Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-октябры № 6-1
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 9 айында аткарган иштеринин отчету жөнүндө”
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2017-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына жана 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2017-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча берилген маалыматы жактырылсын(тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
2017-жылдын 28-октябрындагы № 6-1
токтомуна тиркеме
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери
Урматтуу төрага, айылдык кенештин депутаттары жана айылдардан келген мекеме-ишканалардын жетекчилери,
Урматтуу сессиянын катышуучулары !
2017-жыл Республикабызда “Ыйман, адеп жана маданият жылы”, ал эми районубузда “ Мекенди сүйүү ыймандан ” деп жарыялангандыгына байланыштуу бул багытта айыл өкмөтүбүздө атайын токтомдор кабыл алынып, ар тараптуу иш чаралар түзүлүп, көптөгөн иштер аткарылды.
Республикабыздагы жер-жерлерде жүргүзүлгөн иштер катарында биздин айыл аймагыбызда алдыга койгон 9 айлык иш-пландарыбызды толугу менен аткардык. Атап айтканда айыл өкмөтүбүздүн тармактары боюнча белгилей кетсек:
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айында салык жана салык эмес жыйымдардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда алгылыктуу иштер аткарылды. Атап айтсак: 2017-жылдын 9 айында бекитилген бюджеттин киреше жагы трансферттер менен бирге жалпысы 14005,1 мин. сомду түзгөн болсо, аткарылганы 14413,1 мин сомду тузуп, план 102,9 % аткарылды.
Милдеттүү патент 56,9 мин сомго план бекитилип 60,0 мин сомго же болбосо 105,4 % аткарылды.
Киреше салыгы 9 айга 2717, 5 мин сомго пландаштырылып, 1793,0 мин сомго аткарылып 66% түздү.
Ыктыярдуу патент 465,4 мин сомго пландаштырылып, 456,5 мин сомго аткарылып 98 % түздү. Себеби айыл чарба тракторлорунан салык түшкөн эмес.
Транспорт салыгы 1000,0 мин сомго пландаштырылып, 1413,0 мин сомго аткарылып 141,3 % түздү.
Айыл чарба багытындагы жер салыгы 363,5 мин сомго пландаштырылып, аткарылганы 493,9 мин сом болуп 135,8 % түздү.
КБФ нын ижара акысы 410,0 мин сомго пландаштырылып, 685,9 мин сомго аткарылып 167,3 % түздү.
Таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу салык 234,0 мин сомго пландаштырылып, 292,9 мин сомго аткарылып 121,7 % түздү.
1.1. Билим берүү тармагында
Айыл аймагындагы 5 орто, 1 мектеп-гимназия, 1 лицей, 1 башталгыч мектепте 2016-2017-окуу жылында 305 мугалим 3233 окуучуга билим-тарбия беришти а. и . 193 окуучу 11-классты, 251 окуучу 9-классты бүтүштү.
Окуу жылы ичинде областтык олимпиадага 3 окуучу катышкан.
Борко лицейинин 10-классынын окуучусу Абыт кызы Элиза химия сабагынан 2-орунду (мугалими Жунусова Манзура), кыргыз тили жана адабияты сабагынан 11-класстын окуучусу Барнаева Адина 3-орунду (мугалими Асанбаева.Т.) камсыз кылышты. А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Орозали кызы Акжуурат англис тили сабагынан 3-орунду ээледи.
Жалпы Республикалык тестирлөөгө 156 бүтүрүүчү катышып, орточо балл 116 болду.
Жалпы Республикалык тестирлөөдө А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Темиралиева Мээрим 194 балл , Талыпжан уулу Расул 192 балл, С.Токторов атындагы орто мектебинин окуучусу Мустапакул кызы Кулпунай 164 балл, Борко лицейинин окуучулары Мансур кызы Танзилия 192 балл, Апсатар уулу Канат 189 балл, Барнаева Адина 187 балл, Токтоназар уулу Нурпазыл 181 балл, алууга жетишишкен.
Балдар бакчалары.
