Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-октябры № 6-3
“ Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-февралындагы № 4-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-февралындагы № 4-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маселени Кыргыз-Ата айылдык кенешинин “Бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо“ боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси” Мыйзамынын 102-беренесине ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-февралындагы № 4-1 токтомундагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркеме тиркелет):
706 - бөлүмдүн 3111 статьясынан - 342953 сом
70921- бөлүмдүн 2222 статьясынан - 67365 сом
3112 статьясынан - 41000 сом
2221 статьясынан - 17640 сом
2224 статьясынан - 20000 сом
704 - бөлүмдүн 2221 статьясынан - 242155 сом
70911- бөлүмдүн 2224 статьясынан - 64800 сом
Жалпысы болуп 795913 сом акча каражаты,
70911-бөлүмдүн 3111 статьясына 795913 сом болуп которулсун.
704 - бөлүмдүн 2221 статьясынан - 70 000 сом акча каражаты,
704- бөлүмдүн 2222 статьясына - 70 000 сом болуп которулсун.
2. Акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин
2017-жылдын 28-октябрындагы № 6-3
токтомуна тиркеме
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-февралындагы № 4-1 токтомундагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр
1. К. Коконбаев балдар бакчасына 45 000 сом
2. Көтөрмө-Нур балдар бакчасына 500 000 сом
3. Жылдызча-Нур балдар бакчасына 300 000 сом
4. Кызгалдак балдар бакчасына 80 000 сом
5. Аксакалдар сотунун кабинетин ремонттоого 45 000 сом
6. Өчпөс От курууга 450 000 сом
7. Жаңыдан ишке кирген мектеп жана балдар бакчасына көмүр сатып алууга 70 000 сом
8. Ак-Булак-Кыргыз-Ата жолун грейдерлөөгө 30 000 сом
9. Ак-Булак жана Борко айылдарына труба сатып алууга 80 000 сом
10. Курак-Тектир айылына көпүрө куруу 30 000 сом
11. Акылай Куту балдар бакчасынын тамак ашына 20 000 сом
Жалпысы: 1650 000 сом
Акылай Куту балдар бакчасы жергиликтүү бюджет эсебине өткөндүктөн спец счеттон 39200 сом тамак ашына каралсын.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин катчысы | Ж. Нурматов |