Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы №10/2
Ленин айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин жылдык бюджетин бекитүү жөнүндө
Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2018-жылга жылдык бюджети 200000 сомго бекитилсин жана жайыт комитетинин эмгек акысы бекитилген бюджетинин суммасынын 20 пайызы айлык акыга чегерилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Жайыт комитетинин жылдык планын толтуруу Жайыт комитетинин төрагасы А.Жунусмаматовага милдеттендирилсин жана жакындан жардам берүү мыйзам чегинде иш алып баруу айыл башчылар А.Айтманбетовго,Н.Бубаевке, З.Курбановко,А.Матеиповко, тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановко тапшырылсын.
Төрага | Б. Арынбаев |
БЕКИТЕМИН
Ленин айылдык Кенешинин
төрагасы ______________Б.Арынбаев
“___”___________________2018-жыл
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду жайыт комитетинин 2018-жылга
БЮДЖЕТИ
Эскертүү: кыйыр салыкты эске албай түзүлгөн бюджет: (1-таблица) 2018-жылы 200000 сомго гана план бекитилген. Малдын саны стат маалыматтын негизинде жазылды.
Айыл өкмөт боюнча жалпы малдын саны жана жайыт акынын суммасы:
Малдын түрү | Малдын башы | Коефициенти | Шарттуу мал башы | Мал башына төлөнүүчү акы |
Кой, эчкилер | 19663 | 0,2 | 3932 | 50 сом |
Кара мал (уй,топоз) | 3199 | 0,1 | 3199 | 50 сом |
Жылкылар | 1553 | 0,1 | 1553 | 50 сом |
Айыл өкмөт боюнча | 8684 | х | 8684 | 434230 сом |
Айылдар боюнча малдын саны жана жайыт акынын суммасы (2-таблица)
№ | Айылдардын аталышы | Кара малдын башы | Жылкылар башы | Кой,эчкилер башы | Жалпы сумма |
1 | Согонду | 1034 | 625 | 6540 | 148350 |
2 | Мурдаш | 1549 | 631 | 7114 | 180140 |
3 | Күн-Элек | 543 | 155 | 1339 | 78290 |
4 | Гагарин | 73 | 142 | 1670 | 27450 |
| Айыл өкмөт боюнча | 3199 | 1553 | 19663 | 434230 |
Айыл өкмөтү боюнча жалпы жайыттын аянты жана жайыт салыгынын суммасы:
Айыл өкмөт боюнча жалпы жердин аянты га | Пайдаланылган жайыт (га) | 1 гектар жайытка төлөнүүчү салык (сом менен) | Жалпы төлөнүүчү сумма (сом) |
14303 | 2629 | 6,19 | 16271 |
Согонду ЖПБнын жайыт комитетинин төрайымы: А.Жунусмаматова.
Ленин айыл өкмөтү боюнча 2018-жылга карата жайыт жерлерди пайдалануу үчүн акы төлөө беренеси боюнча маалымат:
№ | Статья | Кирешенин аталышы | Жылдык план.сом | 2018-жыл 6 айда | III кварталда | IV кварталда |
1 | 14152200 | Жайыт жерлерди пайдалануудагы төлөнүүчү акы | 200000 | 70000 | 65000 | 65000 |
|
| Бардык киреше жыйынтыгы | 200000 | 70000 | 65000 | 65000 |
Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы: Н.Матанов
Согонду жайыт комитетинин төрайымы: А.Жунусмаматова.
Төрага | Б. Арынбаев |