Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-июлу № 77
Куршаб айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОну бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Куршаб айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБОну бекитүүжөнүндөгү маселени Куршаб айылдык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият(каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, регламент, этика боюнчабоюнча туруктуу комиссияларында алдын ала каралып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХVII кезектеги отуруму талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жана жөнгө салуу жөнүндө ЖОБО атайын тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, регламент, этика боюнча жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият(каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |
Куршаб айылдык кеңешинин VI чакырылышынын
2018-жылдын 2-июлундагы кезектеги сессиясынын №___токтомуна
Тиркеме
Куршаб айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» жөнүндө Жобо
Жалпы жоболор
Куршаб айыл аймагынын деңгээлиндеги Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы Куршаб айыл аймагында жарандарды сыйлоонун эң жогорку формасы жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, элдердин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциалын арттырууга кошкон салымы, ошондой эле мамлекеттин жана элдин алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги сиңирген эмгегин таануу болуп саналат.
Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы Куршаб айыл аймагынын башчысы тарабынан уюштурулат. Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы мамлекеттик тилде жазылат.
Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамына көрсөтүүнүн, ыйгаруунун, тапшыруунун, сактоонун тартиптери жана башка эрежелер ушул Жобого ылайык жөнгө салынат.
Чет өлкөдө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын, анын ичинде Куршаб айыл аймагынын алдында сиңирген эмгектери үчүн Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы менен сыйланышы мүмкүн. Аларды сыйлоо боюнча сунуштар жалпы негиздерде берилет.
Бир эле адам Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы менен эки жолу сыйланышы мүмкүн эмес.
5.1 Атуулдарды алардын юбилейлерине байланыштуу Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамына көрсөтүүгө жол берилбейт.
Ардактуу наам” ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айыл өкмөтү кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен айылдык Кеңешке жөнөтөт.
“Ардактуу атуул” наамына талапкерлердин документтери айылдык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна койулуп, жалпы депутатттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамына көрсөтүүнүн тартиби
Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы менен сыйлоо жөнүндө сунушту төмөндөгүлөр сунуштай алат:
– облустук мекеме-ишканалар (менчигинин түрүнө карабастан);
– жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумдары;
– өкмөттүк эмес уюмдар;
– башка мамлекеттик органдар.
Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөр биринчи кезекте ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында талкууланууга тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөрдү кароодо талапкерлердин мамлекетке жана элге жасалган иштеринин сиңирген эмгегин дыкаттык менен аныктап, жыйынтыгында Куршаб айылдык Кеңешине сунуштарды даярдап киргизет.
Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы менен сыйлоо жөнүндө сунуштарда, сунушталган адамдын сапатын мүнөздөгөн маалыматтар, тармакта жана тиешелүү жамаатта иштеген жалпы эмгек стажы, Куршаб айыл аймагына конкреттүү сиңирген эмгектери, ишинин натыйжалуулугу жана сапаты жөнүндө маалыматтар, алган мамлекеттик,аймактык жана өкмөттүк сыйлыктарынын көчүрмөлөрү тиркелет.
Сунуштарга сыйланууга сунушталган адамдын 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана түстүү фото сүрөтү тиркелүүгө тийиш.
Үстүнөн оңдолуп жана түзөтүлүп жазылган, туура эмес толтурулган жана фотосүрөтү болбогон сыйлоо материалдары карап чыгууга кабыл алынбайт.
Сыйлоо боюнча материалдарга, сунуш кылып жаткан юридикалык жактардын жетекчилеринин колтамгасы коюлат жана алардын мөөрлөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Сыйлоо же сыйлоодон баш тартуу жөнүндө Комиссиянын чечимдери боюнча атуулдардын даттануулары жана арыздашуулары каралбайт.
Сыйлыкка көрсөтүү үчүн сунушка тиркелүүчү документтердин тизмеги төмөндөгүлөрдү камтыйт:
– талапкерлерди Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамына көрсөтүү тууралуу мекеме-уюмдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы чогулуштарынын протоколдору, токтомдору жана сунуштары; (чогулушка катышкан жарандардын кол коюлган тизмеси тиркелсин)
– талапкердин өздүк баракчасы;
– талапкердин өмүр баяны;
– талапкердин Кыргыз Республикасына, Куршаб айыл аймагына сиңирген өзгөчө эмгектери жөнүндө справкалар;
– талапкердин 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана түстүү фотосүрөт;
– талапкердин эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
– талапкердин мамлекеттик сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
– талапкердин паспортунун көчүрмөсү;
– зарыл болгон шартта атайын комиссия тарабынан башка документтер талап кылынышы мүмкүн.
3. Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруунун жана тапшыруунун тартиби:
Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы менен сыйлоо тууралуу сунуштар, жылына бир жолу гана Куршаб айылдык кеңешинин токтому менен Куршаб айыл аймагынын башчысынын буйругунун негизинде каралат.
Сунуштарды карап чыгуу Куршаб айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы карап чыгып, Куршаб айылдык кеңешинин сессиясына сунуштайт. Зарыл болгон учурда атайын комиссиянын ишине сыйлыкка келген материалдарды калыс кароо үчүн адистер, мекеме-ишканалардын, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.
Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы төмөндөгүдөй инсандарга ыйгарылышы эске алынат:
– СССР учурундагы жана азыркы мезгилдеги сиңирген эмгектери үчүн орден, медалдар, Жогорку Кеңештин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлангандар, баатырдык наамга ээ болгондор, көрүнүктүү илимий даражалуу окумуштуулар, баардык багыт боюнча эмгек сиңирген ишмерлер, облустун, республиканын чегинде жашагандыктарына карабастан Куршаб айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон эмгеги үчүн элге эмгеги сингендер;
– Куршаб айыл аймагынын элинин намысын бийик көтөрүп, эл арасында кадыр-баркы чоң,эл сыйлаган, ынтымак, биримдикти чыңдагандар;
– Куршаб айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, маданиятына көп жылдар бою үзгүлтүксүз салым кошуп, мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон мамлекетибиздин ар кандай тармактарында эмгектенгендер, мамлекттик жана коомдук иштерде үзгүлтүксүз үзүрлүү салым кошкон элдин кадыр баркына ээ болгон инсандар;
– Куршаб айыл аймагындагы мекемелерди он жылдан кем эмес үзүрлүү жетектеп, алардын чарбалык, экономикалык, социалдык-маданий жактан өнүгүүсүнө татыктуу салымын кошкондор;
– Куршаб айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө инвестиция тартып өзгөчө салымын кошкон жарандар, чет жерде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар
– мурда Куршаб айыл аймагынын өнүгүшүнө баалуу салымдарын кошуп, учурда эл журтка сөзү, жүрүш-турушу менен үлгү болгон, элдин ынтымагын, биримдигин, чыңдоого, жаштарды тарбиялоого жумшаган эмгеги жогору бааланган эмгек ардагерлер.
18. Атайын комиссия Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамына сунушталган талапкерлердин материалдарын өзүнүн заседаниелеринде карап жыйынтыгы менен тийиштүү сунуштамаларды берет.
19. Атайын комиссиянын чечими комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добуш берүүсү аркылуу кабыл алынат.
Атайын комиссиянын отурумдары, комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн эки саны катышканда отурум өттү деп таанылат.
Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамына сыйлоого сунуштарды атайын комиссия тарабынан карап чыгышынын натыйжалары талапкерди сунуш кылган органга мыйзамдарда белгиленген тартипте билдирилет.
4.Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын тапшыруунун тартиби
22. Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы сыйланган адамдын өзүнө салтанаттуу кырдаалда тапшырылат.
Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын тапшыруу алдында Куршаб айылдык кеңешинин токтому, бул боюнча Куршаб айыл өкмөтүнүн буйругу окулат.
Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы Куршаб өкмөтүнүн сыйлык берүү жөнүндө буйругуна кол коюлган күндөн баштап бир айдан кечиктирилбестен тапшырылат.
Сыйланган адамга сыйлыкты тапшыруу менен бир эле учурда төмөндөгүлөр берилет:
“Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу” күбөлүгү;
“Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу” медалы.
“Куршаб айыл аймагынын Ардактуу атуулу” лентассы.
26. Сыйлоо жөнүндө документтердин мөөнөтү болбойт. Сыйлоо жөнүндө документтерде кандайдыр-бир оңдоолорго жол берилбейт. Сыйлоо жөнүндө документ сыйланган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу алмаштырылбайт.
27. Сыйланган адамдын фамилиясынын, атынын, атасынын атынын жазылышында айырмалар табылган учурда жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу органы тарабынан тактоо актысы түзүлүп, катачылыктарды оңдоо боюнча чаралар көрүлөт.
5.Куршаб айыл аймагынынАрдактуу атуулу наамын, документтерин, төш белгилерин сактоонун тартиби
Куршаб айыл аймагынынАрдактуу атуулу наамына татыктуу болгон адамдар ал сыйлыктарды сактоону камсыз кылууга тийиш. Сыйлыктар, ошондой эле анын документтери жоголуп кеткен учурда сыйлангандар сыйлыкка болгон өз укуктарын сактап калат.
Куршаб айыл аймагынынАрдактуу атуулу наамы менен сыйлоо тууралуу документтер жоголуп кеткен учурда, сыйланган адамдын же болбосо анын жакын туугандарынын (сыйланган адам каза болуп калган учурда, кайрылууга мүмкүнчүлүгү болбосо), сыйланган адамды сунуш кылган мекеме-уюмдардын өтүнүчтөрү боюнча атайын комиссиянын чечими менен тийиштүү документтердин дубликаттары берилет. Ал эми сыйланган адамдардын “ Куршаб айыл аймагынынАрдактуу атуулу” төш белгилери жоголуп кеткен учурда алар кайра жазалып берилбейт.
Куршаб айыл аймагынынАрдактуу атуулу наамы менен сыйланган адамдын документтери, төш белгилери сыйланган адам каза болгондон кийин тагынуу, пайдалануу укугусуз анын үй-бүлөсүндө калтырылат. Өлгөн адамдын мураскорлорунун макулдугу менен анын сыйлыктары жана ага документтер музейлерге берилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынан кетип жаткан Кыргыз Республикасынын граждандары, чет өлкөлүк граждандар өзүнө таандык сыйлыктарды жана алардын документтерин алып кетүүгө укуктуу.
Сыйлык белгилерин мыйзамсыз жасап алуу жана тагынып жүрүү, сатуу мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет.
6.Башка жоболор
Куршаб айыл аймагынынАрдактуу атуулу наамына татыктуу болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдаланат.
Куршаб айыл аймагынынАрдактуу атуулу Куршаб айыл аймагынынаймагында төмөндөгүдөй жеңилдиктерди жана укуктарды пайдалана алат:
– Куршаб айыл аймагынынкоомчулугунун ар кандай салтанаттуу жыйындарына ардактуу мейман катары чакыруу менен катышууга;
– Куршаб айыл аймагынын мамлекеттик органдары тарабынан кезексиз кабыл алынууга;
– жашаган жерине атайын белги илип коюуга;
– мүмкүнчүлүккө жараша көчө жана башка аймактарга наам берүүдө эске алынууга.