Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-апрели № 11
“ Жалпак-Таш айылдык кенешинин 28.03.2011-жылдыгы “Жалпак-Таш айылдык округунун тургундарынын эгинин,чөп ормосун корука алуу жана зыян келтирилген бодо мал жана жылкы , майда жандыктарга жазана белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүлөрдү жана толктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине таянып Жалпак-Таш айылдык кенешинин 28.03.2011-жылдыгы №5 токтомуна өзгөртүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн жана Жалпак-Таш айылдык аймактын жергиликтүү жамааттын жобосунун негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айылдык кенешинин 28.03.2011-жылдыгы № 5 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн тургундарынын эгинине жана чоп ормосуна зыян келтирген бодо мал жана жылкы майда жандыктарга төмөндөгүдөй жазана белгиленсин.
а) Эгинге зыян келтирсе биринчи жолу шарттуу мал башына 1000 сом өлчөмүндө, экинчи жолу зыян келтирсе келтирилген чыгашага жараша 5000 (беш мин) сомдон жогору жазана алынсын деген сүйлөм эгинге зыян келтирсе биринчи жолу шарттуу мал башына 1000 сом өлчөмүндө, экинчи жолу зыян келтирсе келтирилген чыгашага жараша 5000 (беш мин) сом жазана алынсын деген сүйлөмгө өзгөртүлсүн
б) Чөп ормого биринчи жолу зыян келтирсе эскертүү берилсин, экинчи жолу зыян келтирсе шарттуу мал башына 1000 (мин сом) өлчөмүндө , учунчу жолкусунда 5000 (беш мин) сомдон жогору жазана алынсын деген сүйлөм чөп ормого биринчи жолу зыян келтирсе эскертүү берилсин экинчи жолу зыян келтирсе шарттуу мал башына 1000 (мин сом) өлчөмүндө , учунчу жолкусунда 5000 (беш мин) сом жазан алынсын деген сүйлөмгө өзгөртүлсүн.
в) Эгинге жана чоп ормого зыян келтирген малдардын ээлерине кабар берилгенден же мал ээси малын көргөндөн баштап үч күн аралыгында жазана төлөп алып кетпесе кароолчу мал башына болгон жоопкерчиликтен бошотулат.
2. Корукка байланышкан талаш-тартыштарды жеринде чечүү айыл башчыларга жана аксакалдар сотуна жүктөлсүн.
3. Төмөндөгүдөй пункт менен толукталсын:
-корук мезгили жазгы талаа жумуштары башталып дан эгиндери эгилгенден тартып күзгү оруп жыйыноо иштери аяктаганга чейин экендиги белгиленсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Арынов |