Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №56
Куршаб айылдык кеңешинин депутаттарынан убактылуу жумушчу топту жана Куршаб айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн убактылуу комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө
2018-жылдын 16-февралынан ишке киришкенге чейинки мезгилиндеги «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги»муниципалдык биргелешкен ишканасынын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү боюнча Куршаб айылдык кеңешинин депутаттык убактылуу жумушчу топтун жана Куршаб айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн убактылуу комиссиянын курамын түзүү жөнүндөгү маселени угуп талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХIV кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 16-февралынан ишке киришкенге чейинки мезгилиндеги «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасынын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү боюнча Куршаб айылдык кеңешинин депутаттык убактылуу жумушчу топтун курамы №1-тиркемеге жана Куршаб айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн убактылуу комиссиянын курамы №2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топтун жана убактылуу комиссиянын иш мерчеми түзүлсүн жана бекитилсин.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |
Куршаб айылдык кенештин
VI-чакырылышынын 14-сессиясынын
2018-жылдын 16-февралындагы №56 Токтомунун
№1 тиркемеси
2018-жылдын 16-февралынан ишке киришкенге чейинки мезгилиндеги «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги»муниципалдык биргелешкен ишканасынын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү боюнча Куршаб айылдык кеңештин депутаттык убактылуу жумушчу топтун КУРАМЫ
Жумаев Б. – айылдык кеңештин төрагасынын орун басары,
Жумушчу топтун төрагасы
мүчөлөрү :
Ташиев А. айылдык кенештин финансы,бюджет.экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
Каримов Б. айылдык кенештин турак жай, курулуш, өнөр жай, жер, жерге жайгашытруу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
Калыкова А. – айылдык кенештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каадасалт.дин.тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы;
Торогелдиев О. айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук, тарипти чыңдоо, регламент, этика боюнча комиссиянын төрагасы.
Абдимиталипов А. айылдык кенештин энергетика, транспорт, байланыш, таза суу, коммуналдык чарба чыңдоо боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары.
Пусуров К. айылдык кенештин айыл чарба, суучарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча комиссиянын төрагасы.
Айылдык кеңештин
жооптуу катчысы Макамбаева Э.
Куршаб айылдык кенештин
VI-чакырылышынын 14-сессиясынын
2018-жылдын 16-февралындагы №56 Токтомунун№2 тиркемеси
2018-жылдын 16-февралынан ишке киришкенге чейинки мезгилиндеги «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасынын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү боюнча Куршаб айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн убактылуу комиссиянын КУРАМЫ
Сазанов М. – Куршаб айыл өкмөт башчысынын орун басары,
Убактылуу комиссиянын төрагасы
мүчөлөрү :
Байматов Т.- Куршаб айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы.
Каныбек уулу Д.- Соц.адиси.
Маматов Б.- жер адиси.
Жээнбеков М.- Шагым айылынын айыл башчысы.
Шерматов П.- Куршаб айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу. Жер адисинин жардамчысы.
Авазов Ч.- Куршаб таза суу ИСКАКБсинин жетекчиси.
Айылдык кеңештин
жооптуу катчысы Макамбаева Э.