Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы № 220 токтомуна ылайк КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген |
Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468, 2016-жылдын 3-мартындагы № 101, 2017-жылдын 7-мартындагы № 143, 2017-жылдын 7-августундагы № 465 , 2017-жылдын 14-августундагы № 480 , 2019-жылдын 13-февралындагы № 52, 2020-жылдын 9-апрели № 198 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Типтүү жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана регионду өнүктүрүү фондунун (мындан ары - фонд) иштөө тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Фонд жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоо, региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча максаттуу багыттагы башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн.
3. Фонддун иши колдонуудагы мыйзамдардын жана Фонддун Уставынын негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Фонд Районду өнүктүрүү фонду жана Облусту өнүктүрүү фонду түрүндөгү юридикалык жактын статусуна ээ.
Облусту өнүктүрүү фонду жана Районду өнүктүрүү фонду мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Районду өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу болуп райондук мамлекеттик администрация эсептелет.
6. Облусту өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет.
7. Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн Казыналыкта бюджеттик жана атайын эсеп ачылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Фонд өзүнүн ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, жергиликтүү коомчулуктун алдындагы отчеттуулук принциптеринде, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун демилгесинин артыкчылыгы, Фонддун каражаттарын максаттуу, рационалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүргүзөт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
9. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
Арыз ээси - Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн конкурска долбоор же бизнес-долбоор берүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
Инфраструктура - коомдун жашоо-тиричилик шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон курулмаларды, имараттардын жана инженердик тармактардын жыйындысы;
Жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо - жергиликтүү коомчулуктун, жашоочулар уюшулган тобунун түздөн-түз катышуусу жана колдоосу менен жергиликтүү деңгээлде көйгөйдү чечүү процесси;
Долбоор - жергиликтүү коомчулуктун катышуусу менен өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштелип чыккан жана конкреттүү максатка жетүү үчүн кабыл алынган милдеттердин, аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
Долбоордук арыз - типтүү форматтын негизинде иштелип чыккан жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын атынан сунушталган долбоордун же бизнес-долбоордун баяндалышы. Билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт, коргоо, жарандардын коргонуу, ошондой эле бизнес-сектору, жалпыга маалымдоо каражаттары жана укук коргоо органдары чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын аймактык мекемелеринин өкүлдөрү Фонддун бюджеттик жана атайын каражаттарынан каржылоо үчүн арыз берүүчү аркылуу долбоордук табыштамаларды иштеп чыгууга жана берүүгө укуктуу;
Долбоорду каржылоо планы - долбоорду ишке ашыруу планына ылайык келген жана транш боюнча долбоорду каржылоонун этаптарын жана тартибин баяндоочу долбоордук арыздын бөлүгү;
Бизнес-долбоор - экономикалык пайда алуу максатында жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө же иштеп жаткан өндүрүштөрдү реконструкциялоого жана модернизациялоого түз инвестицияларды ишке ашыруунун экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн толук баяндоо жана негиздөө, ага долбоордук-сметалык документтер кирет;
жеке өнөк - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган жеке ишкер, юридикалык жак, чет мамлекеттин мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак;
Мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы - ушул Жобонун талаптарынан четтөөлөрдү табуу максатында байкоо жүргүзүүнүн этаптары жана тартиби, ошондой эле Фонддун ишинин натыйжалуулугун баалоо.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Фонддун максаты жана милдети
10. Фонддун негизги максаты шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү коомчулуктарынын жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоо болуп саналат.
10-1. Фонддун милдети болуп шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын негизги артыкчылыктарына ылайык Фонддун финансы каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Фонддун акча каражаттары Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилген долбоорлордун, бизнес-долбоорлордун тизмегине жана жылдык бюджетке ылайык төмөнкү максаттарга багытталат:
1) Фонддун бюджеттик каражаттарынын эсебинен:
- калктуу конуштарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча иш-чараларга;
- жерлерди мелиоративдик жакшыртуу, сугат түйүндөрүн, гидротехникалык объекттерди оңдоо жана калыбына келтирүү иш-чараларына жана жердин абалын жакшыртуу боюнча башка агротехникалык иш-чараларга;
- курорттук-рекреациялык зонаны өнүктүрүүнүн башкы пландарын, деталдуу пландоонун додбоорлорун, калктуу конуштардын шаар куруу документтерин иштеп чыгууга, экологиялык коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыздоого;
- жергиликтүү калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, суу түтүктөрүнүн тарамдарын оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларга;
- облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн биргелешкен долбоорлоруна;
- инвесторлор менен капиталга чогуу катышуу жана/же инвесторлор менен биргелешип каржылоо принцибинде облустарда, райондордо, шаарларда жана айыл аймактарында жаңы ишканаларды ачууга;
- облустун, райондун, шаардын, айыл аймагынын аймактарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга;
- туризмди өнүктүрүү жана эл аралык туризм үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чараларга;
- коомчулуктун муктаждыктарын камсыздоого жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган техниканы жана жабдууну жаңыртууга жана борборлоштуруп сатып алууга;
- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт, коргоо, жарандардын коргонуу, жалпыга маалымдоо каражаттары жана укук коргоо органдары чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын объекттеринин, анын ичинде облус жана район үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ болгон курулушу аякталбаган объекттерди курууга жана оңдоого;
- өзгөчө кырдаал учурунда эпидемиялык жагдайдын пайда болушуна жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларга, бирок региондорду өнүктүрүү фонддоруна келип түшүүчү жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 30 %нан ашпашы керек;
2) Фонддун атайын каражаттарынын эсебинен:
- жөндөмдүү жана таланттуу балдарды колдоого;
- акы төлөөчүлүк, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде көп балалуу жана жаш үй-бүлөлөрдү, бюджеттик уюмдардын жумушчуларын, облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү чакан кредиттик уюмдар аркылуу чакан кредит берүүгө;
- ипотекалык насыялоого, калктын социалдык аярлуу катмары үчүн турак жайдын курулушуна;
- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелеринин, укук коргоо органдарынын, коргоонун, жарандык коргонуунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана ишин колдоого;
- өзгөчө кырдаал учурунда эпидемиялык жагдайдын пайда болушуна жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларга, бирок региондорду өнүктүрүү фонддоруна келип түшүүчү жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 30 %нан ашпашы керек;
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468, 2017-жылдын 7-мартындагы № 143, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52, 2020-жылдын 9-апрели № 198 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Фонддун каражаттарын майрамдык иш-чарларды, юбилейлерди уюштуруу боюнча иш-чараларга, белгиленген ченемден жогору сыйакыларды төлөөгө жана Фонддун максаттарына, милдеттерине ылайык келбеген башка иш-чараларга пайдаланууга жол берилбейт.
4. Фонддун башкаруу органдары
13. Фонддун башкаруу органдары:
1) Жогорку башкаруу органы - Фонддун Байкоочу кеңеши;
2) Аткаруучу органдары:
- Фонддун башкармалыгы,
- Фонддун администратору.
14. Фонддун башкаруу органдарын түзүүнүн тартиби жана алардын иши ушул Жобо менен аныкталат.