Айыл аймагындагы 7 балдар бакчасында 473 бала тарбияланып, айыл өкмөтү жана демөөрчүлөр тарабынан ремонт иштери жүргүзүлдү. Атап айтканда «Көтөрмө-Нур» балдар бакчасы стим.гранттын эсебинен 3,0 млн.сомго капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
1.2. Саламаттык сактоо тармагында
Айылдык аймактагы “Кызыр-Ата” айылдык ооруканасындагы
(20 койкага эсептелген), № 10 23, 26-үй-бүлөлүк дарыгерлер топторундагы
5 дарыгер, 55 орто жана 27 кенже медкызматкерлер элге стационардык жана амбулатордук кызмат корсотуп жатат.
Айылдык аймак боюнча ымыркайлардын өлүмүнүн 2016-2017-жылдардын 9 ай ичиндеги көрсөткүчү.
№ | Көрсөткүчтөр | 2016-ж. 9 айы | 2017-ж. 9 айы | + көбөйг. - азайган. |
1 | Тирүү төрөлгөндөр | 448 | 374 | -74 |
2 | Өлүк төрөлгөндөр | 1 | 2 | +1 |
3 | Бардык өлгөндөр | 65 | 64 | -1 |
4 | А.и.14 жашка чейинки өлгөнү | 6 | 6 | - |
5 | А.и.1 жашка чейинки өлгөнү | 6 | 5 | -1 |
6 | Төрөт үйүндө өлгөнү | 3 | 1 | -2 |
7 | Ооруканада өлгөнү | 3 | 5 | +2 |
8 | Анын ичинен аймактык ооруканада өлгөнү | 1 | 2 | +1 |
9 | Ооруканада 1 суткага чейинки өлгөнү | 1 | - | -1 |
10 | Ооруканадан сырткары өлгөнү | - | - | - |
11 | Ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү 1000 төрөлгөн балага | 0.06 | 0.05 | х |
Таблицада көрсөтүлгөндөй, салыштырмалуу өткөн жылга караганда үстүбүздөгү жылда бир жашка чейинки балдардын өлүмүнүн азайышы, анын ичинен ооруканада, 1 суткага жетпей олгон ымыркайлардын санынын азаюусу байкалат (2016-жылда 6 бала, 2017-жылда 5 бала).
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджеттик мекемелерин 2017-2018- жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маалымат
Урматтуу депутаттар жана бүгүнкү сессиянын катышуучулары.
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 9-июнундагы № 151-б буйругуна ылайык, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 2017-жылдын 16-июнунда № 163-буйрук иштелип чыгып, анда кышка даярдык көрүү боюнча 9 кишиден штаб курамы түзүлгөн.Социалдык обьектилерге керектелүүчү электр энергиясы 695 мин квт жана 83 т көмүр отуну боюнча лимит бөлүнүп берилген. Тендерге жарыя берилип “ОсОО Планета групп” 413340 сомго утуп бүгүнкү күндө ар бир мектеп, балдар бакчасына көмүрлөрү түшүрүлүп берилди. Мисалы: Чон-Кыштоо башталгыч мектебине 5 т, Борко лицейи 15 т, Жылдызча-Нур балдар бакчасы 11,5т, Курак-Тектир орто мектибине 17 т, С. Токторов орто мектебине 8 т, Мераж-Нуру балдар бакчасына 7 т, К. Коконбаева балдар бакчасы 11,5 т, Кызгалдак-Ак-Булак балдар бакчасы 2 т, Көтөрмө-Нур балдар бакчасы 2 т, Бөпөмай балдар бакчасына 4 т. Штаб мүчөлөрү тарабынан айыл аймагындагы жалпы социалдык обьектилер текшерилип, күз-кыш айларына карата зарыл болгон запастык бөлүктөр 83900 сомго алып бердик. Ошондой эле Көтөрмө-Нур балдар бакчасын жылытуу системасы ар бир комнатасында өзүнчө батерея болгондуктан, бала бакчаларынын капиталдык ремонтунан кийин көмүр отуну менен жылытууга ылайыкташтырылып жаңыдан (котельный) откана курулду. Бул бала бакчага 7 т көмүр керектелет. Ак-Булак айылындагы жаңыдан ачылган Акылай-Куту балдар бакчасы Республикалык бюджетке өтүп калгандыгына байланыштуу 4т комүр керектелет А. Парпиев атындагы мектеп- гимназиясын жаңыдан бүткөрүлгөн окуу корпусунун жылытуу системасына 20 тонна көмүр керектелет. Жалпысынан жогорудагы үч обьектиге 31 тонна көмүргө акча бөлүп беришиниздер зарыл.
№ | Обьектин аталышы | Тен 2 квт | Аристон 1,5 | Кабель 2х4 мм | Рзека | Натрон | Включатель | Автомат63однаполюс | Табельник 400 А | Предахранитель100А | Предахранитель400А | Предахранитель250А | Рубельник 250А | Автомат 160А |
| Суунасос50мм3фаз | Агна тушитель | Щонгайкаыменен | Печкагараетка | Элпз ремонт | Кабель 1кпв 10мм | Балта | челек | күрөк | Бочка 100метр | Автоматка шит | Кабель410мм | Сухой батерея | Эл движок | |||||||||||||||||
1 | Каримов ом ке | 4 | 10 | 20 | 10 | 10 | 10 | 10 | 1 | 3 | 3 | 3 | - | - |
| - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
| ||||||||||||||||
2 | Борко лицейи | - | - | - | 5 | 5 | 5 | 4 | - | - | - | - | - | - |
| - | 1 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
| ||||||||||||||||
3 | Коконбаева б-б | - | - | 20м | 5 | 5 | 5 | 4 | - | - | - | - | - | - |
| - | 1 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
| ||||||||||||||||
4 | Тажибай о м ке | 2 | 4 | 20м | 10 | 10 | 10 | 10 | 1 | 3 | 3 | 3 | - | - |
| 1 | - | 150 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
| ||||||||||||||||
5 | Мираж-Нуру б-б | - | - | - | 10м | 5 | 5 | 5 | 2 | - | - | - | - | - | - | - | 1 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | 1 | - |
| ||||||||||||||||
6 | Жылдызча-Нур б-б | - | - | - | 6 | 6 | 610 | - | - | - | - | - | - | 1 | - | - | 1 |
| 2 |
| 45м | 1 | 1 | 1 | 1 | - | 1 | 1 | - |
| ||||||||||||||||
7 | Т.Темиралиев омке | - | 4 | 20м | 10 | 10 | 10 | 20 | 1 | 3 | 3 | 3 | - | - | - | - | 1 | - | - | 1 | 70м | - | - | - | - | 6 | - | 1 | - |
| ||||||||||||||||
8 | С.Токторов ом ке | - | - | 20м | - | - | - | 30 | 1 | 3 | 3 | 3 | - | - | 1 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | 30м | - | - |
| ||||||||||||||||
9 | Кызгалдак б-б | - | - | 20м | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | 1 | - | - | - | - | 1 | 1 | 1 | 1 | - | - | 3 | - |
| ||||||||||||||||
10 | Чон-Кыштоо омке | 1 | 4 | 20м | 5 | 5 | 5 | 2 | - | - | - | - | - | 1 | - | - | - | - | - | - | - | 1 | 1 | 1 | - | - | 10 |
| 1 |
| ||||||||||||||||
11 | Кураак-Тектир ом | - | - | 20м | 6 | 6 | 6 | 2 | - | - | - | - | 1 | - | 1 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
| ||||||||||||||||
12 | Көтөрмө-Нур б-б | - | - | - | - | - | - | 2 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
| ||||||||||||||||
13 | Бөпөмай | 1 | 2 | 10м | 4 | 4 | 4 | 4 | - | - | - | - | - | - | - | 1 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
| ||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||
2. Аксакалдар сотунун 2017-жылдын октябрына чейин аткарган иштери тууралуу
Бардыгы 23 иш каралды.
үй-бүлөөлүк жаңжалдар 2: анын ичинен бири жарашылды- Боркодон Калык кызы Кызжибек.
Экинчиси Төө-Моюндан Анарбаев Эркиндин келини Калыбаеванын үй мүлкүн бөлүп бердик.
Акча маселеси боюнча арыздар.
Жер маселеси боюнча 3 арыз өз убагында чечилди.
Биринчи маселе райондук сотко өтөкөрүлдү.
Мас абалда жанжал кылгандарга түшүндүрүү иштери менен эскертүү берилди.
РИИБден келген 7 документке аларды карап эскертүү уяткаруу берилип документтер керектүү жерге жиберилди.
3. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу маданият мекемелеринин 9 айлык аткарган иштери боюнча маалымат
2017-жылдын январь айында аткарылуучу иштер боюнча жылдык иш план түзүлүп бекитилди. Иш пландын өзөгүн “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата ылайыкташтырылып түзүлдү. Кыргыз-Ата айыл аймагында Улуу жеништин 72 жылдыгына карата майрамдык иш чараларды, салтанаттуу кечени өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп, 8-май күнү уюшкандыкта өткөрүлдү. Ал эми 11-май күнү түзүлгөн иш план боюнча, аялдар кенеши менен бирдикте Кыргыздын каада салты жана үрп адаттары боюнча семинар өткөрүлдү. Ошол эле май айында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн борбордук мечитинин ачылуу аземине, айыл өкмөтүбүздүн маданият кызматкерлери жакындан жардам беришти. Ал эми июнь айында “Адеп-ыйман күзгүсү” аялдардын коомдогу орду, адеп-ахлагы туралуу тегерек стол уюштурулду. 1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата “Аалам балдардын көзү менен” балдар бакчаларында асфальтта сүрөт тартуу, бөбөктөрдүн күчү менен даярдалган концерт тартууланды. “Жаны ысым долбоорунун алкагында Түштүк аймагындагы Ош, Баткен, Жалал-Абад областар аралык өткөрүлүүчү “Эл арасы-өнөр казынасы” кароо сынакта областык денгеелде айыл өкмөтүбүздүн тургундары Досбай кызы Мираида, Кылычбек уулу Улукбек жана Султанов Ажибайлар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз-Ата жана Төөлөс айыл өкмөттөрүнүн арасында ыр кесе сынагы уюштурулду.
Ошол эле август айында Кыргыз-Ата айымдары фольклордук тобу “Шайыр апалар” теле сынагына Бишкек шаарына барып келишти. Сентябрь айында айылдык китеп каналар менен бирдикте “Тил көпүрө менен билимге” мамлекеттик тил майрамына арналган мектептерде адабий музыкалык кечелерди өткөрүштү.
4. Кыргыз-Ата айыл окмотундогу айылдык китепкананын 9 айда аткарган иштери боюнча маалымат.
2017-жылы «Адеп.ыйман жана маданият» жылына карата иш пландар тузулуп, иш пландын негизинде томондогу иштер аткарылды.айыл окмотун айылдар арасында « Кел нооруз жергеме» аттуу майрамдык салтанат откорулду. Ар бир айлда 8-март Аялдардын Эл аралык кунуно карата «Эне уйдун куту» аттуу майрамдык салтанат откорулду. 9-май Улуу жеништин 72 жылдыгына карата китеп коргозмолор уюштурулду. 1-июнь буткул дуйнолук балдар кунуно карата «Биздин жандуу гулдор» деген темада майрамдык салтанат откорулду бүбакчаларда.Талантуу комузчу
Ырчы жана обончу Шекрбек Шеркуловдун туулган кунуно карата балдар музыкалык мектептин балдары, комуздун коштоосунда обондуу ырлар аткарылды. Эне тил кунуно карата «Тил тагдыры,эл тагдыры» деген темада тил майрамы откорулду. Биздин максат адептуу,ыймандуу жаштардын колунда деген темада ангемелешуу откорулду.
5. Кылмыштуулук
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, райондук мамлекеттик администрациясынан келип түшкөн токтом-буйруктарды жана башка иш кагаздарын аткаруу менен Кыргыз-Ата айыл аймагында укук тартибин чыңдоо жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча атайын түзүлгөн иш пландын негизинде иш-аракеттер жүргүзүлдү. Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Коомдук алдын алуу борборунун курамы, коомдук уюмдардын, аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар комитеттери, аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлдү.
