Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 9.3
«Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 22.09.2018-жылдагы № 11-1234-18 «Ченемдик укуктук актылардын бузулушун» жоюу боюнча берген сунушун кароо жөнүндө чыккан Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким П.Дыйкановдун 2018-жылдын 28-сентябрындагы №299 сандуу буйругун кароо жөнүндө»
Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 22.09.2018-жылдагы № 11-1234-18 «Ченемдик укуктук актылардын бузулушун» жоюу боюнча берген сунушун кароо жөнүндө чыккан Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким П.Дыйкановдун 2018-жылдын 28-сентябрындагы №299 сандуу буйругунда каралган Кооптуу аймактарда жашаган жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүп чыгарууда жана кооптуу аймактарга кайрадан көчүп барып отурукташып алган жарандар менен иш алып барууда талаптагыдай иш жүргүзбөй,бул маселе боюнча Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиялык жана аппараттык жыйындарында берилген тапшырмаларды аткарбай Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндөгү» Мыйзамдарына одоно түрдө бузууга жол койгондугу үчүн Капчыгай айыл өкмөттүн башчысы М.Сатыбалдиевди кызматтан четтетүү боюнча маселесин карап чыгып жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыев Капчыгай айыл аймагынын Терек-Суу айылында кооптуу аймакта жашаган үй бүлөөлөрдү коопсуз аймактарга көчүрүп чыгарууда жана кооптуу аймактарга кайрадан көчүп барып отурукташып алган жарандар менен иш алып барууда талаптагыдай иш жүргүзбөй, бул маселе боюнча Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиялык жана аппараттык жыйындарында берилген тапшырмаларды аткарбай Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндөгү» Мыйзамдарына одоно түрдө бузгандыгы белгиленсин,бирок бул жарандарды мажбурлап көчүрүүгө Капчыгай айыл өкмөттүн башчысы М.Сатыбалдиевдин ыйгарым укугу чектелүү экендиги эске алынуу менен ага кайрадан ишеним көрсөтүлсүн.
2.Капчыгай айыл аймагындагы Терек-Суу айылынын кооптуу аймагында жашап жаткан жарандарды коопсуз жайга көчүрүп чыгаруу боюнча аларга мыйзам чегиндеги баардык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бул маселе боюнча тийиштүү документтерди райондук сотко өткөрүп берүү жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Капчыгай айылдык Кенешинин агрардык,азык түлүк,жер жана жер ресрустары,жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комитетинин төрагасына (К.Кебековго) тапшырылсын.
Төрайымы | П.Сайдилканова |