Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
2018-жылдын 6-апрели № 13/4
«Бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө”
(Жекенди айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
Жекенди айылдык аймагынын башчысы Н.Акматовдун айыл аймагына караштуу Жекендинин талаасы жана Чек участкаларындагы жер аянттарын бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап,Жекенди айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 13- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагынын башчысы Н.Акматовдун сунушу эске алынсын.
2. Жекенди айыл аймагына караштуу Жекендинин талаасы участкасынын 1956 контурундагы 20 га таштуу жайыт жана Чек участкасынын 1767 контурундагы таштуу жайыт эсебиндеги 17,70 га таштуу жайыт жалпы 40 га жер аянтын «Айыл чарба багытындыгы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын (шаарлардын, шаар тибиндеги поселоктордун жан айылдык калктуу конуштардын) жерлери» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
Эскертүү: Жекенди айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 39 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текст менен дал келбейт.
2. Токтомдун тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Жекенди айылдык аймагынын башчысы Н.И.Акматовго жана турак-жай, коммуналдык маселелер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси Ж.Кожобековго милдеттендирилсин.
3. Жекендинин талаасы жана Чек участкаларынан муктаж болгон атуулдарга турак жай салуу үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жекенди айылдык кеңешинин Агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын башчысы К.Маматбековго тапшырылсын.
Төрага | С.Халилов |