Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 21-декабры № 111/15-4
“№5 мектеп-гимназиясынын филиалын (№13 мурунку толук эмес орто мектебин) бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”
“№5 мектеп-гимназиясынын филиалынын (№13 мурунку толук эмес орто мектебин) окуучуларынын ата-энелеринин 19.06.2017-ж. кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 13-июлундагы протоколунун негизинде, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “№5 мектеп-гимназиясынын филиалын (№13 мурунку толук эмес орто мектебин) бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2015-жылдын 14-майындагы №158/20-3 токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Токмок ш. мэриясы Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү менен биргеликте №13 толук эмес орто мектебинде 10-11-класстарды ачуу боюнча тиешелүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |