Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июлу № 1
Калктуу конуштун ичиндеги бош жаткан жер аянттарын муниципалдык менчикке бекитүү жана реестрге киргизүү жөнүндө
Могол айыл аймагындагы калктуу конуштун ичиндеги бош жаткан жер аянттарын муниципалдык менчикке бекитүү жана реестрге киргизүү жөнүндө Могол айыл өкмөтүнүн жер алиси Ш.Алимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагындагы калктуу конуштун ичиндеги бош жаткан жер аянты муниципалдык менчикке бекитүү жана реестрге киргизүү жөнүндө маалыматы көӊүлгө алынсын.
2. Могол айыл аймагындагы калктуу конуштун ичиндеги бош жаткан 3,82 га жер аянты муниципалдык менчикке бекитилип реестрге киргизилсин жана мыйзамдаштырып берүү жагы Базар Коргон райондук мамлекеттик жер каттоо башкармалыгынан суралсын. (тиркеме №1)
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл аймагынын башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке тапшырылсын.
Төрага | Т. Омурзаков |
Могол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын
кезексиз V-сессиясынын №1 Токтомунун
№ 1 тиркемеси
Могол айыл аймагында жайгашкан Могол айыл
өкмөтүнүн муниципалдык менчигине киргизиле турган жер участокторунун Реестри
П/№ | Жер участогунун түрү (объект, өзүнчө жайгашкан участок жана башкалар) | Жайгашкан жери Могол айыл аймагы | Укук белгилөөчү документ (акт жер участогун бөлүү жөнүндө) | Идентификациялык сырбелгиси | Аянты (кВ.м) | Жер участогунун багыты (айыл-чарба багытындагы эмес, курулуш куру үчүн ж.б) | Эскертүү |
1 | Жер тилкеси | Талды-Булакка жетбей жолдун оӊ тарабынан туалет курууга жолдун асты тарабы | КР жер кодексинин 4-ст.3-п | - | 800 м2 | Бош | - |
2 | Жер тилкеси | Чарбак айылынын астынкы кашат участкасынын жолдун сол тарабынан жолдун асты 4800 м2 | КР жер кодексинин 4-ст.3-п | - | 4800 м2 | Бош | - |
3 | Жер тилкеси | Чарбак айылынан Ооган-Талаа айылына башталган мурунку Загат конторадан баштап Ооган-Талаага өтүүчү жолдун оӊ тарабы жана Ооган-Талаага өтө берген көпүрөөгө чейинки жолдун оӊ тарабы | КР жер кодексинин 4-ст.3-п | - | 3825 м2 | Курулуш бар | Артукметов Шерзад |
4 | Жер тилкеси | Чарбак айылынан Ооган-Талаага өтүүчү көпүрөнүн оӊ тарабы | КР жер кодексинин 4-ст.3-п | - | 312 м2 | Курулуш бар | Юлдашов Рустам |
5 |
| Чарбак айылынын Чүӊгөлөк участкасындагы Каримов Садыкбектин үйүнүн үстү тарабындагы бош жаткан жер | КР жер кодексинин 4-ст.3-п | - | 2400 м2 | Бош | - |
6 | Жер тилкеси | Ооган-Талаа айылынындагы эски Больницага кире бергендеги жолдун оӊ тарабы | КР жер кодексинин 4-ст.3-п | - | 1000 м2 | Бош | - |
Могол айыл өкмөтүнүн башчысы: Э.Турдукулов