Загрузка документа…
МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-февралы № 6
“Маймак айылына кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 катар сандуу токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” типтүү обонун негизин карап Талас бакубат фондусунан бөлүнүүчү акча каражатын Маймак айылынын тургундарынын 2018-жылдын 15-февралындагы жалпы чогулушунун чечиминин негизинде максаттуу жумшоо багытында Маймак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маймак айылына кичи футбол аянтчасын курууга уруксат берилсин
2. Жогоруудагы аталган курулуштарды куруу үчүн Талас бакубат фондунан жалпы сметалык баасы 3,191823 сом акча каражаты суралсын.
3. 2017-жылдын 15 мартындагы Маймак айыл тургундарынын жыйынынын негизинде Маймак айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн төмөнкү курамдагы демилгелүү топ бекитилсин.
1. Абдраимов Нарбек –топтун төрагасы
2. Нусубалиева Бурулкан Береновна -мүчө
3. Кудайбергенов Джусупбек - мүчө
4. Атчабарова Сулухан - мүчө
5. Ташибекова Айнагуль -мүчө
4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Абдраимовго тапшырылсын.
Төрага | Дж.Кудайбергенов |