Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 4
“Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Кγнгѳй айылын ФАП жана мечит куруу γчγн жер аянты ажыратып берγγ жѳнγндѳ”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25- декабрындагы №707 “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн борборунан алыста жайгашкан Катта-тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγнѳн ажыратылган жерден ФАП жана мечит куруу γчγн жер аянтын бөлүп берγγ тууралуу айыл тургундарынын суроо-талаптарын канаатандыруу максатында жана ошол аймакта жашоочу тургундарга социалдык шарт тγзγп берγγ γчγн ФАП курулушу γчγн 700 чарчы метр, мечит курулушу γчγн 1400 чарчы метр жер аянты ажыратып берγγгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳгу Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” жѳнγндагы мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25- декабрындагы №707 “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү жөнүндөгү” токтому менен Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγнѳн ажыратылган жер аянтынын 700 чарчы метр бѳлγгγнѳ ФАП курулушуна, 1400 чарчы метр бѳлγгγнѳ мечит курулушуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде макулдук берилсин.
2 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγндѳ жашоочу айыл тургундарына социалдык шарт тγзγγ максатында бѳлγнγп берилген жер аянтына курулуучу ФАП жана мечит γчγн архитектуралык иш кагаздарын даярдап берγγ жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγндѳ жашоочу айыл тургундарына социалдык шарт тγзγγ максатында бѳлγнγп берилген жер аянтына курулуучу ФАП жана мечит γчγн жерге байланышкан иш кагаздарын даярдап берγγ жагы Ноокат райондук жер кадастры жана кыймылсыз Жаңы-Ноокат айыл аймагыны Катта-Тал айылынын Кγнгѳй бѳлγмγндѳ жашоочу айыл тургундарына социалдык шарт тγзγγ максатында бѳлγнγп берилген жераянтына курулуучу ФАП жана мечит γчγн архитектуралык иш кагаздарын даярдап берγγ жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана мүлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
5 Токомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |