Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-майы № 3
Кара-Алма, Орток, Урумбаш токой чарбаларынын жайыт жана аренда акыларын бекитүү жөнүндө
Кара-Алма айылдык аймагында жайгашкан токой чарбаларынын сунуштарын, Кара-Алма айылдык Кеңешинин № 3 сессиясында карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл аймагындагы токой чарбаларынын жайыт жана аренда акыларынын баалары берилген сунуштардын негизинде тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Жогорудагы бекитилген ижара акылары мөөнөтү өткөн пайдалануучу ижарачыларга тиешелүү экендиги эскертилсин.
3. Ушул бекитилген баалардын негизинде токой мыйзамынын жана КРнын салык мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу жагы токой чарбаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5. Токтом массалык маалымат каражатына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |
Кара-Алма айылдык Кеңешинин
№ 3 токтомуна № 1 тиркеме
Жергиликтүү тургундарга | Айыл өкмөттөн сырткары жашаган тургундарга | ||||
№ | Аталышы | Жер өлчөмү | Ижара акысы (1 жылга) | Ижара акысы (1 жылга) | |
1 | Суугат суу жана шарттуу суугат айдоо жер үчүн | 1 га аянтка | 1000-00 сом | 1000-00 сом | |
2 | Кайракы айдоо жерине | 1 га аянтка | 500-00 сом | 500-00 сом | |
3 | Жайыт жерге | 1 га аянтка | 100-00 сом | 150-00 сом | |
4 | Чөп ороко | 1 га аянтка | 300-00 сом | 300-00 сом | |
5 | Суу жээгиндеги туризм катары колдонулуучу эс алуучу жайларга | 0,01 га аянтка | 300-00 сом | 300-00 сом | |
6 | Чатыр орнотууга | 1 даана | 500-00 сом | 500-00 сом | |
7 | Жайлоодо жана суу жээгиндеги эс алуучу жайлардагы жагылган отун үчүн |
1,0м3 үчүн |
1500-00 сом |
1500-00 сом | |
8 | Бал челектерди орнотууга | 1 даана | 50-00 сом | 50-00 сом | |
9 | Мамлекеттик токой фондусунун аймагына эс алууга келген, жолдомосу жок туристердин,токой чарбанынын аймагынан сырткары жашаган атуулдардын токой чарбанын тосмосунан бир жолку өтүүсүнө | ||||
Бир адам үчүн | 30,0 сом | ||||
1 | Жеңил автоунаа үчүн | 100,0 сом | |||
2 | РАФ,Микро автобустар үчүн | 200,0 сом | |||
Айыл чарба жандыктар үчүн
№ | Айыл чарба жандыктары | 1 баш жандыктын 1 айлык жайыт ченеми, га | Жер салыгынан сырткаркы ижара акынын өлчөмү, сом менен |
Жайкы сезон үчүн | |||
1 | Кой үчүн | 0,20 | 71,0 сом |
2 | Козу | 0,05 | 30,0 сом |
3 | Эчки | - | 600,0 сом |
4 | Улак | - | 200,0 сом |
5 | Бодо мал | 0,31 | 140,0 сом |
6 | Торпок | 0,15 | 70,0 сом |
7 | Жылкы | 0,31 | 150,0 сом |
8 | Кулун | 0,15 | 80,0 сом |
Даярдаган: Назанов.А.А