4.1. Фонддун Байкоочу кеңеши
15. Фонддун Байкоочу кеңеши (мындан ары - Байкоочу кеңеш) - коллегиялык байкоочу орган болуп саналат, ал ушул Жобого ылайык берилген ыйгарым укуктардын жана функциялардын чегинде Фондго жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ушул Жобонун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышын жана Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын камсыздайт.
Байкоочу кеңештин жыйындарынын протоколун Байкоочу кеңештин катчысы түзөт. Протоколдорго Байкоочу кеңештин төрагасынын же жыйында төрагалык кылган адамдын жана Байкоочу кеңештин жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн колу коюлат. Протоколдордун түп нускасы Байкоочу кеңештин катчысында сакталат.
Байкоочу кеңештин жалпы курамынын жарымынан ашыгы Байкоочу кеңештин жыйынынын кворумун түзөт. Байкоочу кеңештин чечимдери Байкоочу кеңештин жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн добуштарынын көпчүлүгү менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Байкоочу кеңештин жыйынында төрагалык кылган адамдын жана Байкоочу кеңештин жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн колу коюлат. Добуштар тең болгон учурларда Байкоочу кеңештик жыйынында төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
17. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын жыйындарына алмаштыруу укугусуз катышат. Байкоочу кеңештин мүчөсү катышпаса, ал каралып жаткан маселелер боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
18. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши 11ден кем эмес адамдан турат, анын курамы Фонддун уюмдаштыруучусунун чечими менен 3 жылдык мөөнөткө бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468, 2017-жылдын 7-мартындагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18-1. Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген органдын/уюмдун расмий өкүлү мамлекеттик органдын/уюмдун расмий каты аркылуу анын аты-жөнү жана кызмат орду, ошондой эле өкүл алмашкан учурда себебин көрсөтүү менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр киргизилет:
- архитектура жана курулуш иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси;
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- жарандык коргонуу жаатындагы аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү;
- райондун аймагында жайгашкан айыл аймактарынын жана жергиликтүү маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынын төрагалары;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Коомдук байкоочу кеңешинин сунушу боюнча коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы Байкоочу кеңештин жыйынына добуш берүү укугусуз катышат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 465 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Облустун Байкоочу кеңеши 11ден кем эмес адамдан турат, анын курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен 3 жылдык мөөнөткө бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 101, 2017-жылдын 7-мартындагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр киргизилет:
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- экономика иштери боюнча республикалык мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын өкүлү;
- жарандык коргонуу жаатындагы аймактык мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү;
- райондорду өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңештеринин төрагалары;
- райондорду өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңештеринин курамына кирүүчү кеңештердин депутаттарынын ичинен бирден өкүл;
- райондорду өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңештеринин сунуштары боюнча коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байкоочу кеңештин жыйынына добуш берүү укугусуз катышат.
Байкоочу кеңештин жыйыны кворум болгондо мыйзамдуу. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси Байкоочу кеңештин жыйынына катышса, кворум болот.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 465 токтомунун редакциясына ылайык)
22. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23. Байкоочу кеңеш өзүнүн жыйындарына зарылчылык болгон учурда тиешелүү техникалык кызматтарды, эксперттерди жана консультанттарды чакырууга укуктуу, алар жыйынга добуш берүү укугусуз катышат.
24. Байкоочу кеңеш зарылчылыкка жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес чакырылат.
25. Байкоочу кеңешти биринчи жыйындын жүрүшүндө Байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан шайланган Төрага башкарат. Байкоочу кеңештин төрагасы Байкоочу кеңештин уюштуруучулук ишинин маселелерин чечет жана жыйындын протоколун түзүүнү уюштурат. Байкоочу кеңештин төрагасы Байкоочу кеңештин кезектеги жана кезексиз жыйындарын чакырууга укуктуу.
Шайланган төрага жыйынга катышпаса, Байкоочу кеңеш Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен ушул жыйынга төрагалык кылуучу адамды тандайт.
26. Байкоочу кеңештин жыйынын өткөрүү боюнча чечим күн тартибин, өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтүү менен Байкоочу кеңештин жыйынын өткөргөнгө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирилбей кабарлоо жөнөтүү аркылуу Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө билдирилиши керек.
27. Байкоочу кеңештин ишин камсыздоону Фонддун Администратору жүзөгө ашырат.
4.2. Фонддун Байкоочу кеңешинин компетенциялары
28. Фонддун Байкоочу кеңешинин өзгөчө компетенциясы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Фонддун ишинин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын бекитүү;
2) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү жана жакшыртуу долбоорлорун бекитүү;
3) Фонддун кредиттик ишин жүзөгө ашыруу үчүн долбоорлорду тандоо жана бекитүү;
4) коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрүн тандоо, дайындоо жана бекитүү;
5) Фонддун башкармалыгынын төрагасын дайындоо;
6) Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн топторду түзүү;
7) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына аудит жүргүзүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
8) артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин түзүү боюнча тандоонун катышуучуларынын дооматтарын кароо;
9) каражаттардын күтүлгөн келип түшүүсүн эске алуу менен ар бир финансылык жылга карата Фонддун бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгымдарынын сметасын бекитүү;
10) Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
11) Фонддун бюджеттик жана атайын каражаттары боюнча Фонддун чыгымдарынын сметасынын аткарылышы тууралуу отчётту угуу жана бекитүү;
12) жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү үчүн бизнес-долбоорлорду тандоо жана бекитүү.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468, 2017-жылдын 7-мартындагы № 143, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
29. Байкоочу кеңеш ага жүктөлгөн компетенцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Фонддун башкармалыгынан, Фонддун администраторунан жана Фонддун мониторингдик тобунан өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн керектүү болгон маалыматты суратууга;
2) Фонддун башкармалыгы, Фонддун администратору, мониторингдик тобу сунуштаган документтерди Байкоочу кеңештин бекитүүсүнө толуктап иштеп чыгууга кайтарууга;
3) Фонддун башкармалыгынын компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер, адистер, техникалык кызматтар менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө.
30. Байкоочу кеңеш уюштуруучуга отчет берет.
4.3. Фондду уюштуруучунун компетенциялары
31. Фондду уюштуруучу төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
а) Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйындарына катышат;
б) Фонддун башкармалыгынын жыйындарына чечим кабыл алуу укугусуз катышат;
в) Байкоочу кеңешинен жана Фонддун башкармалыгынан Фонддун иши, анын ичинде финансылык маселелер боюнча маалыматты суратат;
г) Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрүн дайындайт жана бошотот.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468, 2016-жылдын 3-мартындагы № 101 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4.4. Фонддун башкармалыгы
32. Фонддун милдеттерин аткаруу үчүн Байкоочу кеңеш Фонддун башкармалыгын (мындан ары - Башкармалык) түзөт.
33. Башкармалыктын мүчөлөрүнүн саны 8 адамдан кем болбошу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Фонддун башкармасынын курамына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн 50%дан кем эмеси кирет. Фонддун башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн 3 жылдык мөөнөткө уюштуруучу бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 465 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Фонддун башкармалыгынын курамына коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү конкурстук негизде тандалат жана Байкоочу кеңештин чечими менен 3 жылдык мөөнөткө бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143, 2017-жылдын 7-августундагы № 465 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
36. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү Фонддун башкармалыгынын курамынан Уюштуруучунун чечими менен чыгарылат.
37. Коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү Фонддун башкармалыгынын курамынан Байкоочу кеңештин чечими менен чыгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 465 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрүн тандоо боюнча конкурс жөнүндө маалымат аны өткөргөнгө чейин 10 күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 465 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен башкармалыктын мүчөлөрүн тандоо ар бир талапкерди талкуулоонун жыйынтыгы боюнча конкурстук негизде Байкоочу кеңеш тарабынан жүргүзүлөт.
40. Коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен Башкармалыктын мүчөлөрүн тандоонун тартиби Фонддун Уставы менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 465 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Фонддун башкармалыгынын төрагасы Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрүнүн ичинен Байкоочу кеңеш тарабынан 3 жылдык мөөнөткө дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Фонддун Башкармалыгынын түзүмүн, курамын Байкоочу кеңеш аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Фонддун башкармалыгынын функциялары жана ыйгарым укуктары:
1) Байкоочу кеңештин, уюштуруучулардын суроо-талабы боюнча Башкармалыктын ыйгарым укуктарынын чегинде Фонддун иши жөнүндө маалыматты сунуштоого;
2) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Байкоочу кеңештин чечиминин аткарылышын камсыздайт;
3) конкурстук негизде арыз ээсинен келип түшкөн долбоорлорду жана бизнес-долбоорлорду тандоо жол-жобосун жүргүзөт;
4) Байкоочу кеңештин кароосуна сунуштоо үчүн рейтингдин негизинде артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин түзөт;
5) акча каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана долбоорлордун жана бизнес-долбоорлордун аткарылышынын натыйжалуулугун баалоо боюнча топтун курамын бекитет;
6) Фонддун акча каражаттарынын пайдаланылышы боюнча Мониторинг планын бекитет;
7) Байкоочу кеңеш жактырган долбоорлордун жана бизнес-долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жол-жобосун камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
43-1. Фонддун Башкармалыгынын жыйындарынын протоколун Фонддун Башкармалыгынын катчысы түзөт. Протоколдорго Фонддун Башкармалыгынын төрагасынын же жыйында төрагалык кылган адамдын жана Фонддун Башкармалыгынын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн колу коюлат, Протоколдордун түп нускасы Байкоочу кеңештин катчысында сакталат.
Фонддун Башкармалыгынын чечимдери Фонддун Башкармалыгынын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн добуштарынын көпчүлүгү менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Фонддун Башкармалыгынын жыйынында төрагалык кылган адамдын колу жана Фонддун Башкармалыгынын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн колу коюлат. Добуштар тең болгон учурларда Фонддун Башкармалыгынын жыйынында төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырышат.
45. Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрүнүн өздөрүнүн милдеттерин аткарууга байланыштуу командировкалык чыгымдарды компенсациялоого жол берилет. Компенсациялоонун тартиби жана өлчөмү колдонуудагы мыйзамдардын жана Фонддун операциялык чыгымдарынын көлөмүнүн чегинде Фонддун Уставы менен аныкталат.
46. Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү өздөрүнүн милдеттерин үчүнчү жактарга бере алышпайт, эгерде бул уставда же Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен каралбаса.
47. Фонддун башкармалыгынын мүчөсүнүн өзүнүн милдеттерин аткаруу мүмкүндүгү дайыма же узак мөөнөткө (алты айдан ашык) болбогон учурда Байкоочу кеңеш же уюштуруучу Фонддун башкармалыгынын жаңы мүчөсүн убактылуу дайындай алат. Фонддун башкармалыгынын убактылуу мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Фонддун башкармалыгынын алгачкы мүчөсүндө өзүнүн милдеттерин аткаруу мүмкүндүгү пайда болгонго чейин же Байкоочу кеңеш же Уюштуруучу Фонддун башкармалыгынын туруктуу мүчөсүн дайындаганга чейин улантылат.
4.5. Фонддун администратору
48. Долбоорлорду ошондой эле бизнес-долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча Байкоочу кеңештин чечимдеринин тийиштүү түрдө аткарылышын Фонддун администратору камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Облустук деңгээлдеги Фонддун администраторунун милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөт.
50. Райондук деңгээлде Фонддун администраторунун милдеттери райондук мамлекеттик администрациянын башчысына жүктөлөт.
51. Регионду өнүктүрүү фондунун администраторунун функциялары жана ыйгарым укуктары:
- Казыналык тутумунда Фонддун бюджеттик жана атайын эсебин ачат;
- долбоорлорду, ошондой эле бизнес-долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу, Фонддун бюджетин жана сметасын аткаруу маселелери боюнча Байкоочу кеңештин чечимдеринин аткарылышын камсыздайт;
- Фонддун атынан арыз ээси менен эки тараптуу макулдашууга кол коет;
- долбоорлорду жана бизнес-долбоорлорду каржылоодо төлөм документтерине кол коюу укугуна ээ;
- арыз ээси тарабынан макулдашуунун шарттары же долбоорду жана бизнес-долбоорлорду ишке ашыруунун жол-жоболору бузулган шарттарда каржылоону токтото туруу укугуна ээ;
- Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйындарына добуш берүү укугусуз катышат;
- Фонддун акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт;
- долбоорлорду жана бизнес-долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Типтүү жобонун талаптарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана подрядчылар тарабынан сакталышы боюнча аракеттерди координациялайт;
- операциялык чыгымдарга Фонддун бөлүнгөн акча каражаттарынын алкагында Фонддун чыгымдарынын сметасын иштеп чыгат жана Байкоочу кеңештин кароосуна жана бекитүүсүнө сунуштайт;
- Фонддун штаттык ырааттамасын түзөт жана Байкоочу кеңешке бекитүүгө сунуштайт;
- Байкоочу кеңештин жыйындарын жана Фонддун Башкармалыгынын жыйындарын уюштуруу боюнча ишти жүргүзөт;
- көз карандысыз аудит үчүн маалыматты даярдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
52. Квартал сайын Фонддун администратору расмий басылмаларда Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө маалыматты жарыялайт, ошондой эле бул маалыматты мамлекеттик райондук администрациянын веб-сайтында жана/же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын сайтында жарыялайт.
53. Фонддун администратору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун акча каражаттарынын сактыгы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчиликти тартат.
54. Ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Өнүктүрүү фондунун администратору отчеттук жылда Фонддун бюджетинин аткарылышы жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлордун, ошондой эле бизнес-долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу отчетту даярдайт жана Байкоочу кеңештин кароосуна сунуштайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Ар бир жылдын башында Фонддун администратору облустун/ райондун социалдык-экономикалык абалын изилдөөнүн негизинде Фондго акча каражаттарынын түшүүсүнүн болжолун даярдайт жана Байкоочу кеңештин кароосуна сунуштайт.
"Байкоочу кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен календарлык планга ылайык Фонддун түшүүчү акча каражаттарынын болжолун республикалык бюджетке киргизүү үчүн тиешелүү эсептөөлөр жана негиздөөлөр менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Ар квартал сайын Фонддун администратору өткөн кварталда бюджеттин сметаларынын пайдаланылышы боюнча отчётту жана кийинки кварталга Фонддун каражаттарынан каржыланган долбоорлордун жана бизнес-долбоорлордун тизмеги боюнча такталган божомолду Байкоочу кеңештин бекитүүсүнө сунуштайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
57. Фонддун администратору өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн мамлекеттик аймактык органдарды тартуу укугуна ээ.
