Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-октябры № 4
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин Регламентинин 5-бөлүмүн негиз кылып, шаардык кеӊештин фракцияларынын сунуштарын эске алуу менен, шаардык кеңештин кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 09.11.2017-жылдагы I уюштуруу сессиясынын 7-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаардык кеңештин 4 туруктуу комиссия түзүлсүн, туруктуу комиссиялардын аталыштары жана сандык курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
Бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссия – 9 мүчө;
Курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы – 7 мүчө;
Социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы – 7 мүчө;
Өнөр-жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясы – 5 мүчө
3. Жалал-Абад шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы ушул токтомдун №1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
4. Жалал-Абад шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары шайланган протокол кабыл алынсын жана туруктуу комиссиялардын төрагалары төмөндөгүдөй бекитилсин:
Бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Салиев Зарылбек Алимжанович;
Курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Маматов Бакытбек Самаганович;
Социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясысынын төрагасы Чимбердиев Сайдилла Суюмбаевич;
Өнөр-жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ормоков Эрнисбек Абдижалилович.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |
(Жалал-Абад шаардык кеңешинин
2018-жылдын 2-октябрындагы
XII сессиясынын 4-токтомуна №1-тиркемеси жокко чыгарылды)