Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-декабры №10/1
М.Базаркулов атындагы орто мектебинин камкордук кеңешинин курамын жана жобосун бекитүү жɵнүндɵ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бүргөн айылындагы М.Базаркулов атындагы орто мектебинин камкордук көрүүчү кеңешинин курамы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Кара-Бүргөн айылындагы М.Базаркулов атындагы орто мектебинин камкордук көрүүчү кеңешинин жобосу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
Төрага | Т.Жузупбеков |
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин
20-декабрь 2017-жылдагы №10 сессиясынын
№10/1 токтому менен бекитилген.
Кара-Бүргөн айылындагы М.Базаркулов атындагы орто мектебинин
камкордук көрүүчү кеңешинин курамы:
1. Арымбаева Канымбүбү
2. Атабекова Рита Куляевна
3. Төрөбек кызы Марипа
4. Жумалы кызы Назгүл
5. Конушова Гүлмира Сариевна
6. Кыдырмышова Венера Жекалиевна
7. Беккелдиев Эсенбек Рысбекович
8. Маатказиева Мээрим Шаршеновна
9. Садыралиева Чолпон Райымкуловна
10. Мамбетжумаев Талантбек Жузупович
11. Сасыкулова Самара Сабырбековна
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин
20-декабрь 2017-жылдагы №10 сессиясынын
№10/1 токтому менен бекитилген.
М.Базаркулов атындагы ортол мектебинин камкордук көрүүчү Кеңеши жөнүндө
ЖОБО
Жалпы жобо
Камкордук көрүүчү Кеңештин милдеттери жана максаттары
Камкордук көрүүчү Кеңештин функциялары
Камкордук көрүүчү Кеңешти түзүү тартиби жана анын компотенциялары.
Бул Камкордук көрүүчү Кеңеш жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын « Билим берүү жөнүндөгү » мыйзамын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мындан аркы тең башкаруунун түрүн өркүндөтүү анын ичинде, бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу менен ага көзөмөл кылуу максатында иштелип чыкты жана кабыл алынды.
Жалпы жобо.
1.1 Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарындагы Камкордук көрүүчү Кеңеш (мындан ары Камкордук көрүүчү Кеңеш)- юридикалык макамы жоктугуна карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында тең башкаруучу , билим берүү уюмдарында белгиленген максаттарга жетүү үчүн көмөк көрсөтүүчү функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле кошумча (бюджеттен тышкары) каражаттарды тартуучу алардын максаттуу колдонулуусун көзөмөлдөөчү орган.
Демөөрчүлүк жардам жалпы билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык жана окуу базасын колдоо үчүн юридикалык жана жеке тараптардын ыктыярдуу салымы.
Камкордук көрүүчү Кеңештин мүчөсү-кайтарымсыз негизде жалпы билим берүү уюмдарын тең башкарууда ыйгарым укукта иш жүргүзөт.
Камкордук кенештин банктык эсеби – жалпы билим берүү уюмунун эсеби , ага демөөрчүлүк жардамдардан түшкөн каражаттар түшөт. Жалпы билим берүү уюмуна жана анын жамаатына көрсөтүлүүчү ар кандай ыктыярдуу финансылык жардамдар аталган эсеп аркылуу жүргүзүлөт.
2 Камкордук көрүүчү Кеңештин милдеттери жана максаттары.
2.1 Камккордук көрүүчү Кеңештин негизги максаты бул- билим берүү уюмунун уставын функцияларын ишке ашыруу, материалдык-техникалык жана окуу базасын чыңдоого багытталган уюмдардын жана жеке жарандардын биргелешкен аракеттерин бириктирүү, о.э жалпы билим берүү уюму тарабынан бюджеттен сырткаркы каражаттарды максаттуу колдонуусун көзөмөлдөө болуп саналат.
2.2 Камкордук көрүүчү Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- демөөрчүлүк жардамдарды жана гранттарды максаттуу жана рационалдуу пайдаланууну көзөмөлдөөнү камсыз кылуу,
- жалпы билим берүү уюмунун материалдык-техникалык жана окуу базасын чыңдоого,
жакшыртууга , анын анын айлана тегерегин жана имаратты көрктөндүрүүгө көмөк көрсөтүү,
-билим берүү прцессин ишке ашыруу үчүн шарттарды жакшыртууга , окуучулардын омүрүн жана ден соолугун коргоого көмөктөшүү,
-окуучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарынкоргоо,
-жалпы билим берүү уюмунун онүгүү стратегиясын жана миссиясын аныктоого көмөктөшүү.
3 Камкордук көрүүчү Кеңештин функциялары.
3.1 Камкордук Кеңеши:
- жалпы билим берүү уюмунун өнүгүүсүн жана ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн бюджеттен сырткаркы каражаттарды тартууга көмөктөшөт,
- жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык жамаатынын жана башка кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртууга жана уюштурууга көмөктөшөт.
