Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-майы № 1
Могол айылдык Кенешинин 2018-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Могол айылдык Кенешинин 2018-жылга түзүлгөн иш-планынын долбоорлору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айылдык Кенешинин 2018 -жылга түзүлгөн иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-пландын аткарылышын камсыз кылуу Могол айылдык Кенешинин катчысы Б.Алыбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Омурзаков |
Могол айылдык Кеңешинин
2018-жылдын 2-майындагы кезектеги
IХ-сессиясынын №1-токтомуна тиркеме
Могол айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата
ИШ ПЛАНЫ
№ |
Каралуучу иш пландардын мазмуну |
Убактысы |
Ким даярдайт
|
1 | 1. Могол айылдык Кенешинин иш планын бекитүү. 2. Туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү |
I-кв |
Депутаттык топ |
2 | 1. Кылмыштуулукту алдын алуу чаралары жана айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык инспекторлорунун аткарган иштеринин отчетун угуу. 2. Коррупцияны алдын алуу жана болтурбоо чаралары, коррупциялык тобокелчиликтерди аныктоо. |
II -кв |
Депутаттык топ |
3 | 1. Могол айылдык Кенешинин аймагындагы социалдык обьекттердин учурдагы оңдоодон чыгарылышы жана кышка даярдыгы жөнүндө. |
III -кв |
Депутаттык топ |
4 | 1.Могол айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга аткарылышы жана 2019-жылга түзүлүшүн бекитүү. 2.Могол айыл аймагынын 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчетун угуу жана 2019-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын бекитүү.
|
IV- кв |
Депутаттык топ |
Могол айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары: Р.Юлдашев