Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-октябры № 4
Шаардык мэриянын 28.09.2018-жылдагы “Шамалды-Сай муниципалдык “Сууканал” мекемесинин Жобосун бекитүү тууралуу” №01-14/1534 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 28.09.2018-жылдагы “Шамалды-Сай муниципалдык “Сууканал” мекемесинин Жобосун бекитүү тууралуу” №01-14/1534 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезексиз 8– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 28.09.2018-жылдагы “Шамалды-Сай муниципалдык “Сууканал” мекемесинин Жобосун бекитүү тууралуу” №01-14/1534 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Шамалды-Сай муниципалдык “Сууканал” мекемесинин Жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет)
Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Төрага | С. Сансызбаев |
Бекитилди”
Таш-Көмүр шаардык депутатар Кеңешинин
8 - сессиянын № 4 токтому
“25 ” октябрь 2018-ж
Шамалды-Сай
Муниципалдык “Сууканал” мекеме жөнүндө
Ж О Б О
ЖАЛПЫ ЖОБО
Шамалды-Сай чарбалык эсептеги “Сууканал” мекемеси статистикалык бирдиктеги - серия ДГР каттоо номери 11384 код ОКПО 20999402 26-июль 1995-жылдагы мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн негизинде түзүлгөн. Шамалды-Сай чарбалык эсептеги “Сууканал” мекемеси юридикалык жактан Мамлекеттик кайра каттоодо Шамалды-Сай муниципалдык “Сууканал” мекемеси деп аталат..
Шамалды-Сай муниципалдык “Сууканал” мекемеси өзүн өзү каржылоо жана өзүн өзү камсыз кылуу прицибиндеги, шаарчаны таза суу менен камсыздоо жана борбордук чыгынды суу системасын колдонуудагы коммуналдык тейлөө кызматын көрсөтүү боюнча муниципалдык өндүрүштүк-чарбалык комплекс болуп эсептелет.
Муниципалдык “Сууканал” мекеме өзүнүн ишмердүүлүгүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын;
калкты таза суу жана чыгынды сууну колдонуу боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүдө инженердик-техникалык камсыздоо эрежелерин жана шарттарын
жана курулуш - санитардык нормаларды жана эрежелерди жетекчилике алат.
Муниципалдык “Сууканал” мекемеси:
өз алдынча балансы;
эсептик счету;
банктарда башка счеттору бар;
Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн мөөрү жана бурч мөөрү;
кыргыз жана орус тили аталыштагы белгиленген үлгүдөгү бланкасы бар юридикалык жак болуп эсептелет. Коюлган тапшырмалардын негизинде керектүү иштерди жана операцияларды иш жүзүнө ашырат.
1.5. Ишкананын толук аталышы:
Мамлекеттик тилде: Шамалды-Сай муниципалдык “Сууканал” мекемеси;
Расмий тилде: Шамалды- Сайское муниципальное учреждение “Водоканал”;
Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы Жалал-Абад областы Таш-Көмүр шаары Шамалды-Сай шаарчасы Ленин көчөсү №29
Шамалды-Сай муниципалдык “Сууканал” мекемеси өзүнүн ишмердүүлүгүндө 2006-жылдын 28-мартынан Таш-Көмүр шаардык мэрияга караштуу Шамалды-Сай аймактык башкармалыка баш ийет.
Муниципалдык “Суу канал” мекемесинин мүлкү мыйзам чегиндеги фонддор жана резервдер, чарба иштерин жүргүзүүдө түзүлгөн башка акчалай жана мекеменин туруктуу материалдык ресурстары.
МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
2.1. Муниципалдык “Сууканал” мекеменин максаты калкты жана социалдык- маданий,
үй чарбалык жана башка мекеме-ишканалардын жана башка шаарчанын бардык чарба тармагын жогорку сапатта , минималдуу баада таза суу менен камсыз кылуу жана шаарчанын саркынды сууларын жөнгө салуу;
2.2. Муниципалдык “Сууканал” мекемесинин милдеттери:
ичүүчү суу жана саркынду суу түтүктөрүн колдонууда акылуу кызмат көрсөтүү
Коммуналдык чарбаны комплекстүү өнүктүрүүнү ишке ашырууда шаарчанын коммуналдык обьектилерин башкарат.
