Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 9.1
«Капчыгай айыл аймагынын «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү планын» бекитүү жана 2018-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» жана «Жайыттар жөнүндөгү» мыйзамдарынын негизинде жана Капчыгай айылдык кенешинин 11.04.2018-жылдагы № 7.1 токтому менен бекитилген бюджетине Жайыт комитетинин торагасы А.Бакашовдун маалыматтарын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл аймагынын «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү планы» бекитилсин.
2. Капчыгай айыл аймагынын бюджетине Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) бюджетинин киреше бөлүгү 121.0 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 121.0.мин сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
3. Капчыгай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) бюджетинен Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетине калуучу 1.3 болугу жайыттарды жана жайыттардын инфракструктурасын жакшыртууга берилсин.
4. Жайыт акыларын толугу менен топтоо, максаттуу пайдалануу жагы Жаыт комитетинин торагасы А. Бакашовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы Капчыгай айылдык Кенешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайымы | П.Сайдилканова |