Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-сентябры № 1
Могол айыл аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, жергиликтүү коомчулукка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында Могол айыл аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө Могол айыл өкмөтүнүн башкы адиси Т.Джунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагынын жергиликтүү коомчулукка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында айыл аймактын Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясы жана биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун жобосу бекитилсин.
2. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясын тез арада ишке ашыруу Могол айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду Могол айыл өкмөтүнүн www.Mogol.kg веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |
Могол айылдык кенешинин VI-чакырылышынын
кезексиз VI-сессиясынын №1-токтомунун тиркемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ
БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ
МОГОЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ СТРАТЕГИЯСЫ
Киришүү
Стратегия муниципалитеттин Социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын (СЭӨП) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө СЭӨПте чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет.
Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт. Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет:
Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет.
ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат – азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет.
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу Могол айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Стратегиянын максаттары жана тапшырмалары
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу Стратегиясынын максаты – Могол айылдык аймагында жогорку сапатта жана азыраак чыгым менен кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүү системасын камсыздоо.
Максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй тапшырмалар аткарылды:
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Аныкталган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жакшыртуу жагын ушул стратегия аныктады.
Учурдагы абалына анализ жасалды.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун өзгөчө натыйжалуу ыкмалары аныкталды.
Стратегияны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы түзүлдү.
Жумушчу топтун курамы
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча жумушчу топ Могол АӨ башчысынын 2017-жылдын 17-майындагы №72 буйругунун негизинде түзүлгөн
№ | Аты-жөнү | Жасаган иши/Ээлеген кызматы |
| Турдукулов Эркин | Могол АӨ башчысы, Жумушчу комиссиянын төрагасы |
| Юлдашев Рустам | Айылдык кеңештин депутаты |
| Жумалиев Уларбек | Айылдык кеңештин депутаты |
| Алыбаева Бактыгуль | Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы |
| Турдуматова Назгуль | Аялдар кеңешинин төрайымы |
| Юлдашева Турсунай | Бала бакчанын тарбиячысы |
| Джунусов Толкун | АӨнүн муниципалдык менчик боюнча адиси |
| Мырзакаримов Искендер | Кара-Ой айыл башчысы |
| Ахмедов Тахир | Чарбак айыл башчысы |
| Тиленов Кыял | Жаштар комитетинин мүчөсү, мал чарбасы боюнча маалымат базасынын оператору |
| Осконбаева Ашырбай | ТСКАКБ төрагасы |
Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун методологиясы
Башында эле Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун Критерийлери аныкталган:
Кызмат көрсөтүү ЖӨБ органдарынын компетенциясында болууга тийиш
СЭӨП – артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүнү тандап алуунун негизи
Кызмат көрсөтүү PSI долбоорунун иш объектиси болбоого тийиш
Иштеп жаткан, бирок жергиликтүү жамаат анын сапатына ыраазы болбогон кызмат көрсөтүүлөрдүн арасынан тандалууга тийиш
Андан кийин фокус топтун катышуучуларын Могол ААнын 2017-жылга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү планына (СЭӨП) кирген иш-чаралар менен тааныштырышты. Ошондой эле CAMI Долбоорунун ишинин алкагында өткөрүлгөн 2017-жылдын 17-мартында ЖӨБОнун кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуу боюнча жолугушуусунун жыйынтыктары тартууланды.
Фокус топтун катышуучуларына кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуунун жыйынтыктары Долбоордун консультанттары сунуштаган критерийлерге канчалык шайкеш келгенин баалоо сунушталды. Андан кийин фокус топтун катышуучулары Стратегияга кошуу үчүн потенциалдуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандашты. Алар буга чейин 2017-жылга бекитилген СЭӨПнын иш-чаралар тизмегине киришкен.