2017-жыл 9 ай ичинде Аксакалдар соту тарабынан 23 арыз каралып, анын ичинен бирөө Ноокат райондук сотуна жиберилди. Аксакалдар сотунун курамынын ишине колдоо көрсөтүү максатында айылдык кеңештин чечими менен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 35000 сом бөлүнүп берилди.
2017-жыл 9 ай ичинде айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан
-мал уурулук (165-берене) -1 факт;
-уурулук (164-берене) – 2 факт;
-каракчылык 1 факт катталып, баарынын бети ачылган.
Ал эми коомдук жайда коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 21 атуулга Кыргыз Республикасынын административдик жана жоопкерчилик кодексинин негизинде протокол түзүлгөн. Атап айтканда:
-Коомдук жайда спирттик ичимдиктерди ичкендиги үчүн (366-берене) -14;
-майда зөөкүрчүлүк (364-берене) -6;
- денеге жеңил жараат келтирүү боюнча -1.
Кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында жарандардын өздүгүн тактоо жана аларды таанып билүү үчүн 530 кожолук текшерилген, ЖӨИ инспектору тарабынан мектептерде 18 ирет лекция-семинарлар өткөрүлгөн.
6. Дин тармагында
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча “Кыргыз Республикасында динтутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, айыл дк кеңештин чечими менен “Дин боюнча коомдук комитети” түзүлүп, анын жетекчиси болуп, айылдык кеңештин депутаты Жунусов Нурлан шайланган. Аларга дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен бирдикте айыл аймагындагы коомдук тартипти, диний коопсуздукту, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү диний экстремизмден коргоону камсыз кылуу жагы жүктөлгөн.
Бүгүнкү күндө карата биздин айыл өкмөтүндөгү “Орто-Мечит” мечити жаңыдан курулуп бүтүп калгандыгына байланыштуу жума намаздары 2 мечитте окулуп жатат.
Азыркы учурда айыл өкмөтүндө 19 мечит, 3 намазкана бар. “Орто-Мечит” мечити спорт аянтчасы, чайканасы менен бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө” № 203-Жарлыгын турмушка ашыруунун үстүндө тиешелүү адистер айылдарда, мектептерде жана калк арасында улантып келүүдөбүз.
7. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жаштар, спорт туризм комитетинин 2017-жылдын 9 айлык аткарган иштери боюнча маалымат
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жаштар, спорт туризм комитети 2017-жылдын июнь айында ачылды.Ошол айдан баштап бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.Мисалы: айыл өкмөт боюнча 14-35 жашка чейинки жаштардын саны 9200гө жакын жарандар такталууда.Ошондой эле айыл өкмөткө караштуу билим берүү мекемелеринде жаштар уюму түзүлүп, жетекчилери жана мүчөлөрү дайындалып жатат.Окуу жылы башталып мектептердеги жогорку 8-9-10-11-класстардын окуучулары менен эн пайдалуу жана керектүү лекциялар жана жыйындар болуп жатат.Жыйынга райондон МАИ өкүлү жол эрежесин сактоо боюнча, Аскер комииссариатынын өкүлү ата-мекенди коргоп сүйүү жөнүндө, саламаттыкты сактоо бөлүмүнөн өкүл жугуштуу оорууларды алдын алуу боюнча,аймактык тескөөчү кылмыштуулукту алдын алуу боюнча, дин өкүлү диний экстремизмге, терроризмге каршы лекциялар өтүп жатат.
Ал эми маданий иш чаралар боюнча райондо “эл арасы-өнөр казынасы” аттуу конкурс болуп өттү.Конкурска биздин айыл өкмөттөн 25 таланттуу өнөрпоздор катышып 4 өнөрпоз облусттук кароого жолдомо алып алдынкы диплом громаталарды алып келишти.Эми спорт боюнча айтсак Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк майрамына карата өкмөттүн спорт комплексинде айылдар арасында аялдар, эркектер спорттун түрлөрү боюнча мисалы: волейбол, футбол, шахмат оюндары өткөрүлдү.Мелдеш өтө кызыктуу болуп женүүчүлөргө өкмөт тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.
