Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-январы № 7
Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги»муниципалдык биргелешкен ишканасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө”» Мыйзамын жетекчиликке алып, «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын 2017-жылдын 18-январындагы №1 сандуу катындагы кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Куршаб айылдык кеңештин VI-чакырылышынын IV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берилсин .
2. «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын Уюмдаштыруучулар Кеңешинин Жобосун бекитүүгө макулдук берилсин.
3. «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын Уюмдаштыруучулар Кеңешинин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
• Сабытбек уулу Бактыяр - Куршаб айылдык кеңештин төрагасы, Ташиев Алтынбек Аликовичтин ордуна Уюмдаштыруучулар Кеңешинин курамына анын мүчөсү болуп киргизилсин;
• Топоев Алишер Ураимович – Куршаб айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Уюмдаштыруучулар Кеңешинин мүчөсү катарында калтырылсын.
4. «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын Уюмдаштыруучулар Кеңешинин 2016-жылдын 3-декабрындагы отурумунда №1 Протоколу менен кабыл алынган чечимине макулдук берилсин, анын ичинен:
• Муниципалдык биргелешкен ишкананын ишмердүүлүгүндөгү «Өткөл мезгил» 2016-жылдын 1-декабрынан тартып 2017-жылдын 1-апрелине чейин деп белгиленсин.
5. « Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын «Өткөл мезгилдеги» ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү үчүн Куршаб айылдык кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясы ушул токтомдун №1 тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
6. «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын «Өткөл мезгилдеги» ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Жумаевке милдеттендирилсин.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |
Куршаб айылдык кенештин
VI-чакырылышынын IV-сессиясынын
2017-жылдын 27-январындагы №7 Токтомунун
№1 тиркемеси
2016-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилиндеги «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги»муниципалдык биргелешкен ишканасынын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү боюнчаКуршаб айылдык кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясынын
КУРАМЫ
Жумаев Б. – айылдык кеңештин төрагасынын орун басары,
комиссиянын төрагасы
Убактылуу Комиссиянын мүчөлөрү :
Ташиев А. айылдык кенештин финансы,бюджет.экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
Каримов Б. айылдык кенештин турак жай, курулуш.жерге жайгашытруу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
Калыкова А. – айылдык кенештин билим берүү,саламаттыкты сактоо.социалдык маселелер.мадания (каадасалт.дин.тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
Келдибаев К. айылдык кенештин мыйзамдуулук.укук.тарипти чыңдоо.регламент.этика боюнча комиссиянын төрагасы.
Авазов Ч. айылдык кенештин энергетика транспорт байланыш.таза суу.коммуналдык чарба чыңдоо.регламент этика боюнча комиссиянын төрагасы.
Пусуров К. айылдык кенештин айыл чарба.суучарба.мелорация.экология. ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча комиссиянын төрагасы.