Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-июлу №12-6
Жаш бөлүмүнун жашоочуларынын 2018-жылдын 1- июлундагы №1- токтомун бекитүү жөнүндө
Бел айыл аймагынын Жаш мааласинин аты жок көчөлөрүнө ат коюу жөнүндөгү Бел айыл өкмөтүнүң Жаш бөлүмүнүн жашоочуларынын 2018-жылдын 1-июлундагы №1- токтомун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары “жөнундөгү 67-мыйзамынын 7-беренесинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”жөнүндөгү Мыйзамынын 18-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын географиялык объектерди атоо,каттоодон өткөрүү тартиби “жөнундөгү Жобонун 6-пунктуна ылайык Бел айылдык кенешинин (алтынчы чакырылышынын) он экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагынын Жаш участкасынын Кашка бөлүмүндөгү Артыков Таластын үйүнөн Матраимов Нияздын үйүнө чейинки аралытагы көчөгө айылдын тургуну маркум Шарапов Базарбайдын атын коюу жөнүндөгү Жаш участкасынын жашоочуларынын чогулушунун 2018-жылдын 1-июлундагы №1-токтому бекитилсин.
2. Аты коюлган көчөгө тиешелүү болгон көрөнөктөрдү,үйдүн номерлерин жаздырып илдирүү,көчөнү иреттеп,тартипке келтирүү иштерине демөөрчүлүк кылуу маркумдун балдарын тапшырылсын.
3. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө Бел айылынын айыл башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Ж. Сулайманов |