Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели №66
Куршаб таза суу ИСКАКБ ишканасынын 2017-жыл үчүн аткарган иштери туралуу отчету 2018-жылга өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Куршаб тазасуу ИСКАКБ ишканасынын2017-жылга карата аткарган иштеринин отчету жана 2018-жылга өнүгүү планы жөнүндөгү маселени Энергетика, транспорт,байланыш,таза суу,комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХV кезектеги сессиясы талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб тазасуу ИСКАКБ ишканасынын2017-жылга карата аткарган иштери жана отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Куршаб тазасуу ИСКАКБ ишканасынын2018-жылга карата өнүгүү планы атайын тиркемеге ылайык жактырылсын жана бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин энергетика, транспорт,байланыш,таза суу,комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |
Тиркеме Куршаб айылдык
кенешинин № 66 токтому
менен бекитилген.
Айыл аимактын калктуу конуштарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иш-чараларынын мерчеми
№ | Иш-чаралардын аталышы | Иш-чаралардын мөөнөтү | Иш-чаралардын катышуучула |
1 | Айыл аймактын калктуу конуштарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарынын обьектилерин техникалык толук каттоодон (инвентаризациялоо) өткөрүү | 2018-жылдын 1-февралына чейин | Айыл өкмөттүн адистери Айыл башчылар с СООППВ Агенттик |
2 | Айыл аймактын калктуу конуштарындагы ичуучу суу менен камсыздоо тутумдарынын обьектилерине техникалык иш-кагаздардын (чиймелер, схемалар ж.б.) долбоорлорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын 1-мартына чейин | Айыл өкмөттүн адистери СООППВ Агенттик |
3 | Айыл аймактын ичуучу суу менен камсыздоо тутумдарынын обьектилерине муниципалдык менчик укугун аныктоо жана аларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү менен укуктарын күбөлөндүрүүчү иш-кагаздарын алуу | 2018-жылдын 1-мартына чейин | Айылдык кеңеш Айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери |
4 | Айыл аймактын ичүүчү суунун пайдалануучуларынын тизмесин чарбалык китептерден тактоо. Чарбалык китептерден такталган ичүүчү суу пайдалануучуларынын тизмесин 2017-жылдын 1-январына карата айыл аймактын айылдарында анык жашаган жашоочуулардын саны менен салыштыруу | 2018-жылдын 1-мартына чейин | Айыл өкмөттүн адистери Айыл башчыл СООППВ Агенттик |
5 | «Өзгөн районунун ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананынын жергиликтүү ондоо-тейлее участогун жайгаштыруу иш-чараларын жүргүзүү | 2018-жылдын 1-мартына чейин | Айылдык кеңеш Айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери |
6 | Айыл аймактын жергиликтуу жааматынын мүчөлөрүнүн атышуусунда жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча коомдук угууларды өткөрүү | 2017-жылдын 1-мартына чейин | Айылдык кеңеш Айыл өкмөт Агенттик |
7 | Айыл аймактын муниципалдык менчиктеги ичуучу суу менен камсыздоо тутумдарын «Өзгөн районунун ичуучу таза суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасына чарба жургузуу укугу менен өткөрүп берүү | 2018-жылдын 1-апрелине чейин | Айылдык кенеш Айыл өкмөтү Агенттик |
Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы: Боронова Г.