Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 7/11
“Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) ички эрежелерин жана 2018-жылдан 2022-жылдарга карата иш планын бекитүү жөнүндө”
Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) ички эрежелерин жана 2018-жылдан 2022-жылдарга карата иш планы жөнүндөгү Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) ички эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
2.Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) же Жайыт комитетинин (ЖК) 2018-жылдан 2022-жылдарга карата иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 2 тиркеме тиркелет).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов. |
Кара-Кулжа А/А
Жергиликтүү кеңештин сессиясында
2018-жылдын “14” июнь
№7/11 токтомуна №1 тиркеме
ЖПБ/ЖКнын ички эрежелери
Мал жайуу эрежелери
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайыт пайдалануучу төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
МАЛ ЖАЙУУ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
Ø Эгерде мал айдоо аянттарына жайылып кетсе , алгачкы жолу ооз эки эскертүү берилет, андан кийин:
Ø Бодо малга биринчи жолу -250 сом, экинчи жолу 500 сом өлчөмүндө айып салынат.
Ø Малда майга биринчи жолу 50 сом , экинчи жолу 100 сом өлчөмүндө айып салынат , эреже бузуу үчүнчү ирет кайталанган учурда , келтирилген зыян эсептелип , иш аксакалдар сотуна же сот органдарына жөнөтүлөт.
а) Жайыт пайдалануучу айып төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Кара-Кулжа А/А
Жергиликтүү кеңештин сессиясында
2018-жылдын “14” июнь
№7/11 токтомуна №2 тиркеме
Кара-Кулжа айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-2022-
жылдаргатүзүлгөн иш планы
№ | Иш чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Ким тарабынан аткарылат | Эскертүү |
1 | ЖПБнын кабинетин ремонттоо | 2018-жыл ичинде | ЖПБ |
|
2 | 1-Май участкасынын тегирменден сулууга чейин сай бойлоп мал айдоого жол салуу | 2018-жыл | ЖПБ |
|
3 | Көк-Жар участкасында көпүрө жоктугуна байланыштуу жол салуу | 2019-жыл ичинде | ЖПБ |
|
4 | Басалды участкасындагы асма көпүрөнү оңдоп түзөө | 2019-жыл ичинде | ЖПБ |
|
5 | Көк –Жар участкасынан Алча участкасына чейин МЧС менен биргеликте жолду ондоп түзөө | 2019-жыл ичинде | ЖПБ |
|
6 | Кичи Угур, Чоң Угур участкасында талаш тартыш жайыттарды Кара-Кулжа айыл өкмөтү менен бирге чечүү | 2019-2020-жылдар | ЖПБ |
|
7 | Миң Жылкы участкасындагы Ылай-Талаа айыл өкмөтү менен талаш жерди жана Сары-Бээ участкасын чечүү | 2019-2020-жылдар | ЖПБ |
|
8 | Балык-Суу, Сурташ, Мактанай, Аппак участкасына чейин мониторинг жүргүзүү | 2019-2022-жылдар | ЖПБ |
|
9 | САМР Ала-Тоо коомдук фондусу менен биргеликте Кара-Шак участкасына пост уюштуруу | 2019-жыл ичинде | ЖПБ |
|
10 | Малчыларга жаан чачындан корголоочу жай куруу (Перевалочная база) | 2019-2020-жылдар | ЖПБ |
|
11 | Техника сатып алуу (Эксковатор) | Мөөнөтсүз | ЖПБ |
|
12 | Жаман-Кыя, Көк-Агын участкаларына жол салуу жана дамба куруу | 2020-2021-жылдар ичинде | ЖПБ |
|
13 | Ветеринардык жай куруу | 2020-2021-жылдар ичинде | ЖПБ |
|
14 | Жасалма жолу менен уруктандыруу шаймандарын жана парода букаларды алуу | 2019-2022-жылдар ичинде | ЖПБ |
|
15 | Боз үй алуу | 2020-2022-жылдар ичинде | ЖПБ |
|
16 | Жайыт акысын топтоону эффективдештирүү | 2019-2022-жыл ичинде | ЖПБ |
|
Кара-Кулжа ЖПБнин башчысы: А.Жумабаев