58. Фонддун администратору Байкоочу кеңешке отчет берет.
5. Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду сунуштоонун тартиби
5.1. Долбоорду берүүнүн тартиби
59. Арыз ээси долбоорду же бизнес-долбоорду айыл аймагынын/шаардын тургундарынын артыкчылыктуу демилгелерин табуунун негизинде Фондго сунуштайт жана Фонддун максаттарына шайкеш келген.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
60. Фонддун кароосуна жөнөтүлгөн долбоорду жана бизнес-долбоорду же долбоорлордун тизмегин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Арыз ээси долбоорго карата арызды бул Типтүү жобонун 1-тиркемесинде берилген форма боюнча тариздейт.
61-1. Арыз ээси бизнес-долбоорго арызды ушул Типтүү жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча тариздейт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Долбоордун долбоордук-сметалык документтерин жана башка техникалык документтерди иштеп чыгуунун наркын табыштаманын ээси Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоого долбоордук табыштаманын бюджетине киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
62-1. Бизнес-долбоорлор жана конкурстук тандоо үчүн башка техникалык документтер боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну арыз ээси жеке өнөктөштүн эсебинен каржылайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
63. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 480 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
64. Өздүк кошо каржылоонун болушу же жергиликтүү коомчулуктун долбоорду ишке ашырууга катышышы долбоорлорду тандоодо кошумча кызыктыруучу фактор болуп саналат.
64-1 Арыз ээси жеке өнөктү өз алдынча, тендерди өткөрүү жолу менен тандайт, ошондой эле бизнес-долбоорлорду демилгелөө жөнүндө жеке өнөктөрдүн сунуштарын карап чыгат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
64-2. Жеке өнөктө бизнес-долбоордун наркынын 30 же андан көп пайызын жеке каржылоого банктык кепилдиктин болушу, бизнес долбоорду ишке ашырууга биргелешкен инвесторлордун же башка кызыкдар жактардын катышуусу долбоорлорду тандоодо кошумча дем берүүчү фактор болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоого долбоорлорду же бизнес-долбоорлорду кабыл алуунун чектик мөөнөтү Байкоочу кеңештин чечими менен учурдагы жылдын ичинде экиден кем эмес мөөнөткө белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5.2. Долбоорлорду тандоо
66. Артыкчылыктуу долбоорлорду жана бизнес-долбоорлорду тандоо жана тизмегин түзүү Фонддун Башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Долбоорлорду жана бизнес-долбоорлорду кабыл алуу жөнүндө, ошондой эле долбоорлорду жана бизнес-долбоорлорду тандоону өткөрүүнүн шарттары тууралуу маалымат тандоо башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбей жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Долбоорго жана бизнес-долбоорго карата артыкчылыктуу арыздарды тандоо критерийлер боюнча Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү тарабынан коюлган баллды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
69. Коюлган балл боюнча рейтингдин негизинде Фонддун башкармалыгы долбоорлордун жана бизнес-долбоорлордун тизмегин түзөт, ал Байкоочу кеңештин кароосуна долбоорлорду кабыл алуу токтотулган күндөн тартып 30 иш күнүнүн ичинде сунушталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
70. Байкоочу кеңештин кароосуна сунушталган долбоорлордун жана бизнес-долбоорлордун саны Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Долбоорго карата арыздарга баалоо жүргүзүүнүн критерийлери жана тиешелүү балл ушул Типтүү жобонун 2-тиркемесине ылайык берилген.
71-1. Бизнес-долбоорлорго арыздарды баалоонун критерийлери жана тийиштүү упайлары ушул Типтүү жобонун 6-тиркемесине ылайык берилген.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
5.3. Байкоочу кеңеш тарабынан долбоорлорду кароонун жана бекитүүнүн жол-жобосу
72. Байкоочу кеңеш Фонддун башкармасынан келип түшкөн долбоорлордун жана бизнес-долбоорлордун тизмеси катталган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбей Фонддун каражаттарынан каржылоо үчүн долбоорлорду жана бизнес-долбоорлорду бекитүү боюнча жыйын өткөрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
73. Каржылоо үчүн Фонддун башкармалыгынан келип түшкөн долбоорлорду жана бизнес-долбоорлорду акыркы тандоо боюнча Байкоочу кеңештин чечими Фондго келип түшүүсү күтүлгөн акча каражаттары менен долбоорлордун жана бизнес-долбоорлордун бюджеттерин салыштырууга негизделет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
74. Фонддун Башкармалыгы тарабынан сунушталган тизмени өзгөртүү же долбоорлордун жана бизнес-долбоорлордун артыкчылыгынын рейтингин өзгөртүү үчүн өзгөчө негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
- тандоодо тиги же бул долбоорго жана бизнес-долбоорго коюлган баа менен негиздүү макул болбоо;
- долбоорлорду жана бизнес-долбоорлорду тандоо жол-жобосунун бузулгандыгынын фактылары ырасталса;
- арыз ээси тарабынан арыз берүү жол-жобосунун бузулгандыгынын фактылары ырасталса;
- тандоонун калган катышуучуларынын Байкоочу кеңеш тарабынан канааттандырылган дооматтарынын болушу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
75. Долбоорлордун жана бизнес-долбоорлордун артыкчылыктуу тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим Байкоочу кеңештин жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
5.4. Долбоорду ишке ашырууда арыз ээсинин милдеттери жана жоопкерчилиги
76. Долбоорго же бизнес-долбоорго берилген арыздарды каржылоону Байкоочу кеңеш жактырса, арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- долбоорду ишке ашырууга катышуу үчүн жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоону камсыздоого;
- долбоор боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүгө;
- зарылчылыкка жараша долбоордун же бизнес-долбоордун аткарылышын ЖӨБ органдарынын техникалык көзөмөлдөөсүн камсыздоого;
- долбоорду же бизнес-долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында арыз ээси мониторингдин жыйынтыктарынын негизинде долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө калкка маалымат берет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-мартындагы № 143, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
77. Сатып алууларды жүргүзүү боюнча комиссиянын курамына: ЖӨБ аткаруу органынын башчысы жана адистери, жергиликтүү кеңештин төрагасы жана депутаттары, Фонддун башкармалыгынын төрагасы, долбоордун демилгелүү тобунун мүчөлөрү кирет.
78. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
79. Сатып алуу жол-жоболорунун аткарылышына жоопкерчилик жергиликтүү өз алынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына жүктөлөт.
80. Арыз ээси квартал сайын, ошондой эле долбоор же бизнес-долбоор боюнча ишти аяктоонун жыйынтыктары боюнча Фонддун башкармалыгына финансылык отчётту жана белгиленген форма боюнча долбоорду же бизнес-долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчётту берет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Фонддун акча каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартиби
81. Фонддун акча каражаттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун акча каражаттары болуп саналат.
82. Облусту өнүктүрүү фондунун каражаттары төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) бюджеттик каражаттар боюнча төмөнкүлөрдүн эсебинен:
- алтындын запасы 50 тоннадан ашык болгон кен чыккан жерлерди, ошондой эле салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамга ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги башка пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү күтүүгө чегерүүлөрдүн 50 пайызынын;
- конкурстук объекттин кенин пайдалануу укугун сатуудан жыйынтык баадан жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин бонусун жана наркынын баасын эсептен чыгаруу менен 3 пайызынын;
- айыл аймактарынын жана шаарлардын жерлерине кирбеген жерлерде жайгашкан жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөрдүн каражаттарынын;
2) атайын каражаттар боюнча төмөнкүлөрдүн эсебинен:
- донорлордун жана демөөрчүлөрдүн ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
83. Районду өнүктүрүү фондунун каражаттары төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) бюджеттик каражаттар боюнча төмөнкүлөрдүн эсебинен:
- алтындык запасы 50 тоннадан ашык болгон кен чыккан жерлерди, ошондой эле салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамга ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги башка пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү күтүүгө чегерүүлөрдүн 30 пайызынын;
- алтындын запасы 50 тоннадан аз болгон кен чыккан жерлерди, ошондой эле салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамга ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги башка пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү күтүүгө чегерүүлөрдүн 90 пайызынын;
- конкурстук объекттин кенин пайдалануу укугун сатуудагы жыйынтык баадан жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин бонусун жана наркынын баасын эсептен чыгаруу менен 3 пайызынын;
- кен чыккан жерлери токой фондунун жерлеринин же запастагы жерлердин аймагында жайгашкан пайдалуу кендерди сатуудан чегерилүүчү, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө арналган каражаттарынын;
2) атайын каражаттар боюнча төмөнкүлөрдүн эсебинен:
- донорлордун жана демөөрчүлөрдүн ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
83-1. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр казыналык тутумунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын аккумуляциялык эсептерине чегерилет жана төмөнкүдөй тартипте мыйзамдарда белгиленген ченемдерге ылайык бөлүштүрүлөт: 20 пайызы - тиешелүү айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине жана 80 пайызы - республикалык бюджетке.
Республикалык бюджетке түшкөн 80 пайызды Райондорду өнүктүрүү фонду менен Облусту өнүктүрүү фондунун ортосунда бөлүштүрүү Фонддун Байкоочу кеңеши сунуштаган тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Каражаттардын бөлүштүрүлгөн көлөмдөрү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясынын "Имараттар жана курулуштар" 3111-беренеси боюнча каржыланат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
83-2. Облусту өнүктүрүү фондун жана Районду өнүктүрүү фондун республикалык бюджеттен каржылоо бөлүштүрүү ченемдерине ылайык республикалык бюджетке Фонддун каражаттарын эсептөө күнүнөн тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде сөзсүз артыкчылыктуу тартипте чыгымдардын бекитилген сметаларына жараша белгиленген казыналык жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылат. Фонд бюджеттик каражаттардын негизги башкаруучусу болуп саналып, тандалган долбоорлорду жана бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акча-төлөм операцияларын аткарууда, бөлүнгөн лимиттин чегинде акча каражаттарын сарптоону жүзөгө ашырат. Тиешелүү жылга карата республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген каражаттардын көлөмүнөн түшүүлөр жогору болгон учурда, сметалык дайындоолорду тактоо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
83-3. Фонддун каражаттарын кассалык тейлөө Фонддун берилген билдирүүлөрүнө ылайык каржыланган суммалардын көлөмүндө казыналыктын региондук бөлүмдөрү тарабынан аткарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
84. Фонддун акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
85. Долбоорду жана бизнес-долбоорду каржылоо Фонддун администраторунун атынан Өнүктүрүү фонду менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин атынан арыз ээсинин ортосунда кол коюлган эки тараптуу макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат. Эки тараптуу макулдашуунун типтүү формасы №3 тиркемеде берилген.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
86. Долбоорлор жана бизнес-долбоорлор боюнча төлөмдөрдү мониторингдөө жана контролдоо Фонд тарабынан жүзөгө ашырылат. Фонд сметаларды аткаруу боюнча отчётту белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине сунуштайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468, 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
87. Фонддун каражаттарын максаттуу эмес пайдалануу каржылоону токтотуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине карата чараларды көрүү үчүн негиз болуп саналат.
88. Долбоорду же бизнес-долбоорду каржылоо аларды ишке ашыруунун графиги боюнча аткарылган иштердин актысынын жана подрядчы сунуштаган жана арыз ээси менен макулдашылган, долбоордо же бизнес-долбоордо каралган иштин түрүнө жараша арыз ээси сунуштаган долбоорду же бизнес-долбоорду каржылоо планы боюнча аткарылган транштын актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
88-1. Отчёттук жылдын аягына карата Фонддун эсебиндеги өздөштүрүлбөгөн бюджеттик каражаттар белгиленген тартипте республикалык бюджетке кайтарылат жана отчёттук жылдан кийинки жылы тиешелүү Фонддун каражаттары катары бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Фонддун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо
89. Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг:
- ушул Жободо жана Фонддун Уставында аныкталган эрежелерге жана жол-жоболорго Фонддун ишинин шайкештигине;
- каражаттарды максаттуу пайдалануу шарттарынын сакталышына жана алардын бекитилген пландарга шайкештигине;
- долбоорлорду жана бизнес-долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоого;
- бюджеттик мыйзамдардын жол-жоболорунун жана ченемдеринин сакталышына жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
90. Мониторинг объективдүүлүк, ачыктык жана айкындуулук принциптерине негизделет.
91. Мониторинг жүргүзүү үчүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо тобу түзүлөт.
92. Мониторингдин максаттарына жана милдеттерине жетишүү үчүн мониторингдик топтун мүчөлөрү Фонддун документтерине жана маалыматтарына эркин жетишүү укугуна ээ.
93. Мониторингдин жыйынтыктары отчет түрүндө таризделет, мында мониторингдин жыйынтыктары жана четтөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча рекомендациялар чагылдырылат.
94. Мониторингдик топтун отчету Фонддун башкармалыгынын жыйынында жана Байкоочу кеңештин жыйындарында бир жылда 2 жолудан кем эмес угулат.
95. Мониторинг жүргүзүүнүн тартибин Фонддун башкармалыгы иштеп чыгат жана Байкоочу кеңеш бекитет.
96. Мониторингдик топтун курамына Байкоочу кеңештин, Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 465 токтомунун редакциясына ылайык)
96-1. Бизнес-долбоорду ишке ашыруу арыз ээсинин жана Фонддун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жүргүзүүчү мониторингди жана баалоону камтыйт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Өзгөчө шарттар
97. Фонддун ишин, материалдык-техникалык жабдууну, Фонддун кызматкерлерине акы төлөөнү камсыздоо үчүн операциялык чыгымдарга каражаттарды төмөнкү тартипте бөлүү каралууда:
- 15 млн. сомго чейинки чегерүүлөр үчүн - Фондго келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 7%;
- 15 млн. сомдон жогору 30 млн. сомго чейинки чегерүүлөр үчүн - Фондго келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 5%;
- 30 млн. сомдон жогору чегерүүлөр үчүн - Фондго келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы көлөмүнөн 2,5%.
9. Таламдардын кагылышы
98. Эгерде Байкоочу кеңештин, Фонддун башкармалыгынын мүчөлөрүнүн, Фонддун администраторунун, мониторингдик топтун мүчөлөрүнүн Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоонун алкагында каралып жаткан кандайдыр-бир долбоордо же бизнес-долбоордо жеке кызыкчылыгы болсо, алар тиешелүү маселени талкуулоодо жана кароо учурунда добуш берүүгө катышууда жана ал боюнча чечим кабыл алууда кармануулары керек.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобого 5-тиркеме |
Бизнес долбоорго арыздын ФОРМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Бизнес долбоор жөнүндө негизги маалыматтар 1. Бизнес долбоордун аталышы: | ||||||||||
2. Арыздын берилген күнү: | ||||||||||
3. Бизнес долбоор ишке ашырыла турган айыл аймагынын же шаардын аталышы: | ||||||||||
4. ЖӨБ аткаруучу органдын жетекчиси: (ЖӨБ аткаруучу органдын жетекчисинин аты-жөнү) | ||||||||||
5. ЖӨБ финансы органынын жетекчиси: (ЖӨБ финансы органынын жетекчисинин аты-жөнү | ||||||||||
6. ЖӨБОнун дареги жана байланыш маалыматтары: Байланыш маалыматтары: ЖӨБОнун электрондук почтасы, иш жана уюлдук телефонунун, факсынын номери | ||||||||||
7. Бизнес долбоордун демилгечиси-жеке өнөктөштүн аты-жөнү/аталышы (Жеке өнөктөштүн - бизнес-долбоордун демилгечисинин же жеке өнөктөштүн жетекчисинин - бизнес-долбоордун демилгечисинин аты-жөнү | ||||||||||
8. Бизнес долбоордун демилгечисинин/жеке өнөктөштүн юридикалык же иш жүзүндөгү дареги: - бизнес долбоордун демилгечисинин - жеке өнөктөштүн юридикалык дареги же катталган жери боюнча дареги - бизнес долбоордун демилгечисинин - жеке өнөктөштүн иш жүзүндөгү дареги же жашаган жеринин дареги | ||||||||||
9. Бизнес долбоордун демилгечисинин - жеке өнөктөштүн байланыш маалыматтары: Байланыш маалыматтары: бизнес долбоордун демилгечисинин - жеке өнөктөштүн иш номери, мобилдик телефонунун номери, факсынын номери, электрондук почтанын дареги | ||||||||||
10. Жеке өнөктөштүн башкаруучу командасынын, анын ичинде жетекчисинин, финансылык директорунун, кепилдик берүүчүлөрдүн ж.б. (бар болсо) аты-жөнү: Жеке өнөктөштүн негизги чечимдерди кабыл алууда таасир тийгизүүчү жактардын тизмегин (аты-жөнүн) жазыңыз. Бар болсо | ||||||||||
11. Ушул бизнес долбоордо жеке өнөктөштүн жана тең-инвестордун жеке катышуусунун үлүшүн көрсөтүңүз: | ||||||||||
12. Бизнес долбоордун продуктусун сүрөттөө: Өз продуктуңузду сүрөттөп бериңиз, ушул бизнес долбоордун алкагында эмнени чыгарууну жана сатууну пландаштырып жатасыз: товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. | ||||||||||
13. Бизнес долбоордун демилгечиси - жеке өнөктөштүн жеке катышуусу жана суралып жаткан сумманын өлчөмү жана долбоордун жалпы наркы. Эскертүү: демилгечинин - жеке өнөктөштүн жана башка тең-инвесторлордун катышуусунун минимумдук үлүшү долбоордун жалпы наркынын 30%ын түзүшү керек: | ||||||||||
Ачылган тизмеден өзүңүздүн долбоорго тийиштүү каржылоо түзүмүн тандап алыңыз | Долбоордун жалпы наркы | Анын ичинде, жеке өнөктөштүн жана башка тең-инвесторлордун жеке катышуусунун суммасы | Анын ичинде Фонддон суралып жаткан сумма | |||||||
кошо каржылоо үлүшү | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | |||||||
14. Ушул арыздын 12-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө жеке өнөктөштүн жеке катышуусунун болгонун ырастоочу банктык документтери жөнүндө маалыматтар. Эскертүү: арызды берген учурда жеке өнөктөштүн ушул арыздын 12-пунктунда көрсөтүлгөн жеке катышуусуна тең көлөмдө коммерциялык банкта акча каражаттары депонирлениши керек. Бул болбосо, арыз мындан ары каржылоо үчүн каралбайт: Жеке катышуудан аз болбогон көлөмдө жеке өнөктөштүн эсебинде акча каражаттарынын болушун ырастаган банктык документтин реквизиттери | ||||||||||
15. Бизнес-долбоорду ишке ашыруу узактыгынын пландалган мөөнөтү ай менен: | ||||||||||
16. Ушул бизнес-долбоордун регион үчүн натыйжасынын кыскача сүрөттөмөсү (социалдык, экономикалык, инфратүзүмдүк ж.б.): | ||||||||||
17. Бизнес-долбоордун экономикалык натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү: Бизнес-долбоордун экономикалык натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн жазыңыз: 1. Рентабелдүүлүк индекси (profitabilityindex - PI) 2. 2. Кирешенин ички ченеми (internal rate of return - IRR) 3. Таза наркы (net present value - NPV) | ||||||||||
18. Бизнес-долбоордун тиби: | ||||||||||
II. Бизнес-долбоордун жеке өнөктөштүгүнүн ролу 1. Бизнес-долбоордо жеке өнөктөштүн принциптүү ролу жана милдети: | ||||||||||
2. Жеке өнөктөштүн долбоорлорду/бизнести ишке ашыруу тажрыйбасы: Бизнес чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашырууда өзүңүздүн тажрыйбаңызды баяндап бериңиз: пайданын, сатуунун, иштин географиясынын ж.б. сандык көрсөткүчтөрүн келтириңиз | ||||||||||
III. Долбоордун аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын артыкчылыктуу багыттарына шайкештиги 1. Ушул бизнес-долбоор тармакты өнүктүрүүгө, жалпысынан жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө жана аймактын тармагын, сегментин өнүктүрүү үчүн кандайча маанилүү болуп эсептелет: Сандык жана сапаттык параметрлерди келтиргиле, ошолордон улам сиздин долбоордон жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө жана аймактын тармагын, сегментин өнүктүрүү үчүн түшө турган позитивдүү натыйжаны болжолдосо болот: - конкреттүү тармактын ичинде региондун, сегменттин/сектордун экономикасынын жаңы тармактарын өнүктүрүү; | ||||||||||
- жаңы жумуш орундарын түзүү; - өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу; - жаңы технологияларды тартуу жана киргизүү; - жергиликтүү коомчулук ала турган түз пайдалар; - башкалар. 2. Ушул бизнес-долбоор Региондорду өнүктүрүү фондунун максаттарына жана милдеттерине кандайча шайкеш келет: Фонддун негизги максаты жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү коомчулуктарынын артыкчылыктуу демилгелерин колдоо, жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат, ошондой эле Фонд шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу программаларына ылайык Фонддун финансылык каражаттарын натыйжалуу колдонууну камсыздайт. Демек, бул бөлүмдө сиздин бизнес-долбоор шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында аныкталган өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарына канчалык шайкеш келишин жазып берүү керек. 3. Ушул бизнес-долбоорду ишке ашыруудан регион кандай конкреттүү пайдаларды көрөт: Ушул бизнес-долбоорду ишке ашырууда жетише турган 3төн кем эмес көрсөткүчтөр боюнча регион үчүн пайдаларды жазып бериңиз 4. Бизнес-долбоордун учурдагы абалын жазып бериңиз жана долбоор буга чейин эмне үчүн ишке ашырылбагандыгын баяндап бериңиз: Долбоорду ишке ашыруунун учурдагы статусун жазып бериңиз: продукт боюнча, капиталдык чыгымдар боюнча, жабдуулар жана технологиялар боюнча, рынокко чыгуу боюнча, долбоордун кошо катышуучулары боюнча жана ушул бизнес-долбоорду инвестициялоого алардын даярдыгы боюнча | ||||||||||
IV. Бизнес-долбоордун экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү 1. Бизнес долбоордун жалпы наркы: | ||||||||||
Чыгымдардын аталышы | Чен. бирдиги | Саны | 1 бирдиктин наркы, сом | Чыгымдардын суммасы, сом | Каржылоо булагы (кайсы сумма кайсы булактардан) |
| ||||
Жеке өнөктөш жана башка катышуучулар | Алынуучу каржылоонун эсебинен | |||||||||
Жайлар, имараттар, жер участоктору | м2 | 100 | 1000 | 100000 | 10000 | 90000 | ||||
Жабдуулар жана машиналар | м2 | XX | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Жумуштар | м2 | XX | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Материалдык эмес активдер | м2 | XX | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Башкалар (жазып берүү керек) | м2 | XX | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Башкалар (жазып берүү керек) | м2 | XX | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Башкалар (жазып берүү керек) | м2 | XX | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Башкалар (жазып берүү керек) | м2 | XX | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Башкалар (жазып берүү керек) | м2 | XX | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
БАРДЫГЫ | XX | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | |||||
2. Буга чейин салынган каражаттарын жана келечекте анын эсебинен салына турган каражаттарды эсепке алганда бизнес-долбоордун жеке өнөктөшүнүн катышуу үлүшү: | ||||||||||
Долбоордун жалпы наркына буга чейин салынган жана келечекте салына турган каражаттарды эске алуу менен жеке өнөктөштүн үлүшү кандай болоорун жазып бериңиз | ||||||||||
3. Каржылоонун пландалган мөөнөттөрүндө буга чейин салынган инвестицияларды/кредиттик каражаттарды эске алуу менен кошумча каржылоого бизнес-долбоордун муктаждыгы: | ||||||||||
4. Кошумча каржылоого муктаждыктын суммасынын негиздүүлүгү: | ||||||||||
Чыгымдардын суммасын көрсөтүү менен жеткирүүчүдөн коммерциялык сунуштардын, кызыкчылыктарды билдирүү каттарынын, ошондой эле чыгымдардын наркы боюнча маалыматтардын анык булактарынын бар экендигин көрсөтүңүз | ||||||||||
5. Тең инвесторлордун бар болушу жана алардын бизнес-долбоордогу ролу: | ||||||||||
Өнөктөштөрдүн жана тең инвесторлордун бар болушу, алар жөнүндө маалыматтарды жана алардын бизнес-долбоорго катышуусун/ролун көрсөтүңүз | ||||||||||
6. Жеке өнөктөш, ЖӨБО жана бизнес-долбоордун башка тең катышуучуларынын ортосундагы жазуу жүзүндө таризделген келишимдиктердин бар болушу: | ||||||||||
ЖӨБО жана бизнес-долбоордун башка катышуучусунун ортосунда документ менен ырасталган келишимдик барбы, келишимдиктин деталдарын жазып бериңиз | ||||||||||
7. Жеке өнөктөштүн финансылык жактан камсыз болушун ырастоо: Зарыл болгон учурда каржылоо үчүн камсыздоону көрсөтүү мүмкүндүгү жеке өнөктөштө барбы (кепилдик, күрөө) | ||||||||||
8. Сатуу планы: | ||||||||||
Берененин аталышы | Өлчөө бирдиги | Бардыгы 5 жылдагы саны | Анын ичинде 1-жылы | Анын ичинде 2-жылы | Анын ичинде 3-жылы | Анын ичинде 4-жылы | Анын ичинде 5-жылы |
| ||
Продукт/кызмат 1 | ХХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | |||
Продукт/кызмат 2 | ХХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | X XXX | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | |||
Продукт/кызмат 3 | ХХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | X XXX | Х ХХХ | Х ХХХ | X XXX | |||
Продукт/кызмат 4 | ХХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | X XXX | Х ХХХ | Х ХХХ | X XXX | |||
… | ХХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | X XXX | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | |||
… | ХХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | X XXX | Х ХХХ | Х ХХХ | X XXX | |||
9. Кирешелердин планы: | ||||||||||
| Берененин аталышы | 1 бирдик үчүн наркы | Бардыгы 5 жылдагы саны | Анын ичинде 1-жылы | Анын ичинде 2-жылы | Анын ичинде 3-жылы | Анын ичинде 4-жылы | Анын ичинде 5-жылы |
| |
Продукт/кызмат 1 | Х ХХХ | Х ХХХ | ХХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | |||
Продукт/кызмат 2 | Х ХХХ | Х ХХХ | ХХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | |||
Продукт/кызмат 3 | Х ХХХ | Х ХХХ | ХХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | |||
Продукт/кызмат 4 | Х ХХХ | Х ХХХ | ХХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | |||
… | Х ХХХ | Х ХХХ | ХХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | |||
… | Х ХХХ | Х ХХХ | ХХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | |||
БАРДЫГЫ | Х ХХХ | ХХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
10. Операциялык чыгымдардын планы: | ||||||||||
| Чыгымдар беренесинин аталышы | Бардыгы 5 жылдагы чыгымдар | Анын ичинде 1-жылы | Анын ичинде 2-жылы | Анын ичинде 3-жылы | Анын ичинде 4-жылы | Анын ичинде 5-жылы |
| ||
… | Х ХХХ | 250000000 | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
… | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
… | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
… | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
… | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
… | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
БАРДЫГЫ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
11. Пайданын жана чыгымдардын бюджети: | ||||||||||
| Берененин аталышы | Бардыгы 5-жылда | Анын ичинде 1-жылы | Анын ичинде 2-жылы | Анын ичинде 3-жылы | Анын ичинде 4-жылы | Анын ичинде 5-жылы |
| ||
Жалпы түшкөн каражат | Х ХХХ | 250000000 | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Кызматтын/продукттун өздүк наркы | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Кошумча чыгымдар | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Дүң пайда | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Башка чыгымдар, пайдалар | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Пайда/чыгым | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Пайдага салык | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Таза пайда/чыгым | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
12. Бизнес-долбоордун акчалай агымы жана инвестициялык талдоо: | ||||||||||
| Берененин аталышы | Бардыгы 5-жылда | Анын ичинде 1-жылы | Анын ичинде 2-жылы | Анын ичинде 3-жылы | Анын ичинде 4-жылы | Анын ичинде 5-жылы |
| ||
Акчалай агымдар бардыгы | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Акчанын агып кетиши бардыгы | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Таза акчалай агым | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Кумулятивдик таза акчалай агым | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Дисконттоо коэффициенти | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Дисконттолгон акчалай агым | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | Х ХХХ | ||||
Терминалдык наркы | Х ХХХ | |||||||||
NPV мааниси (келтирилген таза наркы) | Х ХХХ | |||||||||
IRR мааниси (кирешенин ички ченеми) | Х ХХХ | |||||||||
0 | PI мааниси (рентабелдүүлүк индекси) | Х ХХХ | ||||||||
1 | Өзүн-өзү актоо мезгили (жыл) | Х ХХХ | ||||||||
V. Рынокко саресеп 1. Бизнес-долбоордун тармагы, тармагынын сегменти, көйгөйдү сүрөттөө жана канааттануусуна бизнес-долбоор багытталган суроо-талап: - тармактын сегменттерин баяндап бериңиз: өнүгүүнүн негизги тенденциялары, керектөөнүн, суроо-талаптын жана сунуштардын көлөмү - учурдагы көйгөйлөрдү жана сиздин бизнес-долбоор канааттандырууга багытталган, мурда болгон же түзүлүп жаткан суроо-талапты жазып бериңиз | ||||||||||
2. Продукттун рыногун жазып бериңиз: | ||||||||||
ушул долбоордун алкагында өндүрүүгө жана сатууга пландалган продуктуну сүрөттөп бериңиз | ||||||||||
3. Бизнес-долбоордун продуктусунун атаандаштык артыкчылыктарын жазып бериңиз: Рынокко карата сиздин продуктунун 3төн кем эмес атаандаштык артыкчылыктарын жазып бериңиз | ||||||||||
4. Продуктуну илгерилетүү жана сатуу саясаты: Продуктуну илгерилетүү жана сатуу/таркатуу ыкмаларын жана механизмдерин жазып бериңиз | ||||||||||
5. Рынокко карата планда колдонулуучу бизнес-долбоордун болжолдуу көрсөткүчтөрүн негиздөө: Финансылык жана экономикалык эсептөөлөрдүн негиздемелеринде колдонулган аныктамаларды жана ыкмаларды бериңиз, долбоордун иши боюнча тигил же бул болжолдук көрсөткүчтөр эмне үчүн, кандай маалыматтардын негизинде колдонулган ж.б. | ||||||||||
VI. Тобокелдиктерди баалоо 1. Бизнес-долбоорду ишке ашыруу тобокелдиктерин жана алардын долбоорго терс таасирин минимумдаштыруу боюнча сиздин мүмкүнчүлүктөрдү сүрөттөө - долбоорду ишке ашыруунун тобокелдиктерин аныктоо - ушул тобокелдиктердин долбоорго терс таасирин минимумдаштыруу боюнча сиздин мүмкүнчүлүктөрдү сүрөттөп бериңиз | ||||||||||
VII. Бизнес-долбоорду ишке ашыруунун план-графиги 1. Бизнес-долбоорду ишке ашыруунун этаптарын сүрөттөө: | ||||||||||
- сиздин долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптарын аныктаңыз - бизнес-долбоордун ар бир этабын ишке ашыруунун убакыттык "алкактарын көрсөтүңүз | ||||||||||
Жеке өнөктөн | Аты-жөнү |
|
долбоордун жетекчиси | ____________________________________ |
|
|
|
|
| Кол тамгасы |
|
| ___________________________________ | Дата 20___-ж. "___" ______________ |
|
|
|
М.О. |
|
|
|
|
|
ЖӨБО башчысы: | Аты-жөнү |
|
| ____________________________________ |
|
|
|
|
| Кол тамгасы |
|
| ___________________________________ | Дата 20___-ж. "___" ______________ |
|
|
|
М.О. |
|
|
|
| Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобого 6-тиркеме |
Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн бизнес-долбоорду тандоо критерийлеринин жана индикаторлордун ТАБЛИЦАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
Бизнес-долбоордун аталышы: _____________________________________________________
Айыл аймагынын/шаардын аталышы: _______________________________________________
Район: _________________________________________________________________________
Облус: _________________________________________________________________________
№ | Критерийлердин аталышы | Индикаторлорду сүрөттөө | Балл |
Стратегиялык баалоо | |||
1 | Бизнес долбоордун продукту башка өлкөлөргө экспорттоого багытталган | - ички рынок | 5 |
- жарым-жартылай (продукциянын/кызматтардын 40-75% экспортко) | 10 | ||
- толугу менен (продукциянын/кызматтын 75-100% экспортко) | 15 | ||
2 | ЖӨБ жергиликтүү бюджетине долбоордон келип түшүүлөрдүн таза өсүшү | - бир айда 100 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө салыктар жана салыктык эмес төлөмдөр түрүндө ЖӨБ жергиликтүү бюджетине долбоордон келип түшүүлөр өсүүдө | 3 |
- бир айда 500 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө салыктар жана салыктык эмес төлөмдөр түрүндө ЖӨБ жергиликтүү бюджетине долбоордон келип түшүүлөр өсүүдө | 5 | ||
- бир айда 1000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө салыктар жана салыктык эмес төлөмдөр түрүндө ЖӨБ жергиликтүү бюджетине долбоордон келип түшүүлөр өсүүдө | 10 | ||
3 | Жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү | - жергиликтүү калк үчүн 1ден 5ке чейинки жаңы жумуш орундары түзүлүүдө | 3 |
- жергиликтүү калк үчүн 5тен 10го чейинки жаңы жумуш орундары түзүлүүдө | 5 | ||
- жергиликтүү калк үчүн 10дон кем эмес жаңы жумуш орундары түзүлүүдө | 10 | ||
4 | Бизнес-долбоордун аймактык деңгээлдеги маанилүүлүгү | - айыл аймагынын деңгээлиндеги маанилүүлүгү | 3 |
- райондун деңгээлиндеги маанилүүлүгү | 5 | ||
- облустун деңгээлиндеги маанилүүлүгү | 8 | ||
- республиканын деңгээлиндеги маанилүүлүгү | 10 | ||
Операциялык баалоо | |||
5 | Төмөнкү түзүмдө жеке өнөк жана башка тең инвесторлор тарабынан накталай каражаттардын коммерциялык банктардагы салымдарынын болушу | - 30% - жеке өнөк/70% - Фонд | 5 |
- 40% - жеке өнөк/60 % - Фонд | 10 | ||
- 50% - жеке өнөк/50% - Фонд | 15 | ||
- 60% - жеке өнөк/40% - Фонд | 20 | ||
- 70% - жеке өнөк/30% - Фонд | 25 | ||
- 80% - жеке өнөк/20% - Фонд | 30 | ||
6 | Жеке өнөктөштүн ушуга окшош жана башка бизнес-долбоорлорду ишке ашыруунун ийгиликтүү ырасталган тажрыйбасы болушу | - Жок | 0 |
- Бар | 10 | ||
7 | Өндүрүштө жергиликтүү сырьё колдонулат (приоритет - айыл чарба сырьесу) | жергиликтүү сырье колдонулбайт | 0 |
жергиликтүү сырье жарым жартылай колдонулат | 8 | ||
толугу менен жергиликтүү айыл чарба сырьесу | 15 | ||