Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-майы № 01-5/96
Иш-чаралар программасын бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, шаардык мэриянын жаштардын арасында кылмыштуулука, укук бузуучулука, зордук-зомбулукка жол бербөө алардын алдын алуу иш-чараларын уюштуруу боюнча сунушталган программанын долбоорун угуп жана талкуулап, «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекиликке алып шаардык Кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан иш-чараларын уюштурууга сунушталган программасынын долбоору жактырылсын.
2. «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жаштардын арасында кылмыштуулука, укук бузуучулука, зордук-зомбулукка жол бербөө алардын алдын алуу иш-чараларын уюштурууга сунушталган программасы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Иш-чаралардын программасын ишке ашырууда Коомдук алдын алуу борбору менен биргеликте жүргүзүшсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэриянын социалдык бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |
БЕКИТЕМ
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин
Төрагасы Я.Т.Абдурахманов.
XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
№ 01-5/96 токтомуна № 1-тиркеме
Кырыгыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Мыйзамын Кочкор-Ата шаарында ишке ашыруу боюнча программасынын долбоору
Киришүү:
Кочкор-Ата шаарынын калкы -17 084
Кварталдардын саны – 7
Кожолуктун саны – 4315
Аялдар – 9480, эркектер – 8324
Балдар-өспүрүмдөр – 12-18 жаштагылар – 2 000
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү:
Кочкор-Ата шаарында 12 жаштан 18 жашка чейинки курактагы балдар-өспүрүмдөр, жаштардын саны 2000 ге барабар, башкача айтканда жалпы шаар тургундарынын 12% ын түзөт.Ал эми 2000 дин ичинен кооптуу топтогу (дети риска) балдар 140 барабар . Шаарда балдар-өспүрүмдөрдүн арасында мектептер аралык, коңшу айылдар аралык мушташуулар, массалык урушуулар, мектеп ичиндеги, мектептер аралык рекетчилик сыяктуу кылмыштардын артынан шаардык ички иштер бөлүмүнүн эсебине (учетко)түшүп жатышат. Шаардагы балдар-өспүрүмдөр бош мезгилин туура эмес пайдалануусунун натыйжасында кылмыштуулук, укук бузуучулук, зордук-зомбулук, уруш-мушташуулар, чыр-чатактар күч алууда. Бул көйгөйдүн жаралышына балдардын ата-энелери да себепчи, анткени ата-эне өз укугун жакшы билип, баланын укугун жакшы өздөштүрүп, мектеп менен тыгыз байланышып, балага туура көзөмөл жүргүзсө, туура тарбия берсе мынчалык көрсөткүч өсмөк эмес. Окуя болгонуна карабастан, ата-эне арыз менен керектүү органдарга кайрылбай, кылмышкердин акчасына сатылып же башка себептер менен арыз жазбай эле, кылмышты жаптырып салып жатышат.
Жылдар | Кылмыш(уруш-мушташуулар, зордук-зомбулуктар, укук-бузуулар, сабактан качуу ж.б.) жасаган 12 жаштан 18 жашка чейинки балдар-өспүрүмдөрдүн саны | % көрсөткүчү. |
2015 | 6 | Кооптуу топтогулардын 4,2% ын түзөт |
2016 | 9 | Кооптуу топтогулардын 6,4 %ын түзөт |
2017 | 12 | Кооптуу топтогулардын 8,6%ын түзөт |
Негизинен шаарда китепкана, спорт комплекс, мини футбол комплекси, эс алуу сейил багы, музыкалык мектеп, кружоктор бар. Аларга жаш балдар-кыздар катышып, балдар-өспүрүмдөр барышпайт. Башкача айтканда, чоңойгондо кызыгуулары кетип, өспүрүм куракта катышпай калып жатышат, катышкандарынын саны аз. Балдар-өспүрүмдөр бош мезгилин максатсыз өткөрүшүп, жашоонун мыйзам ченемдери боюнча түшүнүгү жоктугунанбы, жеткиликсиздигиненби, айтоор, кылмышка катышып калып жатышат. Шаар аймагындагы орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары жана атайын орто окуу жай студенттери менен жолугушканыбызда, алар бош мезгилдерин уюштуруу боюнча шаардык деңгээлде иш-чаралар өткөрүлсө, уюштурулса деген ойлорду айтышты.Даталуу күндөргө
карата шаарда өткөрүлгөн иш-чараларга, сынактарга баягы эле жакшы окугандар, сабакка
дайыма катышкандар, таланттуу балдар-кыздар катышып, кооптуу топтогу балдар катышпай калышат.
Көйгөйдүн аталышы:
12-18 жаштагы балдар-өспүрүмдөр (саны-2000) арасында бош убактыларын туура эмес пайдалануусунун натыйжасында кылмыштуулукка,чыр-чатактарга, уруш-мушташууларга, рекетчиликке, укук бузуучулукка барышууда.
Коомдук пайдалуу максаттардын сүрөттөлүшү:
к/№ | Социалдык көйгөйдүн аталышы | Социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучулар (топтор) | Айылдын/кварталдын, көчөнүн аталышы | Ишке ашыруу мөөнөтү | МСЗ формалары | Ресурстар | Күтүлгөн жыйынтыктар | Индикаторлор |
1. | 12-18 жаштагы балдар-өспүрүмдөр (саны-2000) арасында бош убактыларын туура эмес пайдалануусунун натыйжасында кылмыштуулукка, чыр-чатактарга, уруш-мушташууларга, укук бузуучулукка барышууда. | Балдар-өспүрүмдөр (12-18) жаштагылар.
Жалпы саны – 2000, анын ичинде кооптуу топтогу балдар(дети риска) - 140. | Кочкор-Ата шаарынын бардык 7 кварталы. | 2018-жыл сентябрь, октябрь, ноябрь | Коомдук пайдалуу долбоорлор аркылуу ишке ашыруу | Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинен 100 000 (бир жүз миң) сом. (ЖӨБ жөнүндөгү КР Мыйзамынын 18-беренеси, 19-20-пункттар) | Балдардын бош мезгилинин туура уюштуруунун натыйжасында кылмыштуулуктун , чыр-чатак- тардын, уруш-мушташуулардын, укук бузуучулуктун саны азаят. Балдардын ата-энелери да пайдалуу иш-чараларга катышышат. |
Кылмыштуулуктун саны кооптуу топтогу балдардын санына (саны-140) карата эсептегенде 2017-жылы 8,6% түзсө, 2018-жылы 6,4% га кыскарат, башкача айтканда, 9 балага кыскарат. |
12-18 жаштагы балдар-өспүрүмдөр (саны – 2000) арасында кылмыштуулукту, чыр-чатактарды, уруш-мушташууларды, рекетчиликти, укук бузуучулукту алдын алуу максатында, алардын бош мезгилин максаттуу, пайдалуу аракетте өткөрүүгө иш-чараларды уюштуру.
Жооптуу катчы М.Мадосмонов.