Ал эми дин иштери боюнча айта кетсек айыл өкмөт боюнча 18 мечит катталган
Айыл өкмөттүн борбору Көтөрмө айылындагы “Орто Мечит”башкадан заманбап үлгүдө кайрадан салынып 2017-жылдын май айында ачылышы болуп, ачылыш аземге кыргызстан боюнча коноктор келип мечитибиздин ачылышы болуп, зангыраган “Орто Мечитибиз”жалпы мусулмандарга ибадат кылууга берилди.Ошондой эле мечиттин биринчи кабатында келечек ээлери болгон жаш жеткинчектерге медресе да пайдаланууга берилди.Ошондой эле мечиттин жанына жаш спортчулар үчүн заманбап кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди.Ал эми мамлекетибизде болуп жаткан терс көрүнүшторгө бөгөт коюу максатында, мисалы: экстремизм терроризмге каршы үгүт иштери жүрүп жатат.Мектептердин жогорку класстарындагы жалпы окуучулар менен башкы имам менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Ал эми калган жаштарга ар жума сайын жума намаздарда туура эмес секталарга кирбөө, арам менен адалды ажыратуу, мамлекетибизди сүйүү ыймандан экендигин ар мечиттерибизде керектүү маселелер айтылып жатат.
8. Кызыр –Ата СПА сынын 2017-жыл 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө
Кызыр-Ата СПА сынын 2017-жылдын 1- январына карата ички каналдардын жалпы узундугу 17,05 км. Анын ичинен 5,3 км аралыгы бетон каналдары жана лотоктор, ал эми 11,7 км аралыгын жер каналдары түзүп, 1128 га сугат жер аянтын сугат суу менен камсыз кылат.
Кыргыз-Ата СПАсы 2017-жылдын жалпы өкүлдөр жыйынында жалпысы болуп 726 800 сомго бюджеттин бекиткен болчу. Анын ичинен райондук суу чарба башкармасына 125 703 сом, эмгек акыга 216 000 сом соц казынага 30 656 сом, административдик чыгым, 23 400 сом, транспорттук чыгымдарга 50 150 сом, ички каналдарды оңдоого кеткен чыгым бюджет эсебинен 152 800 сом, ашар жолу менен 54 079 сом, мамлекеттик салык кызматына төлөм, 19 656 сом, каралбаган чыгымдарга 51 428 сом, СПАлар союзунун мүчөлүк акысына 2928 сом каралган болчу.
Ал эми 2017-жылдын 9 айында 377912 сом жыйналып, 52 % аткарылып жатат.
№ | Айылдар | План | Факт | Карызы | % |
1 | Кыргыз-Ата | 186420 | 95340 | 91080 | 48 |
2 | Ак-Булак | 201660 | 89322 | 112338 | 55,7 |
3 | Көтөрмө | 145140 | 80850 | 64290 | 44,2 |
4 | Борко | 143580 | 112400 | 31180 | 21,7 |
| Жалпы сумма | 676800 | 377912 | 236800 | 52 |
2017-жылдын 9 айында жыйналган акча каражатын ичинен чыгымдалганы боюнча токтоло кетсек: райондук суу чарба башкармасына 134800 сом, эмгек акыга 80956 сом, соцфондко 19485 сом, мамлекеттик салык кызматына 10812 сом, транспорттук чыгымдарга 19400 сом, административдик чыгым 13000 сом, ички каналдарды оңдоого 97650 сом, СПАлар союзунун мүчөлүк взносуна чыгымдалып, жалпысы болуп 377912 сомду түзгөн. Мамлекеттик салык кызматынан жана соцфондон болгон карыздарыбыз 2017-жылдын 1-октябрына карата жок.
Анын ичинен Кыргыз-Ата СПАсы райондук суу чарба башкармасы меенен 2017-жылына 125 703 сом келишим түзүп, жыл ичинде 4 млн 890 мин лт же болобосо 160 000 сомдук суу алынып, 132 936 сом төлөндү. 2017-жылдын 1-октябрына карата Кыргыз-Ата СПАсы суудан карызы 26000 болуп чыгып жатат.
