Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 106/21-7
Арис долбоорунун алкагында сатып алынган LOVOL FL 953 маркасындагы атайын унааны коммерциялык багытта кызмат көрсөтүүсүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын жайыт комитетинин төрагасы С.К.Кабылбековдун кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арис долбоорунун алкагында сатып алынган LOVOL FL 953 маркасындагы атайын унаанын коммерциялык багытта кызмат көрсөтүүсүнүн тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын жайыт комитетинин төрагасына (С.К.Кабылбеков), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
| Шаардык кеңештин 10.10.2018-ж. №106/21-7 сандуу токтомуна тиркеме |
Машина жана механизимдин аталышы | Амортизациялык чегерүүлөр (сом/ машина-саат) эсеп 1 | Күйүүчү майга кеткен чыгым, (сом/ машина-саат) эсеп 2 | Майлоочу, арчуучу материалдарга кеткен чыгым (сом/ машина-саат) эсеп 3 | Техникалык тейлөөгө жана оңдоого кеткен чыгымдар (сом/ машина-саат) эсеп 4 | Эскилиги жеткен жабдууларды алмаштырууга кеткен чыгымдар (сом/ машина-саат) эсеп 5 | Машина жана механизимди колдонууда кеткен түз чыгымдар (сом/ машина-саат) эсеп 6 | Механизатор дун айлык акысы | Бардыгы |
Фронталдык дөңгөлөктүү погрузчик LOVOL FL953F |
434,03 |
602,00 |
109,75 |
1134,86 |
114,04 |
2394,67 |
605-33
|
3000-00 |
Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси: | Нурматова К.И. |