ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 21-сентябры № 72
“Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-февралындагы №51 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө”
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-февралындагы 51 сандуу токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобого каршы келгендиктен Баткен райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 08-августундагы №11/831-18 каршылык билдирүү талабынын негизинде депутаттар арасында кенири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айылдык кенешинин 2018-жылдын 28-февралындагы № 51 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасы | М.Соорбаев |