Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июну № 5-3
“ Кыргыз-Ата айыл аймагындагы аймактык тескөөчүлөрдүн кылмыштуулук жана укук бузуулар боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө”
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы аймактык тескөөчүлөрдүн кылмыштуулук жана укук бузуулар боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага | К.Назарбаев |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
2017-жылдын 10-июнундагы № 5-3
токтомуна тиркеме
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы аймактык тескөөчүлөрдүн кылмыштуулук жана укук бузуулар боюнча аткарып жаткан иштери
жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, райондук мамлекеттик администрациясынан келип түшкөн токтом-буйруктарды жана башка иш кагаздарын аткаруу менен Кыргыз-Ата айыл аймагында укук тартибин чыңдоо жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча атайын түзүлгөн иш пландын негизинде иш-аракеттер жүргүзүлдү. Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Коомдук алдын алуу борборунун курамы, коомдук уюмдардын, аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар комитеттери, аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлдү.
2017-жыл 5 ай ичинде Аксакалдар соту тарабынан 13 арыз каралып, анын ичинен бирөө Ноокат райондук сотуна жиберилди. Аксакалдар сотунун курамынын ишине колдоо көрсөтүү максатында айылдык кеңештин чечими менен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 35000 сом бөлүнүп берилди.
2017-жыл 5 ай ичинде айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан
-мал уурулук (165-берене) -1 факт;
-уурулук (164-берене) – 1 факт;
-каракчылык 1 факт катталып, баарынын бети ачылган.
Ал эми коомдук жайда коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 11 атуулга Кыргыз Республикасынын административдик жана жоопкерчилик кодексинин негизинде протокол түзүлгөн. Атап айтканда:
-Коомдук жайда спирттик ичимдиктерди ичкендиги үчүн (366-берене) -4;
-майда зөөкүрчүлүк (364-берене) -2;
- денеге жеңил жараат келтирүү боюнча -1.
Кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында жарандардын өздүгүн тактоо жана аларды таанып билүү үчүн 120 кожолук текшерилген, ЖӨИ инспектору тарабынан мектептерде 7 ирет лекция-семинарлар өткөрүлгөн.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин катчысы | Ж. Нурматов |