Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-майы № 26\2
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин стандарттарын бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин жана көргөзүлгөн кызматтардын стандарты бекитилсин (№1 жана №2 тиркеме)
2. Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.
3. Биргелешкен мониторинг жана балоо тобунун жобосу бекитилсин.
4. Кызмат көрсөөтүүлөрдүн наркын эсептөө тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.
5. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарылансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |
Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын
2018-жылдын 3-майдагы №26\2 токтомуна №1 тиркеме
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси
№ | Кызматтын аталышы | Кызматты стандартташтырууга жооптуу орган | Муниципалдык Кызматты аткаруучунун аталышы | Көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү же акысыз! тейлөө кызматы |
Кочкор району, Кочкор АО, Нарын облусу | ||||
1. | 15-февраль: Афган согушунун катышуучуларына жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
2. | 8-март: Аялдардын эл аралык күнүнө карата белек берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
3. | 21-март: Нооруз майрамына карата уюштурулган көргөзмөнүн катышуучуларына сыйлык берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
4. | 7-апрель:Революциянын катышуучуларына жана майыптарына жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
5. | 25-апрель:Чернобль кырсыгынын катышуучуларына жана жесирлерине жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
6. | 9-май: Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
7. | 1-июнь: балдарды коргоо күнүнө карата томолой жетим балдарга жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
8. | 31-август: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн күнүнө карата алдынкы кызматкерлерге сыйлык берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
9. | 1-октябрь: Улгайгандардын күнүнө карата улгайган жарандарга (80 жаштан өйдө) жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
10. | 26-октябрь: Баткен согушунун катышуучуларына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
11. | 1-декабрь: Ден соолугу бонча майыптарга жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
12. | 31-декабрь: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн Балдарына жаңы жылдык белек берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
13. | Социалдык жактан өтө муктаж адамдарга материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
14. | Ээси жок өлүктөрдү коюу боюнча диний ритуалдык кызматтарды көргөзүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
15. | Спортсмендерге материалдык колдоо көргөзүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
16. | Маданиятты өнүктүрүүгө материалдык колдоо көргөзүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
Айылдык кеңештин төрагасы: Т.Ж.Балкыбеков
Кочкор айылдык кеңешинин
VI чакырылышынын 2018-жылдын 3-майдагы №26\2 токтомуна №2 тиркеме
Кочкор айыл аймагынын миниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин
14-пунктунда көргөзүлгөн муниципалдык кызматтын стандарты.
1. Кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле анны көрсөтүү процессинде аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо | Ээси жок өлүктөрдү коюуга диний ритуалдык кызматтарды көргөзүү |
2. | Кызматтарды көрсөткөн органдын толук аталышы | Кочкор айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү |
3. | Кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кочкор айыл аймагында каза болгон бирок туугандары жок адамдар. |
4. | Кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | «ЖѲѲБ жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамы. «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» КР Мыйзамы |
5. | Көрсөтүлгөн кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жыл ичинде Кочкор айыл аймагында каза болгон сөөктү коюуга туугандары жок адамдарга - бир жылга жалпы 30000(отуз мин)сом өлчөмүндө жардам көргөзулөт |
6. | Кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат алуу учун сөөктүн ээси жок болушу. |
7. | Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат кѳрсѳтүү толугу менен ылдам убакытта 2 кундун ичинде кѳрсѳтүлүүгѳ тийиш. |
2. Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалыматберүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу орган жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - айыл аймактын айыл ѳкмѳтүнѳн; Маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу, жеке жолугушуу учурунда); - электрондук түрдө. Маалыматты маалымдоо такталарынан алууга болот |
9. | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - айыл ѳкмѳтүнүн кызматкѳрсѳтүү бирдиктүү терезеси; - айыл ѳкмѳттүн башчысынын кабылдамасы; - телефон боюнча. |
3. Тейлөө жана кызмат көрсөтүү | ||
10. | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | жок |
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Купуялуулук сакталбайт |
12. | Керектүү документтердин жана/же кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүү үчүн төмөндөгү документтерди керектелет: - өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк; -туугандары жок экендигин тастыктоочу документтер; |
13. | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14. | Кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтардыалууүчүнжарандардан стандарта көрсөтүлгөндокументтердиганаталапкылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын булстандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабылалуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердинсылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук формата көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Электрондук формадакѳргѳзүлбѳйт |
4. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануутартиби | ||
16. | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - бул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына дал келбеген учурда; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда; |
17. | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси айыл ѳкмѳтбашчысына же айылдык кенештин тѳрагасына оозеки же жазуу жүзүндөгүдаттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуукызматкердаттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар айыл ѳкмѳтү тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуужүзүндөгүкайрылуунукароо жана арызээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 3 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арызээси сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18. | Кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 1 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш. |