Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № VI-4
Гулистан айыл кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы “Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү” №IV-2-токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинде теңдештирүүчү гранттын эсебинен 6018,8 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. 2017-жылга тндештирүүчү гранттан 4271,0 миң сом каралды. Натыйжада мектептердин электрэнергиясы жана жылытуу үчүн көмүр сатып алууга акча каражаты жетишпегендиги себептүү айыл өкмөтү Кыргыз республикасынын каржы министрлигине жардам берүү боюнча кайрылган. Бул сураныч оң чечилип каржы министрлиги тарабынан 1 500 миң сом акча каражаты өткөрүп берилүүчү каражат катары айыл өкмөтүнү эсебине келип түшкөн. Ушул акча каражатын максаттуу бөлүштүрүү маселесин көрүп чыгып жана талкуулап айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн 1 500 миң сом акча каражаты №1-тиркемеге ылайык каржылансын. (№1 тиркеме тиркелет).
2. Киритилген толуктоолорду Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Ноокат районундагы бөлүмүнө тапшыруу, айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Шаназаровго жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Ш.Таштемировго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | И. Ташматов |
Гулистан айыл кенешинин (V1-шайланган)
кезектеги V1-сессиясынын
№ V1-4токтомуна № 1 тиркеме
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылыга бюджетине Кыргыз Республикасынын каржы Минстрлигинен берилген өткөрүп берилүүчү каражат эсебинен киргизилген толуктолор (миң сом)
өткөрүп берилүүчү каражат (Средства передаваемые) | 1500,0 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 1500,0 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 110,0 |
Экономикалык маселелер | 80,0 |
Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 1280,0 |
Билим берүү | 30,0 |
Чыгашалар жыйынтыгы: | 1500,0 |
Гулистан айылөкмөтүнүн жооптуу катчысы : Г.Раимбердиева