курулуш,архитектура,турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынынсунушун эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХХI сессиясы
Токтом кылат:
1. “АРИС” долбоорунун алкагында сатып алынган LOVOL FL 953 маркасындагы атайын унааны (фронталдык погрузчик)иштетүү үчүн механизаторду тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү жөнүндөтиркелген жобо бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышыЖазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын жайыт комитетине(С.К.Кабылбеков), ал эми контролдоожагы шаардык кеңештинөндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестициябоюнча туруктуу комиссиясына(А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 2018-жылдын 10-октябрындагы XXI сессиясынын №105/21-7 токтомуна тиркеме |
“ АРИС” долбоорунун алкагында сатып алынган LOVOL FL 953 маркасындагы атайын унааны (фронталдык погрузчик) иштетүү үчүн механизаторду тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү жөнүндө
ЖОБО
Ушул жобо, механизаторду туура тандап алуу боюнча өткөрүлүүчү конкурстун жобосу болуп эсептелет (мындан ары Жобо) Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз жогоруда аталган техниканы максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган.
1. I. Жалпы жоболор
Комиссия курамын түзүү: комиссия курамы 5-7 сандагы кишилердин курамынан турат, комиссия курамына Жайыт комитетинин, шаардык кеңештин, айыл башкармалыгынын жана коомчулуктун өкүлдөрү милдетүү киргизилиши керек. Комиссия Жайыт комитетинин буйругуна негиз түзүлөт.
Конкурс иштелип чыгылган критерийлерге негиз өткөрүлөт.
Механизатор төмөндөгү базалык талаптарга ылайык келиши керек:
механизаторлук кесиби боюнча билимге ээ болуу;
атайын унаа менен иштегендиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болуусу;
кеминде 3 адамдын сунуш каты;
атайын унааны кармоого гаражга ээ болуусу;
атайын унааны ремонтоо боюнча жөндөмгө ээ болуусу;
ден соолугунун чыңдыгы боюнча Ф 86У аныктамасы.
Критерийлер | Баллы | % |
Механизаторлук кесиби боюнча билимге ээ болуу | 20 | 20 |
Атайын унаа менен иштегендиги боюнча иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес 5 жылдан кем эмес жана андан жогору | 40
25 35 40 | 40 |
Атайын унаа кармоого гаражга ээ болуусу | 10 | 10 |
Ден соолугунун чыңдыгы боюнча Ф 86У аныктамасы | 20 | 20 |
Жеке ишкердикти жүргүзүүсү боюнча күбөлүгүнүн жана патентинин болуусу | 10 | 10 |
Баары | 100 | 100% |
|
|
|
Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси: | К.И.Нурматова |