Стратегияга кошулган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги
Стратегияга кошуу үчүн тандалып алынган кызмат көрсөтүүлөрдүн соңку тизмеги төмөнкүдөй болду (алган добуштардын саны көрсөтүлүп, артыкчылыктуулугуна жараша бөлүштүрүлдү):
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Стратегияга кошуу үчүн негиздеме (Көйгөйдүн туюндурулушу) | Көйгөйдүн пайда болуу себептери (Эмненин натыйжасында?) |
1. | Катуу тиричилик калдыктарын жыйноону, чыгарууну жана жокко чыгарууну уюштуруу (11) Жалпы маалымат: Айылдык аймактын чегинде тазалык жана экология маселеси курч турат. Муниципалитетте 3300 үй кожолугу бар. Б.а., 3300ыктымалдуу абонент бар. Айылдык аймакта коммуналдык чарбалык боюнча ишкана жок, таштанды ашар жолу менен тазаланбайт жана системага салынган эмес. Айрым айыл башчылары КТК жыйноону колго алууга аракет жасашкан. Социалдык объекттер кышкысын көмүр жаккандан кийин көп күлдү сыркта чыгарып салышат – 70 тоннага жакын. Чарбак айылында тиф, сарык, ичеги-карын ооруларынын очоктору бар, жашоочулар муну таштанды чыгарылбаганы менен байланыштырышат. | Кызмат көрсөтүлбөйт | Катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр уюштурулган эмес. Тарифтер белгиленген эмес, калк акча төлөбөйт. |
Ремонт иштерин жүргүзүү үчүн өз техника жок. | Жергиликтүү бюджеттин чама чаркы чектелүү. Жергиликтүү бюджетте жылына болгону 18 миң сом каралган, б.а., 13 миң гектар аянт үчүн бул өтө аз. | ||
Катуу тиричилик калдыктарынын көбөйүүсү айылдык аймактын сырткы көрүнүшү жана көркүнө да терс таасирин тийгизип жатат. | Таштанды жок кылынбайт же ар бир үй кожолугу таштандысын өз алдынча жок кылат (үйүнүн короосунда же талаага чыгарат). | ||
2. | Ички жолдордун ремонтун уюштуруу (7) Жалпы маалымат: Айылда ички жолдордун узундугу 263 км, асфальт төшөлгөн эмес. Кара жолдун 20% гана канааттандырарлык абалда, алар да дем берүүчү гранттын эсебинен оңдолгон. Бюджетте жолдун ремонтуна акча көп каралган эмес. Тургундар чакан участокторду өз каражатына оңдоп келишет (шайлоо алдында же белгилүү элеттиктин ысымын ыйгарар алдында). Жол инфраструктурасы да өзгөчө көңүлдү талап кылат: тротуарлар, жол белгилери, арыктар начар абалда. | Ички жолдор талаптагыдай оңдолбойт. | Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча башкаруу системасы чабал. |
Ички жолдорду калыбына келтирүү боюнча жумуштардын сапаты өтө төмөн. | Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган кулактандырууларда техникалык өзгөчөлүктөр так туюндурулган эмес. Кара жолду төшөө технологиясы сакталбайт, ошондуктан жолдор ашып кетсе бир жылга жетет. | ||
Жолдордун боюндагы арык тарамы ремонттолбойт, суу кара жолго чыгып, мунун айынан жолдор талкаланууда | Жол боюндагы инфраструктуранын абалы начар | ||
Ремонт иштерин жүргүзүү үчүн өздөрүнүн техникасы жетишсиз. | Капиталдык чыгымдарды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин чама-чаркы чектелүү. | ||
3. | Таза суу менен камсыздоо (6)
Жалпы маалымат: Суу түтүк тарамы 25 км түзөт. Муниципалитеттеги 6 айылдын экөөндө суу такыр жок. Калган төрт айылда система илең-салаң иштейт. Үч айыл агып келген суу менен, 1 айыл скважина менен камсыздалат. Тарифтер бекитилген, дифференцияланган. Скважинасы бар айылда суу үчүн акы: көчөдөгү колонкадан айына бир үй кожолуктан 60 сом, үйгө жеткен суу түтүгү үчүн – 130 сом. Өзү агы келген суу үчүн: көчөдөгү колонкадан – айына 50 сом, үйдөгү трубадан – 100 сом. ТСКАКБ бардык операциялык чыгымдарды өз алдынча төлөйт. | Кызмат жарым-жартылай көрсөтүлөт | Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча башкаруу системасы чабал. ТСКАКБ бар, бирок толук иштебейт. Калк суу үчүн акча төлөбөйт, акча 50-60% гана чогултулат. Жергиликтүү бюджеттен ремонт жана тарамды кеңейтүү үчүн субсидия катары каражат бөлүнбөйт. |
4. | Балдар жана жаштар үчүн бош убакытты уюштуруу – чакан футбол (6)
Жалпы маалымат: Айылдык аймакта 4 мектепте 4 спорттук зал бар. Ар бир мектепте чоң футбол үчүн өздөрүнүн стадиондору бар. Жаштар заманбап футбол талаасын уюштуруу маселесин көтөрүштү. Айылдык аймакта болжол менен 3000 окуучу бар. Алардын ичинен 1000ге жакыны кызыгышы мүмкүн. | Жаштар өзү менен өзү, бош убактысын кантип өткөрөрүн билбейт. Кылмыштуулук жогору, жаштар уюшкан кылмыштуу топторго азгырылып кетет деген коркунуч күч. | Айылдык аймакта спортту өнүктүрүү программасы жок. |
Кызмат көрсөтүү балдардын жана жаштардын керектөөсүн канааттандырбайт. Бюджетте акча аз каралган. Спорттук иш-чаралар гана каржыланат. | Кызмат көрсөтүүнү башкаруу боюнча башкаруу системасы чабал. Спорт менен алектенүү үчүн заманбап залдар жана аянтчалар, жабдуулар жана шаймандар жетишсиз. Квалификациялуу машыктыруучулар жетишсиз. Окутуучу адистердин маянасы төмөн. |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жана Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы
№1 кызмат көрсөтүү боюнча стандарттар: Катуу тиричилик калдыктарын жыйноону жана чыгарууну уюштуруу
№ | Стандартты иштеп чыгуу үчүн критерий | Кызмат көрсөтүүнүн стандарты |
| Жеткиликтүүлүк | Турак жай секторунда КТК жыйноо үчүн атайын жерлер бири биринен 500 м аралыкта уюшулган. КТК жыйноо үчүн келген машине калкка белги берип, таштанды чогултула баштаганынан кабар берет |
