Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 143
“Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө”
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 19-сентябрындагы отурумунун №21, 2018-жылдын 19-октябрындагы №22 жана 2018-жылдын 30-октябрындагы №25 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Республикалык бюджеттен 2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жоготууларына компенсация түрүндө берилген 25 000,0 (жыйырма беш миллион) миң сом акча каражаты Ош шаарынын 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кабыл алынсын.
2.Республикалык бюджеттен 2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жоготууларына берилген компенсациянын, Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын 6 жана 9-айларынын жыйынтыктары менен ашыкча аткарылуусунун, ошондой эле Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калдыгынын жана Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын аппаратын кармоого каралган акча каражатынын үнөмдөлгөн бөлүгүнүн эсебинен тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
3.Ош шаарынын мэриясына: «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын 2018-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 5 000,0 миң сом акча каражатынын каржы булагын таап, каржылоо жагы тапшырылсын.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2018-жылдын 30-октябрындагы кезектеги XVI сессиясынын
№143 токтомуна тиркеме
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 19-сентябрындагы отурумунун №21 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Республикалык бюджеттен 2018-жылга сатуудан алынуучу салыктын эсебинен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине компенсация түрүндө берилген 25 000,0 миң сом акча каражатынын эсебинен:
Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу:
-4 755 500 сом акча каражатын Кулатов кичи районундагы №6, 8-үйлөрдүн алдыларын асфальтоого, жашылдандырылуучу аянттарын тосууга жана тротуарларына брусчатка басууга;
-4 000,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын жолдорунун чуңкурларынын жамоо иштерине;
-2 529 990 сом акча каражатын шаардагы светофорлордун техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине;
-500,0 миң сом акча каражаты видео байкоо системасын техникалык тейлөө иштерине.
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу:
-1 308 200 сом акча каражатын Кулатов кичи районунун №6,8-үйлөрүнүн алдыларына балдар аянтчаларын курууга;
-78 610 сом акча каражатын Кулатов кичи районунун №6,8-үйлөрүнүн алдыларын түнкү жарыктандырууга;
-4 527 700 сом акча каражатын Ак-Тилек кичи районундагы Кытай Эл Республикасы тарабынан курулуп жаткан оорукананын айланасын тосууга;
-7 000,0 миң сом акча каражатын Токтогул эс алуу багынын тротуарларына брусчатка басууга.
Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасы аркылуу:
-300,0 миң сом акча каражатын Кулатов кичи районунун №6,8-үйлөрүнүн алдыларын жашылдандырууга.
2.Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
-36,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык борбордук китепканасынын шаардагы китепкана тармагында электрондук китепкана түзүү үчүн;
-100,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын Ош почтамт филиалынын Жапалак почта байланыш бөлүмүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык билим берүү башкармалыгы аркылуу Ош шаарындагы №41 Х.Абдуллаев атындагы мектебинин 30 жылдык мааракесине байланыштуу материалдык-техникалык абалын чыңдоого;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарында аймактарды өнүктүрүү жылына карата видео ролик тартууга.
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 19-октябрындагы отурумунун №22 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун эсебинен:
-429 636 сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин иш-чараларына.
2.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун эсебинен:
-1 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эски административдик имаратынын жылуулук системасын алмаштырууга;
-1 000,0 миң сом акча каражаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга;
-2 000,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу, Ош шаарындагы Арек айылындагы ФАПтын курулуш иштерине;
-8 000,0 миң сом акча каражаты «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө.
3.Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
-108,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык билим берүү башкармалыгы аркылуу, Ош шаарындагы №14 К.Алтыбаев атындагы орто мектебине 40 парта 80 стул алууга;
-30,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу Ош шаарынын Крылов көчөсүнүн №50 үйүнүн жашоочусу Х.Мусаевага, Крылов көчөсүнүн №56 үйүнүн жашоочусу М.Туракуловага жана Фурманов көчөсүнүн №49 үйүнүн жашоочусу Д.Халматовага 10,0 миң сомдон материалдык жактан жардам берүү үчүн.
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 30-октябрындагы отурумунун №25 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын аппаратын кармоого каралган акча каражатынын үнөмдөлгөн бөлүгүнүн эсебинен 700,0 миң сом акча каражатын Республикалык деңгээлде Ош шаарында уюштурулган улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү үчүн.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
С.Маматалиева |