Ички каналдарды оңдоого кеткен 120 000 сом ичинен Шамай каналына 2 даана дарбаза кайра калыбына келтирили жана ошол эле каналдын ага кеткен чыгым 18 000 сом, ошол эле Шамай каналыны Токмок-Булак сел канасын 8 жолу техниканын жардамы менен тазалап ага кеткен чыгым 24 000 сомду түзгөн. Сөгөт каналынын Токмок-Булакка кеткен арыктын ичин техниканын жардамы менен тазалап ага кеткен чыгым 6000 сомду түзгөн. Борко 1, Борко 2 суу бөлүштүрүүчү жерлерин калыбана келтирүү үчүн кеткен чыгым 5000 сом түзгөн. Шамай каналынын жанына суу ашырбоо үчүн техниканын жардамы менен 60 камаз шагыл төгүлдү. 2017-жылы Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Сөгөт латогуна 200 000 сом, Борко арыгына 60 000 сом бөлүнүп, техниканын жардамы менен тазаланды.
9. КЫРГЫЗ-АТА ЖАЙЫТ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАР БИРИКМЕСИНИН 2017-ЖЫЛДЫН 9-АЙЫНДА АТКАРГАН ИШТЕРИ ЖОНУНДО
Кыргыз-Ата жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт жеринин жалпы аянты 2017-жылдын 1-январына карата- 4436 ганы түзөт. Кыргыз-Ата жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдагы жалпы комитетинин жыйынында 385000 сомго бюджети бекитилген.
Ал эми 2017-жылдын 9-айында 176140 сомго план аткарылган.
2017-жылдын 9-айында жыйналган акча каражатынан:
- Жер салыгына - 42000 сом
- подоход салыгына 2450 сом,
- айлык акыга 33500 сом,
- соц фондко 12700 сом
- турдуу чыгым учун 17490 сом
Мындан тышкары Ак-Булак айылына караштуу жайыт жолун ондоо учун
18000 сом жумшалды.
Жалпы чыгым - 126140 сом .
Кыргыз-Ата жайыт комитети Кара –Кой жайлоосунда
« Кара –Кой жайлоо бакчасы» уюштурулуп 35 бала тарбияланды.
Балдар бакчасында 2-ай ичинде 2 тарбиячы эмгектенди.
Республикалык жайлоо балдар бакчасынын арасында откорулгон
кароо конкурста 2-орунду алууга жетишти.
АРИС тарабынан спец техника алуу үчүн долбоор жазылып, азыркы күндө тендер өткөрүлүп, экскватор жайыт комитетине келгени жатат.
10. Кыргыз- Ата айыл өкмөтунун өзгөчө кырдаалдар боюнча адисинин тогуз айда аткарган иштери тууралуу
2017-жыдын январь февраль айларында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу бюнча иш чаралар такталып, каржылоону талап кылган жумуштарга сметалар түзүлдү. Ошонун негизинде март айында өткөн айылдык кеңештин сессиясында айыл өкмөттүн бюджетинен Борко айылындагы дыйкандардын 2 га үлүш жерлеринен суу чыгып кеткендигине байланыштуу завир казууга 150 мин сом. Ал эми Куюшкан жар, Жалгыз Өрүк, Бедел-Булак тосмолоруна бадам, кайрагач, жаңгак, тал эгип сел, жер көчкү жана башка табигий кырсыктардын алдын алуу боюнча иш чараларга 200 минсом бөлүндү, Жылдын жаз айларында жамгыр көп жаагандыктан Ак- Булак жана Кыргыз- Ата айылдарынын түштүк тоо тарбындагы жер көчкүсү жүрүү коркунучу бар жерлер Оштон, Бишкектен келген адистер менен биргеликте ордуна барып көрүлдү жана изилднип чыгылды. Ошол жерде жашаган элдер менен жолугушуулар өткөрүлүп түшүндүрү иштери жүргүзүлдү. 12 адамга коопсуз жердеги участкаларына үй салып көчүп чыгуусуна эскертмелер берилди. Быйыл кардын калын жааганына байланыштуу биздин жерлерде сейрек болуучу кар көчкүлөрү түштү. Курагандан түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 50000 куб болду. Кара- Кой жолун тосуп калган кар көчкүнү жана кыйраган электр столбаларын, зымдарын кайра тез арада ондоп түзөө үчүн айыл өкмөттөгү Жарандык коргонуу комиссиясы ӨКМ дин Ноокат райондук бөлүмү менен биргеликте ыкчам- тез жумуштарды аткарды Суу жеп кетүү коркунучунда калган Кураган көпрөсүнүн жээктери бекемделип, 70 мин сомдук жумуштар аткарылды
Жаз, жай айларында Кыргыз- Ата дарыясына суу көп киргендиктен Борко айылынын арал участкасында дарыянын 2км нугу экскаватор менен тазаланды. ӨКМдин техникаларынын жардамы менен Токмок-Булак селканасынын 1500 метри, Ак-Булак селканасынын 1400 метри тазаланды.Кезекте Жастокой сугат каналынын 370 метри тазаланганы турат.