| Ыңгайлуулук | КТК жүктөө процесси мындайча уюштурулган: жумушчулар калкка КТКны машинеге ташыганга жардам берет |
| Кызмат көрсөтүүнүн сапаты | Кызмат көрсөтүү өз убагында бекитилген графикке ылайык аткарылат КТК жыйноо жери таза бойдон калат КТК жыйноо үчүн иштеген атайын техника жана квалификациялуу жумушчулар тартылган |
| Ишке ашырылган убактысы | Кызмат көрсөтүү аптасына бир жолу – 08:00дөн 12:00гө чейин ишке ашырылат |
№1 кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы: Катуу тиричилик калдыктарын жыйноону жана чыгарууну уюштуруу
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык/ продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуу |
№1 кызмат көрсөтүүнүн аталышы Катуу тиричилик калдыктарын жыйноону жана чыгарууну уюштуруу | |||||
Максаты: Могол айылдык аймагында КТК жыйноо жана чыгаруу боюнча башкаруу системасын жакшыртуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор) Чыгарылган таштандынын көлөмү Кызмат көрсөтүүнү алган абоненттердин саны Кызмат көрсөтүүнү алган айылдардын айылдык аймактагы көчөлөрдүн саны | ||||
№1 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелинди | ||||
1.1. | КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифин рентабелдүүлүгүн эсепке алуу менен иштеп чыгуу | КТК чыгаруу үчүн тарифтин көлөмүнүн долбоору иштелип чыкты | Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты CAMI |
25-сентябрь | Жумушчу комиссиянын төрагасы ФЭБ жетекчиси Айыл өкмөттүн соцкызматкери |
№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана ресурс менен толтуруу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Баасы (тарифтер) жергиликтүү жамаат менен макулдашылды; Кызмат көрсөтүүлөр үчүн каржылоо булактары аныкталды. | ||||
2.1. | Коомдук угууларда же айылдык чогулуштарда тарифти жергиликтүү жамаат менен талкуулоо, макулдашуу жана кызмат көрсөтүүнүн басын ресурс менен толуктоо | КТК жыйноо үчүн тарифтин көлөмүн жактыруу тууралуу коомдук угуулардын протоколу | Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты CAMI |
5-октябрга чейин | Жумушчу комиссиянын төрагасы ФЭБ жетекчиси Айыл өкмөттүн соцкызматкери Айылдардын башчылары АК депутаттары |
2.2. | Жергиликтүү кеңештин КТК чыгаруу үчүн тарифти бекитүүсү | КТК чыгаруу үчүн тарифти бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому | Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты Жергиликтүү кеңештин профилдик комитети Жергиликтүү кеңеш CAMI |
10-октябрь | Жумушчу комиссиянын төрагасы Айыл өкмөттүн ФЭБ жетекчиси Жергиликтүү кеңештин профилдик комитетинин төрагасы Жергиликтүү кеңештин төрагасы |
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынды | ||||
3.1. | Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча ачык конкурсту өткөрүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү | Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобону бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобо | Жумушчу комиссия Жергиликтүү кеңеш Айыл өкмөтүнүн аппараты CAMI |
25-октябрь | Жумушчу комиссиянын төрагасы Жергиликтүү кеңештин төрагасы Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси |
3.2. | Конкурстук комиссияны түзүү | Конкурстук комиссияны түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчынын буйругу | Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты |
31-октябрь | Жумушчу комиссиянын төрагасы Айыл өкмөт башчысы Жооптуу катчы |
3.3. | Жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү | Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын протоколу | Конкурстук комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты |
9-ноябрь | Конкурстук комиссиянын төрагасы Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси |
3.4. | Айыл өкмөтү менен кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү ортосунда тейлөө келишимин иштеп чыгуу, аны түзүү | Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү тууралуу тейлөө келишими | Айыл өкмөтүнүн аппараты Жумушчу комиссия Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү |
17-ноябрь | Айыл өкмөт башчысы Жумушчу комиссиянын төрагасы Жооптуу катчы Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү |
3.5. | Муниципалдык мүлктү колдонуу келишимин даярдоо, түзүү(ижарага берүү, чарба жүргүзүү) | Муниципалдык мүлктү колдонууга келишим (ижара, чарба жүргүзүү) | Айыл өкмөтүнүн аппараты Жумушчу комиссия Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү |
17-ноябрь | Айыл өкмөт башчысы Жумушчу комиссиянын төрагасы Жооптуу катчы Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү |
3.6. | Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү менен абоненттер ортосунда келишимди иштеп чыгуу, абоненттик келишимди түзүү | Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүү тууралуу абоненттик келишим | Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү Айыл өкмөтүнүн аппараты Абоненттер |
22-ноябрь | Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү Абоненттер |
№4 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Жергиликтүү жамаат кызмат көрсөтүү боюнча мониторинг жана баалоо тууралуу маалыматка ээ болду | ||||
4.1. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) тууралуу Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү | Жергиликтүү кеңештин токтому | Жумушчу комиссия Жергиликтүү кеңеш Айыл өкмөтүнүн аппараты CAMI |
11-сентябрь | Жумушчу комиссиянын төрагасы Жергиликтүү кеңештин төрагасы Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси |
4.2. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзүү | БМжБТ түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын буйругу | Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты CAMI |
22-ноябрь | Айыл өкмөт башчысы Жумушчу комиссиянын төрагасы Жооптуу катчы |
4.3. | Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү | Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБТ актысы БМжБТ отчету | БМжБТ |
үзгүлтүксүз | БМжБТ төрагасы
|
№ | Стандартты иштеп чыгуу үчүн критерий | Кызмат көрсөтүүнүн стандарты |
| Жеткиликтүүлүк |
|
| Ыңгайлуулук |
|
| Кызмат көрсөтүүнүн сапаты |
|
| Ишке ашырылган убактысы |
|
№2 кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы: Ички жолдордун ремонтун уюштуруу
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык /продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуу |
Максаты: Могол айылдык аймагындагы ички жолдордун абалын жакшыртуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Оңдолгон ички жолдордун километражы | ||||
№1 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн стандартын аныктоо | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Жергиликтүү кеңеш кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгып, бекиткен | ||||
№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу ыкмасын жана формасын тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу ыкмасы жана формасы тандалды | ||||
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелди | ||||
№4 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана ресурс менен толуктоо | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы (тарифи) жергиликтүү жамаат менен макулдашылды; Кызмат көрсөтүүнү каржылоо булактары аныкталды | ||||
№5 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынды | ||||
№6 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынды | ||||
№3 кызмат көрсөтүү боюнча стандарттар: Таза суу менен камсыздоо
№ | Стандартты иштеп чыгуу үчүн критерий | Кызмат көрсөтүүнүн стандарты |
| Жеткиликтүүлүк |
|
| Ыңгайлуулук |
|
| Кызмат көрсөтүүнүн сапаты |
|
| Ишке ашырылган убактысы |
|
№3 кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы: Таза суу менен камсыздоо
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык /продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуу |
Максаты: Могол айылдык аймагынын жашоочуларынын таза сууга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Таза сууга жеткиликтүүлүккө ээ болгон үй кожолуктардын саны | ||||
№1 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн стандартын аныктоо | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Жергиликтүү кеңеш кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгып, бекиткен | ||||
№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу ыкмасын жана формасын тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу ыкмасы жана формасы тандалды | ||||
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелди | ||||
№4 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана ресурс менен толуктоо | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы (тарифи) жергиликтүү жамаат менен макулдашылды; Кызмат көрсөтүүнү каржылоо булактары аныкталды | ||||
№5 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынды | ||||
№6 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынды | ||||
№4 кызмат көрсөтүү боюнча стандарттар: Балдардын жана жаштардын бош убактысын уюштуруу
№ | Стандартты иштеп чыгуу үчүн критерий | Кызмат көрсөтүүнүн стандарты |
| Жеткиликтүүлүк |
|
| Ыңгайлуулук |
|
| Кызмат көрсөтүүнүн сапаты |
|
| Ишке ашырылган убактысы |
|
№4 кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы: Балдардын жана жаштардын бош убактысын уюштуруу
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык /продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуу |
Максаты: Могол айылдык аймагынын балдары жана жаштары үчүн чакан футболду өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Чакан футбол менен алектенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон балдардын жана жаштардын саны | ||||
№1 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн стандартын аныктоо | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Жергиликтүү кеңеш кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгып, бекиткен | ||||
№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу ыкмасын жана формасын тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу ыкмасы жана формасы тандалды | ||||
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелди | ||||
№4 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана ресурс менен толуктоо | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы (тарифи) жергиликтүү жамаат менен макулдашылды; Кызмат көрсөтүүнү каржылоо булактары аныкталды | ||||
№5 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынды | ||||
№6 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынды | ||||