Коммуналдык чарба тармагындагы техникалык денгээлди көтөрүүгө, шаарчаны көрктөндүрүүгө, өндүрүштүн эффектүүлүгүнө, тейлөөнүн сапатына жана маданиятына багытталган бирдиктүү техникалык саясатты жүргүзөт
Күз, кыш мезгилдерине карата коммуналдык чарбадагы обьектилерди даярдайт;
Тиричилик максаттагы түзүлүштөр жана обьектилердин курулушунда техникалык абалын көзөмөдөйт жана бул курулуштарды колдонууга кабыл алууда жумушчу жана мамлекеттик комиссияга катышат.
Суу түтүк жана саркынды суу тармагын, колонкаларды жана башка түзүлүштөрдү колдонууда абалын дайыма көзөмөлдөп турат,
“Сууканал” мекемесинин укугу: шаарча аймагындагы ичүүчү суу жана борбордук саркынды суу канализациясын колдонгон бардык керектөөчүлөр жана менчик ээсине карабастан мекеме, ишканалар менен келишим түзөт.
Муниципалдык “Сууканал ” мекемесинин кызматкерлеринен башка адамдарга суу жана саркынды суу люктарды ачууга, башка ремонт иштерди жасоого тыюу салат.
Ичүүчү сууга жана саркынды суу түтүктөрүн колдонууда төлөмдөрүн убагында төлөбөгөн физикалык жана юридикалык жактарга мыйзам чегинде адиминистративдик жана башка жазаларды колдонот.
Ичүүчү суу жана саркынды суу түтүктөрүн колдонууда жарандардын кайрылуу арыздарын карайт.
Муниципалдык “Сууканал” мекемеге тиешелүү суу жана саркында суу түтүктөрүн мамлекеттик, коммерциялык соодада, керек болгон учурда бартердик жана рыноктук шартта сатып алат жана сатат.
Өндүрүштүк, социалдык –экономикалык жана башка маселелерди өз алдынча чечет.
Муниципалдык “Сууканал” мекемесинин башчысын Таш-Көмүр шаардык мэрияга караштуу Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгы бекитет жана ээлеген кызматынан бошотот .
Муниципалдык “Сууканал” мекемесинин башчысынын компетенциясына:
мекеменин кызыкчылыктарын бардык денгээлде коргойт;
келишим түзөт, ишеним кат берет;
кызматкерлердин функционалдык милдеттерин бекитет;
мекеменин ишин башкарат;
кызматкерлерди жумушка кабыл алат жана бошотот;
өз ыйгарым укугуна ылайык буйрук чыгарат;
Каржылоо булактары
3.1. Мекеменин ишкердүүлүгүн каржылоо бутактары болуп юридикалык, физикалык
жактарга кызмат көрсөтүүдөн жыйналган муниципалдык “Сууканал” мекемеге түшүүчү каражаттар жана шаарчанын чарбалык иш-чараларын ишке ашыруу үчүн мыйзам чегинде тыюу салынбаган булактар болуп эсептелет.
3.2. Мекеменин мүлкү анын структуралык бөлүмүндөгү жана өздүк балансында турган
мүлктөрдөн турат.
3.3. Мекеме бекитилген мүлктү оперативдик башкаруу укугунун негизинде колдонот,
бөлүштүрөт жана ээлик кылат.
3.4. Мекеме эсеп жана башка счетко ээ, каралган чыгымдарды максаттуу каржылоону
көздөйт.
Эсеп жана отчет
Муниципалдык “Сууканал” мекемеси мыйзам чегинде белгиленген тартипте статистикалык, бухгалтердик эсеп-кысапты жүргүзөт, тактыгы тууралуу толук жоопкерчилик алат жана аткарган иштери боюнча квартал сайын шаардык статистикалык бөлүмгө, аймактык башкармалыка маалымат берет.
Мамлекеттик органдарга зарыл маалыматтарды берет.
Мекемени кайра түзүү жана жоюу
5.1. Мекемени кайра түзүү жоюу жана ишкердүүлүгүн токтотуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт, же соттун чечими аркылуу кабыл алынат.
Муниципалдык “Суу канал”
мекеменин жетекчиси А.Суеркулов