Ак-Булак сел өткөрүүчү сайынын жээгинде жашаган жана сел кырсыгынан жапа чеккен атуулдарга ӨКМ тарабынан 200 даана габион сеткалары берилип сайдын жээктерин бекемдөө жумуштары аткарылды.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү аскер учетун жүргүзүү бөлүмүнүн 9 айлык аткарган иштери жөнүндө маалымат.
2017-жылга окуу жылындагы иш пландан негизинде январь, февраль айы ичинде 2001-жылкы жаш өспүрүмдөрдү алгачкы аскердик каттоого алдык. Өкмөт боюнча 5 орто мектеп бир лицей, бир гимназия жанам 54-кесиптик лицей. 147 бала комиссиядан өттү. Февраль, март айларында чыныгы жана алтернативдик кызмат өтөөгө участкалар боюнча ученияи жүргүзүп апрель, май айларында чыныгы аскердик жана альтернативдик кызматка чакырып жөнөттүк. Ар бир ай сайын аскерге милдеттүүлөрдүн жашаган жери жана ден-соолугу боюнча каттоо жүргүзүлүп райондук аскер комиссариятына билдирүү жөнөтөбүз. Ошондой эле күн сайын келген, кеткен аскерлерге милдеттүүлөргө каттоо жүргүзүп жатабыз. Август, сентябрь айында күзгү аскерге чакыруу боюнча иш план түзүп айыл айыл боюнча аскерге милдеттүүлөрдү жоктоп, сентябрь, октябрь, ноябрь айларында чыныгы аскердик кызматка жана альтернативтик кызматка бөлдүрүп чыктык. Азыркы мезгилде аскерге милдеттүүлөрдү чакырылууда. 2002-жылкы жаш өспүрүмдөрдү алгачкы аскерге каттоо иши бүттү.
СМР жана 25-40 жашка чейинки аскерге барбаган өспүрүмдөр такталып тийиштүү акчаларын төгүп, кызмат өтөп келүүдө. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу, аскерге милдетүүлөргө изилдөө иштерин жүргүзүп аскер комиссариятынан чакыруу барагын таркатып, аскер комиссариятка келүүсүн камсыздап жатабыз. Альтернативдик кызмат өтөп жаткандардан акча каражатын төлөөнүн көзөмөлгө алуудабыз. Жогорудагы иштер күн сайын , ай сайын үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Ноокат райондук аскер комиссарияты тарабынан райондун жаштарын жана мектеп окуучуларын Ата Мекенди сүйүүгө жана аскердик патриоттуулукка тарбиялоо боюнча № 65 токтомун аткаруу максатында Борко лицей, Каримов орто мектеби, Тажибай жана № 54 кесиптик лицейлерде жаштар комитети, имамдар , участкалык инпекторлор менен биргеликте чогулуштар жана талкуулоолор жүргүзүлдү.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн катчысы | Ж. Нурматов |