Загрузка документа…
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-февралы № 62
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 09-февралындагы № 01-25/55 катын аткарууга алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 09-февралындагы № 01-25/55 катындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү кигизүү тууралуу 2018-жылдын 05-февралындагы № 80 токтомун аткарууга алуу жөнүндөгү Райадминистрациянын 2018-жылдын 13-февралындагы №237 катын аткарууга алып айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүчү акыларды бекер кылуу жөнүндө айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Д.Уркуналиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VII- чакырылышынын кезектеги ХV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенти-гинин 2018-жылдын 09-февралындагы № 01-25/55 катынын негизинде базалык реестрге кирген 14 муниципалдык кызматты жана элге берилүүчү тактамалары 2018-жылдын 01-мартынан баштап акысыз берилсин.
2.Айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын Базалык реестри айыл өкмөттүн алдына илинсин.
3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Сейдалиева |
Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин
VII-чакырылышынын кезектеги ХV–сессиясынын
2018-жылдын 24-февралындагы № 62 токтомуна
1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри
№-№ | Муниципалдык кызматтардын аталышы | Муниципалдык кызматтарды стандартташтыруу-га жооптуу ыйгарым укуктуу орган | Кызматтарды көрсөтүүчү муниципал-дык мекеме-лер | Муниципалдык кызматты көрсөтүү-нүн шарттары (акы төлөнүүчү, акысыз) |
1. | Багар көрөрү жок карыларга жана биринчи группадагы ДЧМАларга жылына кышкы сезонго жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | акысыз |
2. | Айыл ичиндеги таштандыларды чыгаруу жана сугат суу, таза суу менен камсыз кылуу | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акылуу |
3. | Аз камсыз көп балалуу үй-бүлөдөгү балдарга жана жалаң беш менен окуган окуучуларга ата-энесинин арызынын негизинде кезектөө шарты жайкы эс алуу лагерлерине жолдомолор менен камсыздоо. | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөт | Акысыз |
4. | Спорт мелдештердин мектеп окуучу-лардын олимпиадаларына катышуучу-ларына транспорт чыгымдарын төлөп берүү же камсыз кылуу. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
5. | Турмуш-шарты оор каза болгондорго жана турмуш-шарты өтө оор үй-бүлө-лөргө материалдык жардам берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
6. | Тоголок жетим балдарга материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
7. | Үй-бүлөнүн курамы боюнча маалымат берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
8. | Жашагандыгы жөнүндө маалымат берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
9. | Малдары жөнүндө маалымат берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
10. | Жакыр үй-бүлөө экендиги жана пособияга маалымдама берүү жөнүндө | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
11. | Салыктан жана ижара төлөмдөрдөн карызы жок экендиги жөнүндө маалымат берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
12. | Турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жардамдардын эсебин алуу | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
13. | КРнын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак-жайды жеке менчикке берүү. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
14. | Жеке турак-жай курулушу үчүн жер участогун берүү. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
15. | Жарандарды жеке турак-жай курулушу үчүн участогуна муктаж катары кезекке коюу. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
16. | Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага же менчикке берүү. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Баасы аукцион же конкурс аркылуу аныкталат |
17. | Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык менчикте турган турак-жайга кирбеген жайларды жана кыймылсыз мүлк обьектилерин менчиктештирүү жолу менен менчикке берүү. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Укук тастыктоочу документтер акысы мамкаттоо башкармалы-гынын баалары менен бааланат. |
18. | Юридикалык жана жеке жактардын суроо- талабы боюнча муниципалдык менчикте турган турак-жайга кирбеген жайларды жана кыймылсыз мүлк обьектилерин пайдаланууга же ижарага берүү. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Баасы аукцион же конкурс аркылуу аныкталат |
19. | Көрстөндөрдөн сөөк коюу үчүн орун берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
20. | Кургак учук менен ооругандарга дарыланууга баруу үчүн жол акысын төлөп берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
Жооптуу катчы: | Д.Уркуналиева |