Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-майы № 4
Кара-Алма айылдык аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлеринин салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
31- декабрь 2014-жылдагы " Кыргыз Респуликасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө" № 182- мыйзамын жана Кыргыз Респуликасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып Кара-Алма айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы там арка салыгын жаңы базалык ставкасы кыртыштын бонитетине ылайык бекитилсин.(жаңы базалык ставкасы тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы И.Алимовго милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражатына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |
"БЕКИТЕМИН"
Кара-Алма айылдык Кеңешинин
төрагасы_____________К.Сооронбаев
"18" май 2018-жыл
№ | Жердин категориясы | Бүгүнкү күндөгү колдонулуп жаткан жер салыгынын өлчөмү (0,001 га жерге сом) | 2018-жылга базалык ставканы ашыруу пайызы, | Жер салыгын жаңы базалык ставкасы , (0,001 га жерге сом) |
1 | Там арка жер | 10,0 | 50 | 15 |
Даярдаган:
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн
ага салыкчысы: Т.Теңизбаев