Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-майы № 01-5/94
Муниципалдык менчиктеги транспорт жана негизги каражаттарды эсептен чыгаруу Жобосун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчигинде турган негизги жана транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу Жобосу боюнча шаардык Кеӊештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жеткчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын балансындагы муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарын эсептен чыгаруу Жобосу № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясына балансындагы муниципалдык менчиктеги транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө Жобосу № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Муниципалдык менчиктеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча иш кагаздарын ушул Жобого ылайык жүргүзүүнү муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |
БЕКИТЕМ
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы
_____________ Я.Т.Абдурахманов.
Кезектеги XII cессиянын № 01-5/94-токтомунун № 1-тиркемеси
Кочкор-Ата шаарынын мэриясына балансындагы муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу (списания) Жобосу
Бул Жобо муниципалдык менчиктеги негизги каражаттарды эсептен чыгарууну (списанияны) аныктайт.
Бул Жобо өз алдынча башкаруу органдарынын менчигиндеги негизги каражаттарын аныктайт.
Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурда жүргүзүлөт:
- жарабай калуу;
- эксплатациялоодон келечектеги кандайдыр бир экономикалык пайда же кызматтык потенциял күтүлбөсө.
4.Баланстан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылышы мүмкүн:
а) физикалык эскирүүнүн, авариянын, табигий кырсыктардын, эксплатациялоо шарттарынын бузулушунун натыйжасынан улам пайдаланууга жараксыз абалга келгендер;
б) моралдык жактан эскирген,
5. Негизги каражжатардын пайдаланууга жараксыздыгын, аларды калыбына келтирүү, оңдоонүн мүмкүн эместигин жана натыйжастыгын аныктоо, ошондой эле негизги каражаттарды эсептен чыгарууга зарыл болгон иш кагаздары мэрдин буйругу менен түзүлгөн дайыма иштөөчү комиссия курамы аркылуу жүргүзүлөт.
6. Дайыма иштөөчү комиссия төмөнкү иштерди ишке ашырат:
а) Эсептен чыгарууга жаткан обьектти түздөн-түз кароону жүргүзөт.
б) Зарыл болгон учурда негизги каражаттардын жараксыздыгы жөнүндө корутундуну берүү үчүн адистерди же көз карандысыз эскперттерди чакыра алат.
в) Обьектти эсептен чыгаруунун конкреттүү себептерин белгилейт.
г) Негизги каражаттарды мөөнөтүнөн мурда жарабай калышына күнөөлүү адамдарды табат жана мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчилиги суралат.
7. Автотранспорт каражаттарын эсептен чыгарууда автомобилдин канча жүргөндүгү көрсөтүлөт жана автомобилдин агрегаттарына жана деталдарына жана аны ажыратуудагы алынган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө техникалык мүнөздөмө берет.
а) Негизиги каражаттардын айрым обьектердин эсептен чыгарууга төмөндөгүдөй актыларды түзөт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт (форма НК – 1).
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу жөнүндө акт (форма НК – 2).
8. Баардык түзүлгөн актылар мэр тарабынан бекитилет.
9. Компьютердик техниканы, байланыш каражаатарын баланстан чыгарууда техникалык экспертизациялоо жана ажыратуудан алына турган негизги деталдарды жана түюндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү актылардын көчүрмөлөрү тиркелет.
Жооптуу катчы М.Мадосмонов.
БЕКИТЕМ
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы
_____________ Я.Т.Абдурахманов.
Кезектеги XII cессиянын № 01-5/94-токтомунун № 2-тиркемеси
Кочкор-Ата шаарынын мэриясына балансындагы муниципалдык менчиктеги транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө Жобосу
Бул Жобо муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуунун тартибин аныктайт.
Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча аткаруу органы тарабынан аткарылат.
Муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатып алуучулар баардык юридикалык жактар жана жеке адамдар боло алышат.
Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарынын (номери агрегаттары) мамлекеттик кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик катто кызматы тарабынан сатып алуу макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына ылайык транспорттук каражаттар белгиленген тартипте жергиликтүү Кеңеш тарабынан төмөнкү иш кагаздарынын негизинде жүргүзүлөт:
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын башчысынын чечиминин (1- тиркеме);
- Транспорт каражаттарынын техникалык абалынын актысынын (2- тиркеме);
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын башчысы жана башкы бухалтери күбөлөндүргөн баштапкы наркы тууралуу справкалар (3- тиркеме).
Транспорт каражаттарын баалоо протоколун түзгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (шаардык мэрия) транспорт каражатын сатуу жөнүндө аукционду жарыялайт. Баштапкы баасы болуп комиссия баалаган наркы коюлат.
- Аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүү аны өткөргөн күнгө чейин 30 күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
- жарыяланган баштапкы (старттык) баа боюнча транспорт каражатын сатып алууга кызыккан катышуучулар болбосо, комиссия аукциондун жүрүшүндө старттык бааны 25 тен ашпаган пайызга төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
- транспорт каражатын аукцион аркылуу сатууга мүмкүн болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы транспорт каражатын түз сатууга укугу болот.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сатуучу төлөгөндүгү тууралу иш кагаздарын бергенден кийин транспорт каражаттарын сатып алуу-сатуу келишиминин үч нускада (4-тиркеме) бекитет.
- Бул учурда:
- 1- нускасы өз алдынча башкаруу органда калат;
- 1- нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттин каттоо кызматына жиберилет;
- 1 – нускасы сатуучуга берилет.
Транспорт каражаттарын сатуудан түшкөн акча каражаттары, мыйзам талап кылган тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.
Жооптуу катчы М.Мадосмонов.