Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылынын 13-апрелиндеги № 131/20-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 117/16-4
“10 жылдык мөөнөткө акысыз негизде № 9 орто мектебинен турак эмес жайды берүү жөнүндө”
Турусбек уулу Азаматтын 2018-жылдын 11-январындагы кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып жана орто жана кичи бизнести,ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 12-январындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Спорттук секциясын ачуу үчүн 10 жылдык мөөнөткө Токмок ш. 1-кичирайонунун дарегинде жайгашкан №9 орто мектебинен аянты 135 ч.м.бош турак эмес жайын (дискозал) Турусбек уулу Азаматка акысыз негизде берилсин.
2.Бул токтомду Токмок ш. ММБи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так аткарсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |