Редакцияот 19.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Үгүт айылдык кеӊешинин кезектеги IХ сессиясы

 

2017-жылдын 19-октябры № IХ/6

Байгөнчөк айылынын тургуну, ардагер мугалим Түкүев Жолдошко Үгүт айылдык аймагынын Ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга кѳрсѳтүү» жѳнүндѳ мыйзамына ылайык, Байгөнчөк айылынын тургуну, ардагер мугалим Түкүев Жолдошко Үгүт айылдык аймагынын Ардактуу атуулу наамын берүүнү карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Байгөнчөк айылынын тургуну, ардагер мугалим Түкүев Жолдошко Үгүт айылдык аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ы.Эсенгуловго тапшырылсын.

 

Төрага

Р. Майрыкеева