Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-сентябры № XI-1
Найман айыл окмотунун башчысынын 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштерин баалоо жонундо
Найман айыл окмотунун башчысынын 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап , Найман айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл окмотунун башчысынын 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери боюнча берген отчету канааттандырарлык деп табылсын(тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо Найман айылдык Кенешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылдын 6 ай ичинде аткарылган иштери жөнүндө
МААЛЫМАТЫ
Урматтуу, Найман айыл өкмөтүнүн тургундары,коноктор!
2018-жылдын 6 айында айыл аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында бир топ иштер аткарылууда.Атап айтканда, 2018-жылдын 6 айында салык жана салык эмес жыйымдарга жеткирилген жалпы тапшырма 1133,7 мин сом болсо, иш жузундо 1988,8 мин сомго аткарылып, жеткирилген тапшырмадан 855,1 мин сомго коп жыйналган.
2018-жылдын Iжарым жылында айыл аймакта жалпысы 74,2 мин сомдук онор жай продукциялары ондурулуп, осуу корсоткучу 88 пайызды тузду.Онор жай продукцияларын ондуруу боюнча осуу темп аткарылбады.ОсОО “Огнеупор” ишканасынын жетекчисинин отуп кеткендигине байланыштуу, ишкананы караган адам жок болуп, ишкана банкротко учурап, азыркы убакта иштебей токтоп турат.
Айыл аймакта республикалык бюджеттин эсебинен туртку беруучу грантка 2679,599 мин сомдук «Найман» балдар бакчасын капиталдык ремонттон откоруу боюнча долбоору жактырылып, республикалык комиссиянын кароосуна жиберилип, кароодон жактырылды жана жакында ремонт иштери башталуу алдында турат.
2017-жылдын жарым жылдыгында айыл аймакта социалдык камсыздандыруу толомдорун жыйноо жана пенсияларды толоо багытында бир топ иштер аткарылган.
2018-жылдын 1-июлуна айыл аймак боюнча пенсионерлердин саны 96 адамды тузуп, пенсия толоо учун бир айлык керектелуучу сумма 509,4 мин сомду тузуп, бир жылда 6500,3мин сомду тузот.
Бугунку кундо аба-ырайынын тез озгоруп жаткандыгына байланыштуу оруп жыйноо иштери кечигуудо, бирок 50 га жер аянтында эгилген буудай, арпа жыйналып жатат.
2016-2017-окуу жылында Найман айыл окмотундо 460 окуучу билим тарбия алып жатышат.Окуу жылынын аягында 11-классты ийгиликтуу аяктаган жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны ийгиликтуу тапшырган 17 окуучу “Орто билими жонундо аттестат”, 9-классты ийгиликтуу аяктаган жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны ийгиликтуу тапшырган 38окуучу “Толук эмес орто билими жонундо куболук” алышса, алардын ичинен копчулугу жогорку окуу жайга кирип билми алуусун улантууда.
2018-жылдын I жарым жылдыгында Найман айыл окмотундо Кыргыз Республикасынын Окмотунун «Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жонундо» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы боюнча УБДТ № 18 Найман айыл окмотундогу жарандарына жардам корсотуудо.
Балдары бар, аз камсыз болгон уй-булолорго ай сайын берилуучу бирдиктуу жолок пул 2018-жылдын жарым жылдыгында 40 уй-булого дайындалган(жалпы кожолуктарга салыштырганда 11% тузот). Дайындалган жолок пулдун бир айлык керектелуучу суммасы 80,0мин сомду тузот.
Ушуну менен менин докладым аяктады, көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!
Найман айыл өкмөтүнүн башчысы: Р.Шамаева