-жалпы билим берүү уюмунда конкурстарды , мелдештерди жана башкалык массалык мектептен тышкаркы иш чараларды уюштурууга көмөктөшөүү.
-жалпы билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, мектептин имаратын жана айлана тегерегин көрктөндүрүүгө көмөктөшөт.
- жалпы билим берүү уюмунун иш аракеттеринин так иштөөсүн жогорулатууга багытталган демилгелерди талдайт жана көрсөтөт
- жалпы билим берүү уюмунун уставында Камкордук Кеңешинин компетенциясына кирген ар кандай суроолорду карайт.
3.2 Камкордук көрүүчүлөр кеңеши башка башкаруу органдарынын компетенциясына кирген ишмердүүлүктөрдон сырткары, жалпы билим берүү уюмунун өз ишмердүүлүгүнүн ишке ашыруусуна байланышкан суроолорду карап чыгууга укуктуу.
4. Камкордук көрүүчү Кеңештин тартиби жана анын компетенциялары.
4.1 Камкордук көрүүчү Кеңеш пропорцианалдуу негизде төмөнкү курамдан турат:
-ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн, -илимий жана билим берүү уюмдарынан,
-ата-энелердин бирикмелеринен,
-билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн,
-жеке таптардан
4.2 Камкордук көрүүчү Кеңештин курамы жалпы билим берүүчү уюмдарынын педагогикалык курамы жана ата-энелердин коомчулугунун өкүлдөрү катышкан чогулуштун чечими менен бекитилет.
4.3 Камкордук көрүүчү Кеңеш 11 адамдан кем эмес, 15 адамдан ашык эмес түзүлөт.
Камкордук көрүүчү Кеңештин ыйгарым укуктуу мөөнөтү 3 жыл
4.4 Камкордук көрүүчү Кеңештин төрагасы ачык добуш берүү жолу менен Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен 1 жжылга шайланат (Кайра шайланат)
4.5 Камкордук көрүүчү Кеңештин төрагасы :
-Камкордук корүүчү Кеңештин иштерин уюштурат, о.э өз ара иштешүүдө Кеңештин ишин бардык мамлекеттик уюмдарда , жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарында ж.б уюмдарда көрсөтөт.
- Кеңештин отурумунда каралуучу маселелерди күн мурунтан аныктап , Кеңештин отурумун чакырат.
-Кеңештин ишинин жыйынтыктарын жалпылаштырат. Кеңештин ишин жакшыртууга багытталган чараларды көрөт. - Жалпы билим берүүчү уюмдарды түзүүчүлөргө , жеергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымат берет.
-Камкордук көрүүчү Кеңештин чечимине ылайык башка функцияларды башкарат.
4.6 Камкордук көрүүчү Кеңеш өзүнүн курамына 3 жылдык мөөнөткө Кеңештин катчысын шайлайт.
4.7 Камкордук көрүүчү Кеңештин катчысы:
- Кеңештин отурумун даярдоону камсыз кылат.
-Отурумдун убакыт-саатын аныктап , Кеңештин мүчөлөрүн чакырат, отурум жүрүп жатканда протокол толтурат,
-Кеңештин иш кагаздарын толтурат жана жүргүзөт, Кеңеш чыгарган чечимдин аткарылыш мөөнөтүн көзөмөлгө алат.
-Кеңештин төрагасынын жана Кеңештин берген тапшырмаларына ылайык башка функцияларды да аткарат.
4.8 Кеңештин мүчөлөрүнүн отурумунда Кеңештин мүчөлөрүнүн копчүлүгү катышса откөрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Отурумга катышкандардын 2\3 кем эмес добушун алган чечим кабыл алынды деп эсептелет. Кеңештин чечими Кеңештин компетенцичсынын алкагында гана кабыл алынат, протокол түзүлүп, төрага тарабынан кол коюлат.
4.9 Камкордук көрүүчү Кеңештин курамына аймактык билим берүү башкармалыгынын органы өзүнүн окүлүн үзгүлтүксүз жиберип турат.
4.10 Камкордук көрүүчү Кеңештин шайлоосун жалпы билим берүүчү уюмдун администрациясы (мүдүр) уюштурат.
4.11 Бир жалпы билим берүүчү уюмда бир Камкордук көрүүчү Кеңеш иштейт.
4.12 Жалпы билим берүүчү уюмундагы бир эле камкордук көрүүчү Кеңештин мүчөсү КР башка бир экинчи камкордук көрүүчү Кенешине кайталап мүчө боло албайт.
4.13 Камкордук көрүүчү Кеңештин мүчөсү каалаган учурунда , Кеңештин курамынан чыгып кетүүгө укуктуу. Иш жүзүндө Кеңештин курамынан чыгып кеткенге чейин ал бир ай мурун төрагага арызын берет.
4.14 Камкордук көрүүчү Кеңештин же анын мүчөсүнүн ишин токтотуу тууралуу чечимди кабыл алуу жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык жана ата-энелердин коомчулугу катышкан чогулуштун компетенциясына тиешелүү.