ТоктомКүчүндө

Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 111/15-4 «№5 мектеп-гимназиясынын филиалын (№13 мурунку толук эмес орто мектебин) бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция21.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

2017-жылдын 21-декабры № 111/15-4

“№5 мектеп-гимназиясынын филиалын (№13 мурунку толук эмес орто мектебин) бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”

“№5 мектеп-гимназиясынын филиалынын (№13 мурунку толук эмес орто мектебин) окуучуларынын ата-энелеринин 19.06.2017-ж. кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 13-июлундагы протоколунун негизинде, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “№5 мектеп-гимназиясынын филиалын (№13 мурунку толук эмес орто мектебин) бөлүүгө макулдук берилсин.

2. Токмок шаардык кеңешинин 2015-жылдын 14-майындагы №158/20-3 токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Токмок ш. мэриясы Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү менен биргеликте №13 толук эмес орто мектебинде 10-11-класстарды ачуу боюнча тиешелүү иштери жүргүзүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А.Солтобаев